Кадыркул Даутов

КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ

Кадыркул Даутов

 

Ушул жерден бир айланчыктап алалы. Адегенде эле көзгө түшчү жагы: акындын психологиялык оор жана татаал шартта калган абалы туура кармалып, кагаз бетине таамай түшүрүлгөнү. Каралчу объектинин өзү маани-мазмунуна жараша башкачараак форманы, ошонун ичинде оригиналдуу туюнтуу ыкмалары менен каражаттарын табууну талап этип турчу кырдаал түзүлчү учурга абдан ылайыкталып коюлган.

Акын өзүн-өзү ичкертен ачып чыгууда. Психологизм тереңдөөгө жакшы жол алды. Кистиси кылдат ойногон реалист художник ачылып келатат. Ассоциациялык ыкмаларга салып көркөм образдар менен ойлоп жазуу, анын өздүк стилине айланууда. Мындай сапат профессионал адабиятта гана болот. «Демди кысып жарым карыш бас­тырбай, кадамыңды карагыча кайрылып, шамал жалмап издериңди таптырбай» турган Памир суугу, «жан талашып зымырап келип ташка урунган шамалдын үнү... Койго жетпей кыйкырган инисинин үнү сыяктанып угулса», ...Мургаптын «суук-суук болуп, кийик тоңуп, куш тоңуп» турган аязда ...«эмне болдуң экен деп эртели-кеч эстей берем бук болуп» менен эт, жүрөгү кантип эзилип, бир бооруң канчалык жакын болорун мындай кыйын шартка туш келбесе ушунчалык жакындан билет беле?

Акындын ар кыл катуу ойлорго салып, түн уйкусун, күн тынчын алып, ичинде сакталып келаткан сөздөрү али айтылып бүтө элек. Дагы бар, аягына чейин укпасак таптакыр болбойт, улантсын, ырастап назар салууга өтөлү:

 

Күн ачылса менин көңүлүм ачылып

Күүгүмдөнүп күн бүркөлсө тумчугуп –

Эч нерсеге көөнүм келбей, түшүмдө

Сенин коюң кайрып жүрөм кыйкырып.

 

Көңүлгө албай анча-мынча илдетти,

Мен да аткарып жүрөм кыйын милдетти.

Өзүңө өзүң ишенгендей ишенем

Сен эмессиң ишеничин замандын

Аткаралбай көңүлүмдү кирдетчү.

(12-бет). 

 

Биринчи куплеттеги асты сызылган эки сап логикалык, маанилик жагынан алганда алардын алдында айтылган ойлорду дагы чыйралтып, дагы тереңдетет. Памир ызгаары канчалык күчөгөн сайын, акын койчуман инисине ошончолук жакындап, анын кычыраган кышта көргөн оор түйшүгүн кошо тартышып жатпаса, түшүндө кыйкырып койлорун кайрып жүрмөк беле. Бул – бир туу­ган инисин кайра-кайра эске сала берип, ой-санаанын түбүнөн чыгалбай калган учурда түшүнө бузулуп кирген реалдуу турмуш элестеринен эле бир көрүнүш.

Айтылгандар айтылбаган соң, көргөн түш дегениң түш бойдон гана калат экен. Азырынча ишти ойлогондой чече коюшка эч кандай шарт жок. Экөө эки жерде кыйынчылык тартып турушу – эл милдетинен, заман милдетинен, мойнуна тагылган адамдык карызынан да кутулуп жатышканы. Жоопкерчилик деген түшүнүк ал кезде сөзсүз түрдө аткарылчу тапшырма, ыйык ант катары бааланганын да эске алышыбыз зарыл. Ошол үчүн акын койчуман инисине дем берип, «Сен эмессиң ишеничин замандын аткаралбай көңүлүмдү кирдетчү» – деп чыдамдуулукка чакырык таштап, туруктуулукка үндөп жатат. Анча-мынча болсо да агасынын турмуштук тажрыйбасы артыгыраак эмеспи. Оң таасирин тийгизбей  коюшу мүмкүн эмес чыгар.

Анатай Өмүркановдун чындап жасаган ачылышынын бири – «Жазында жашылы жок, жыты жок», «булактын шылдыраганы, ...жалбырактын шуулдашы угулбаган, жайдыр-кыштыр тоонун түсү бозоруп, гүлдөр өспөгөн, дарак жок» жерге келип өзү айткандай шамал менен кармашып жетилген акын эмчектеш, кандаш иниси алыста калганда өзүнө ушунчалык жакын, ушунчалык кымбат болорун так ажыратып, даана түшүнүп алууга жетишкени. Эгерде күндө көрүшүп чогуу жашап жүрсө, койчу инисине артыкча боор толгоп ичтен сыздап отуруп, ага атайылап мындай жандуу ыр арнап жазалат беле, жокпу, ким билет...

Акындын Мургапта өткөргөн беш жылдай өмүр жолу, жашоо шарты, жыйналган турмуштук, чыгармачылык тажрыйбасы, анын бүтүндөй аң-сезимине, көркөм образ менен ойлоо жөндөмүнө, жалпы эле маданий дүйнөсүнүн кеңейишине канчалык даражада жаңылануу киргизгенин кадимкидей таанып-билип калдык го дейм. Мында аралыктын алыстыгы менен табияты катаал тоолордо күн өткөрүүдөн тарткан кыйынчылык акындын чындап ачылып чыгышына себепчи да, түрткү да болуп жатканына өзгөчө маани берип, атайылап белгилеп өтүүгө тийишпиз.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.