Кадыркул Даутов

КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ

Кадыркул Даутов

Ырас эле тууган жердин өзүнө тартуу күчү ушунчалык зор болсо, мына-мына жолго чыгам деп тынчы кетип ээлигип  турган жаш акындын бүгүнкү ал-аквалы кандай экендигинен да бир ачык кабар алып, эмнесин бүтүрүп, эмнесин бүтүрбөй калды, кайра келеби, жокпу, жолго качан аттанаарын тагыраак да, ачыгыраак да көрүп, билип алышыбыз абдан зарыл. Кылдаттап көз салалычы, акын эмнени айтат, биз эмнелерди көрөбүз. Кыязы, аттанып чыккыдай деле болуп калды өңдөнөт («Кайтарда»):

 

Суу болуп аска таштан кулатылган

Ок болуп кысталышта бир атылган

Келатам, өскөн жерим энеме окшоп

Өзүңсүң арманымды уга турган.

 

Мурдагыдай чыгабы күнүң дагы

Жааның жаайбы дагы эле мурдагыдай?!

Көрсөм экен чөбүңдүн көйкөлгөнүн

Кусалыктан кубардым ыйлагыдай.

Бардык жагынан баам жүргүзүп өтө кылдаттап териштирип бакчы. Бул чакырык ырды кайсы күч, кайсы зарылчылык жаздырып салды. Жаш акын мындагы айтчу сөздөрүн айтпай коюуга таптакыр мүмкүн эместей көрүнөт. Ушул сегиз сап ырда канчалык сүйүү, канчалык бийик баалар, Ата Журттун өзү өмүр бою кыйышкыс биримдик менен тагдырын кармап турганы айтылууда. Баары оозду ачканда эле табигый түрдө токтоосуз шыркырап төгүлүп түшкөн саптардан куралган. Көркөмдүгү жайында, түпкү мааниси оңой менен эскирбейт. Бүгүн да окулат. Кандай доор, кандай учур болбосун Ата Журт идеялары ар түрдүү формада кайталана берет. Эртеби, кечпи, турмушта ар бир адам баштан өткөрчү күтүүсүз-күтүлүү турары эч кандай талаш туудурбасы чын.

Ушинтип, Ата Мекен – киндик кан тамган тууган жерге карай аттанып алган соң, көкүрөк көтөрүлүп, бардык жан дүйнөсүнө өзгөчө күч кирип, жаңы эргүү байлап, тууган жерден башка эч нерсе көзгө урунбай, көңүл бургузбай тим эле учуп келатат. Ал процесстин өзүн бир карап көрбөсөң, көп маанилүү кызыктан куру каласың.

 

Өзүмдө өлбөс баатыр жаны бардай,

Өзүмдө кереметтин баары бардай,

Бийиктикке чыгарбай кулатса да

Бийиктикке чыгуучу өжөр жандай.

 

...Баратам «көк кашкада» зымырылып

Памирим деп, Мургабым деп кыңырылып,

Эшиктеги шуулдаган шамалынан

Кулагыма кумар канбас ыр угулуп.

 

Бийиктикке чыгуучулар кыйналышат

Мен өзүңө чыкканда кыйналгандай,

Ак жол тиле!

                   Мен башкача бийиктикке

Чыгууга кайрат, күчүм жыйналгандай!

Асты атайылап сызылган саптарга өтө сергектик менен бар дитиңди коюп оку. Адегенде кандай эстетикалык асылдык элементтерден курулганын бир-бирден териштирип чык. Сапат деңгээлине көңүл бөл. Ыр табигый түрдө жаралганбы, жокпу, чечилчү маселенин маселеси дал ушунда турат. Анан шуу-шуу кеткен шамалдын татаал полифониялуу музыкалык чыгарманын ар кыл этюддарына айланып баратып кайра тартылып, кайра бөлөкчөрөөк кетип келаткан жүрүшкө айрыкча маани бер. Акындын көркөм сезиминде жүрүп турган асылдык дүйнө күчүнүн кандайча таасири тийип жатканына аралаш. Беш жылдай катаал Памир Мургабынын ызгаарына тоңдуруп, чаң ызгытып бетин туурулткан кара шамалынан да бир жакшылыктуу белгилерди көрсө керек. Акын жүрөгү биринчи кезекте ошонусу менен өзгөчөлөнөт. Узак жолдо туруп-туруп эле «Памирим деп, Мургабым деп кыңырылып» келатканын карабайсыңбы. Баарында акындык жылуу сезим, чыныгы адамдык ак жүрөктүк жашайт.

Мында акыркы «Бийиктикке чыкчулар кыйналышат, мен өзүңө чыкканда кыйналгандай. Ак жол тиле! Мен башкача бийиктикке чыгууга кайрат күчүм жыйналгандай!» (астын сызган мен – К. Д.) – деген куплетти кайрадан дагы бир сыйра окуп чыгып, эң башкы, чечүүчү  мааниге ээ болгон поэтикалык табылгалар акындын өзүнө жаңы ишенич, жаңы дем берип, өзүн-өзү чындап ача билүүгө жол алдырганы болду.

Бул бийиктик жалгыз гана Памир бийиктиги, татаал десе татаал, катаал десе катаал арсак тоолор арасында өмүр сүрүүнүн бийиктиги эмес. Бул – баарыдан мурда башка бийиктикке, чыгармачылыктын бийиктигине «чыгууга кайрат, күчүн жыйнап», өзүнчө ички  даярдыктан өтүп, поэзияга ак дилден, аруу сезим, артыкча жооптуу мамиле жасоо менен жараткан ырларынын үлгүлөрүнөн тартуулап, калганын алдыда жүзөгө ашырчу бирден-бир ыйык милдетине карай ак жол тилеп турган бийиктигине чыкчу эң түпкү ой-максаты.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.