Кадыркул Даутов
КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ
Кантсе да тууган жер, Ата Журт деп санаа тартып сагынып, куса болуп, Памирдин түтөгүн көтөрүп, бетин карартып катырып таштаган ызгыт шамалына чыдап, күн өткөн сайын Таласы түшүнө кирип жүргөн акыныбыз, кубаныч менен тынымсыз жол алып отурган акыныбыз акыры «Алыстан айылга келгенде» биринчи кимдер тосуп алышты, эл кандай экен, эмнелерди көрдүң? Тууган жерде кандай кызыктуу өзгөрүштөр болуптур? Муну да билип коюш сөзсүз кажет:
Мурдагыдай суу агат – комуздай,
Мурдагыдай ай чыгат – томуктай,
Мурдагыдай булбулдар сайрашат
А мени бир ойлоп коюшпай.
Ак тамдар жайнашат – тепкедей,
Аптапты сөз дебей, кеп дебей,
Алмалар шагында салаңдайт
А мени бир дагы эстебей.
Булуттар кайдадыр жылышат
Бей тааныш жаш балдар турушат –
Тааныбай айылдаш агасын
Кайырмак талашып урушат.
Мен келдим алыстан шашылып
Айлымды жүрөккө батырып,
Мурдагыдай күн өтүп жатыптыр
Жаап-жаап, кайрадан басылып...
Турмуш чындыгы, коомдук агымдын ички жана сырткы күчтөрдүн талабынан алгалаш табияты жакшы берилген. Ыр сөзсүз изденүү менен жазылган. Китеп таасиринен (орус сынчылары «книжный поэт» дешет го), аты чыккан акындарды ээрчүүдөн кадимкидей бөлүнүп, өзүнүн индивидуалдуу ойлоо, сезип-туюу жөндөмүн калыптандырып алганы көзгө түшөт. Өзү – өзүнө гана окшойт.
Жаратылыш дүйнөсү баягы эле түзүлүшүндө: кайталанып келип-кетип турчу жазы-кышы, ачы-тогу, күлкүсү-ыйы менен мурдагыдан анча өзгөргөн жери деле жок. Ар ким жай-жайында жеке тиричилиги менен алек. Акындын Тууган жерге, Тууган элге бир жетсем деп эки көзү төрт болуп, эңсөөсү кандай күчтүү болчу. Ооба, аман-соо келип да алды. Айылында деле турмуш агымы кадимкидей жолунан чыкпай улантылып жатыптыр. Акындын келиш-коюшу деле эч нерсеге таасирин тийгизген жок. Ар бир кыбыраган тирүү жан өзү менен өзү. Эс тарткандан тааныш Аалам кыймылы да мурдагы абалында көрүнөт. Бири түн түшүрүп, бири дүйнөгө жарык чачып, куштары сайрап, мөмөлүү бактары жайнап турушат. Ошондогу тунук суудан ичип, таза абасынан дем алууда. Бир гана көзгө көрүнөрлүк жаңылык – алдында ...«бейтааныш жаш балдар турушат». Жөн эле эмес, «тааныбай айылдаш агасын, кайырмак талашып урушат». Көрсө, бул аралыкта жаңы муун, жаңы толкун пайда боло баштаптыр.
III
Улуу турмуш агымы көп салаалуу, көп кырдуу, көп тамырлуу түзүлүштү өтмөкатыштыкка салып жүрүшүн улантуу менен, өзү да ошолордон куралып, толукталып алга жылууда болот. Анатай Өмүрканов да «Мөлтүр сезиминде» ошол процесстин ичинде келет. Ал жаратылыш көрк-байлыгын сактап калууга, Ата Журт улуулугу менен ыйыктыгын калың калайыкка жеткирүү кандай зор милдет экендигин жүлүнүн сыздатып, жүрөгүн өрткө салып безенип ырдап өттү. Дагы кайталанат, бүтпөйт.
Тууган жерден бөлүнүп, алыста жалгыз жашап калуу кандай оор азап болорун жети кабат желке терисин сыйрытып сыноодон өткөздүргөн чындыктай кан-жаны менен далилдеп берди. Күчтүү дух, бийик көңүл гана бийиктикти эңсейт. Адамдык парзын баарынан жогору коюп, ошону таза аткарууга болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап таза күрөш менен жашап өтөт. Бул жагын эртең улантчу турмуш жолу менен чыгармачылык жолу дагы көрсөтөр...
Баятан бери айтылгандарды дагы конкреттештирип, дагы кеңите түшөлү десек, акындын башкачараак темада жазылган жана бир ырына кайрыла кетели. Ырды ошол эле Мургаптын ызгаарына тоңуп жүрүп жаратыптыр. Реалдуу турмуштун – реалдуу көрүнүшү. Койчуман иниси Каныбекке арналыптыр. «Памирден кат» деп аталат. Анда чындап окудук. Конкрет эстетикалык талдоого алынчу предметтин өзүн колго алып далил-мисалдар менен сөз жүргүзбөсөк, абстрактуу түрдө айткандарыбыз эч кимге жетпейт, ачык түшүндүрө да албайт. Ыр кетти:
Жан сыяктуу жашагандан тажаган
Шашкалактап шамал ташка урунат.
Анын үнү койго жетпей кыйкырган
Сенин үнүң сыяктанып угулат.
Быйыл бизде башкачараак кыш болуп
Суук-суук, кийик тоңуп, куш тоңуп,
Бул аязда эмне болдуң экен деп
Эртели-кеч эстей берем бук болуп.