Кадыркул Даутов
КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ
Бул маселеде акыркы сөз: орус классик адабий сынчылары нукура зарылчылык алып чыккан иш-аракеттеги жандуу пафос «душа произведения» дегендей, токтолбос күч жиберип сүрөмөлөп турбаса оттуу чыгарма да жаралбайт. Ошол от Алыкул Осмоновдун жүрөгүнөн түшпөй жагылып жүрдү. Дал мына ушул үчүн И. Шиллер пафосту «господствующий строй чувств» десе, В. Белинский «это живая страсть» – «жандуу кумар» – деп жарыялап чыгышканы менен кабарың бардыр.
Ал эми өзүнө өзү чындап кирелек жаш акын Анатай Өмүркановдун «Душманга сыры» эч кандай алоолонуп от алып, башкалардын ой-сезиминен орун таап, аларды ээрчитип кетпегени – ысык-суугу таасирсиз тек гана бир шилтенип кеткен иллюзиялык типте куруп алган келечексиз тажрыйба болуп кала берет. Чын-чынына келгенде азыраак убак өткөндөн кийин автордун өзүнө деле жакпай калса керек. Анткени, азыр эле аны менен кан-жаны аралашпай жасалма сүйүүдөй болуп жашап турат. Ыр бир гана окулат. Урук таштап, тамыр жайдырчу кыртыш көрүнбөйт. Балким келечекте пайда болор.
Сөзгө тартылган ырлардын эң жакшы делгени араң ортого жетет. Албетте, жарк эте түшкөн айрым саптар менен бирин-экин делген куплеттер сөзсүз түрдө учурайт. Бирок, алар толук бүткөн чыгарманын тагдырын чечпейт. Жаш талапкердин тагдыры кандай болору эртеңки күндөрдөн күтүлөт. Карап көрүш керек. Процесс токтолгон жок, токтолбойт да. Жаш акын дагы эмнелерге жолугуп, эмнелерди көрөт? Студенттик кызыктуу доору, жашоо шарты кайталанбайт. Чөйрө өзгөрөт. Илим-билим, көркөм адабият менен искусство асылдык дүйнөсүнөн үзгүлтүксүз азыктанып туруш жагы кандай болору белгисиз. Азырынча өзү деле ачык билбейт. Анткен менен, жалгыз гана артыңа кайтарбас жолуң бар: жаңы турмуш баскычына аттанасың. Сени зор үмүт, коомдук милдет (түзүлүштүн тапшырмасы), эрдик жасоо, акындык фантазия, кызыктуу экзотика дүйнөсү өзүнө тартып баратат.
II
Бир жагынан, улам кайталанып айтылып келаткан жаш акындын тилеги менен фантазиялык эңсөөлөрү, экинчи жагынан, ошол кезде жогорку окуу жайларын бүткөндөн кийин профессионал адистер кемде-кем гана барып калышчу жаратылыш шарты абдан катаал, жолу азаптуу, кышы узак жактарга бери дегенде сөзсүз түрдө эки жыл иштеп келип, анан дипломун алдырчу өкмөттүн ичкертен жиберчү тапшырмасы менен аны күүгө салчу комсомолдун деми Анатай Өмүркановду колуна буйрукту карматып ырааккы Памир тоолоруна карай сапар тарткызды. Көзүңдү албай кошо жыл:
«Кулагымда мотор үнү дүр-дүр доошун баспай, тасмага окшоп тасырайып карарат жол». ...«Жүргүм келет жүк көтөрүп алыс жерде мезгилимен бирде калып, бирде озуп». Дагы бирөөсү менен «Ыр жаздырып жашай берет күлкүң менде», – деп коштошуп, жакшы мүдөө менен аттанып алып Алай тоолорун аралап, бийик ашууларын ашып келип асман тиреген П а м и р тоолоруна өткөнү кантип биринчи жолу көрүп бараткан жаш акындын туюу, угуу, суктануу, чочулоо, таңдануу, жаратылыш сүрөтүн элестетүү, образдуу ойлоосун жандандырбай койсун!
Эгерде табиятынан чыныгы акын болсо, ошол шарт, ошол көрүнүштөрдү бир кызыктуу формага салып тартып алган жандуу сүрөтү да бардыр. Мына ошону астейдил көңүл буруп карап чыгыш керек. Болгондо да Памир дүйнөсүн биринчи жолу кагаз бетине түшүрүп жатканы. Албетте, андай көркөм сөз менен тартылган картина жөн эле фото көчүрмөгө айланууга тийиш эмес. Реалдуу чындыкка биринчи урунуу, биринчи таасир, биринчи ыр, биринчи кабыл алуу. Ошол үчүн узунураак болсо да мисал толук келтирилет. Мында жаш акындын бирөөлөрдү ээрчип, туурап кетүүсүнө да мүмкүнчүлүк болбойт. Себеби, буга чейин ал көркөм чыгармага объект болуп берген эмес. Ушундан поэтикалык жаңы дүйнө ачып алса өзүнүн табылгасы болот. Дагы бир керектүү жери: потенцияда козголбой турган талант корлору иш-аракетке салынышы мүмкүн. Жеке талант кудурети өзүн көрсөтөт. Анда, сөздөн конкрет ырды окууга өттүк. Аталышы кыскача «П а м и р» (экзотика) делет. Узунураак болсо да толук келтирели, зарылдыгы бар: