Кадыркул Даутов

КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ

Кадыркул Даутов

Ырасында эле тууган жерден алыста калбаса, аны кайдан «Ата-Энесиндей сагынып», «...аба жарып кыйкырса үнү жетпей», ...«бакма эликтин чаарчыгындай (автордо баласындай – К. Д.) болуп, же «аргасыз асыранды аркар мисал жашап келатса, «Талас» деген бир сөздү угузуп көрчү. Тим эле «...көзү күйүп», «...жүрөгү канап» калат. Мындай сезим жан дүйнөсүнүн бардык тамырларында каны менен кошо ойноп турбаса, жасалмасыз жакшы ырлар кайдан жаралат. Маани-мазмуну жагынан дүйнөдө бир да байлык менен бийлик, бир да өнөр менен сулуулук Ата Журт баалуулугун да, ыйыктыгын да алмаштыра албайт. Жер шарынын кайсы бир жеринде жүрсөң да таанышкан адамың адегенде ата-энеңди сурабайт, тууган жериңди сурайт.

Жогоруда карап өткөн акындын «Аңчылыкта» деген ырынан деле ууга чыккандар кеч олжолорунан отко кактап коюшуп ар кимиси мергенчилиги тууралуу калпы-чыны аралаш ар кыл сөздөрдү бажылдашып айтып оту­рушуп уктап калышканда алардын катарында жаткан акындын түшүнө эмнелер кирди эле? «Асканы шуулдатпай шамал тынды, калптарын шуулдатпай алар тынды. Мен уктап арсак Памир арасында түшүмдө көрүп жаттым ТАЛАСЫМДЫ» – дегени жөн жеринен айтылган эмес экен. Мунун талашсыз чындыгын азыр талкууга алып келаткан ырдын («Таласты сагынуу») аяккы эки куплети ого бетер жылгыс кылып бекемдеп, бар турушунда апачык дааналап көрсөтүп берет.

 

Сүйгөнүн сагынбаган болбойт кызда,

Уясын сагынбаган болбойт кушта.

Ойлосом сагынычта барар күндү

Боргулданам чыпылдап суук кышта.

           Садагасы Таласым...

 

Карыя жаштык кезин эстегендей

Сокурлар соо убагын эстегендей

Таласты дайым эстеп жатам, турам

Ансыз мага көп нерсе жетпегендей...

           Садагасы Таласым...

Кечээ койнунда жүргөндө Ата Журттун артыкчылыгын ушундай бийик баалады бекен? Жакынкынын  баркынын баркы билинбейт. Кыргызда илгертен айтылып келаткандай, «бирөөнүн жери жер болбойт, бирөөнүн  эли эл болбойт» сыяктанат. Болсо да кымбатка турат окшобойбу. Биз аны канчалык жумшартып туюнтпайлы, реалдуу чындыктын жандуу элементтери узакка жашап келе берет экен. Ошол үчүн Расул Гамзатов «Нет мамы, кроме мамы!» десе керек. А. Өмүрканов дал ушул психологиялык татаал шартта катуу санаа­га батып жашап жаткан учурун кагаз бетине туура түшүргөн. Чын эле ошол абалды башынан өткөрбөсө мына бул тариздүү  ырлар кайдан жаралмак:

 

Азап экен алыс жерге барганда,

Эл сагынуу, жер сагынуу арманда.

Чиркин жүрөк учуп турат куш болуп

Кайтарыма аз эле күн калганда.

 

Кармаганбы күндү бирөө кулатпай,

Же уясы кеткен бекен ыраактай –

Күндөр мага жылбагансып көрүнөт

А кусалык ичимди эзет чыдатпай...

 

Суулар дагы куюлууга ашыгат, –

Күндөр эмне жылбай калды батыраак?!

Көптөн бери көрүшө элек айылым

Көздөрүмөн учуп барат чачырап.

 

Азап экен алыс жерге барганда,

Эл сагынуу, Жер сагынуу арманда,

Чиркин жүрөк учуп турат куш болуп

Кайтарыма аз эле күн калганда.

 

Акындын тууган жерди көрчү күнү келгенде жан дүйнөнү жарып чыккан кубаныч алоосу бүтүндөй тулку бойду каптап алыптыр. Ойлогону да, элестеткени да, тезирээк көрүшкүсү келгени да ошол. Андан кымбат, андан кызыктуу, андан жакын эч нерсе жок. Жалаң гана ошону менен жашап турган маалы. Мурда ичте толук ачылууга даярдалып калган күчтөрдүн баары шарт жарылып жарыкка чыгып кетти. Баары нукура чындык, баары мөлтүр сезим ыргактары, жеке гана өзүнө таандык үнү менен көркөм туюнтуу ыкмасы иш-аракетке салган саптар жаңырууда. Мында китеп таасирлеринин жыты да жок. Сезондук партиялык көрсөтмөлөр менен үндөөлөрдүн, же болбосо күндөлүк үгүт жүргүзүүнүн үлп эткен үзүндүсү да, элп эте түшкөн эпкини да сезилбейт. Кайсы тарабынан келип карасаң да ыр, – бүтүндөй эле Памир циклдери да, – жаңы сөз, жаңы поэтикалык ыкмалар менен туюнтуу каражаттарына негизделип курулган (төмөндө булар жөнүндө кененирээк айтылат).

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.