Кадыркул Даутов

КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ

Кадыркул Даутов

 

Тумшугун кайберендер карга катат

Туяктан айран ичип аркар басат.

Кибиңдеген чөптөрү ырдап ийип

Соккон желге каткырып, бийлейт дарак.

 

Кумурскадай кул кылат душман барса

Таш бакадай жылышат таштар анда.

Жигиттери жалаңдап кылыч мисал

Жүгөн өрөт жыландан тулпарына.

 

Сай сайын ысык суу бар, муздак суу бар

Анда аялдар ажайып балык сымал.

Шырп эттирбей көк көлдө балык сүзөт

Жылтылдаган канаты бар, куйругу бар.

 

Ажыдаарды жез кемпири алдап алган

Жерден чыкпай желмогузу тоңуп калган

Алп кара куш айланып конот жерге

Айга учуп канаттары талып калган.

 

Экзотика – жомоктой кызыктырган

Көңүлүмдөн көрсөм деп учуп тургам.

Мен келдим бийик Памир тоолоруна

Жака кармап далай ашуу, далай кырдан.

 

  Ыр автордун мурдагыларына караганда алда канча жакшы жазылган. Баарынан кызыгы, жаш акын кадимки эле башка жердегилер окшоп жандуу тиричилик өткөрүп, ошолорго окшоп ойноп-күлүп, кейип-кепчип жашаган элге аралашпады беле. Калем, кагазга кол тийгенде алар таптакыр башка дүйнөгө айланып, башкача өзгөрүп кетишкени кандай? Азыр поэзияга айланган реалдуу чындык, фантазиялык ойлор, алыс-жакындан бирин-бири козголоп кирген ички жана сырткы байланыштар менен кырчын таланттын стихиясын дуулдатып чакырып келаткан экзотика элес­теринин далдасында калган түпкү чындыктын өз белгилерин билдирчү күчтөр да бар. Буларга «көңүлүмдөн көрсөм деп учуп турган» өзүнүн катуу көксөөсү кошулуп, баары аралаш иш-аракетке кирип кетишти. Эң эле негизгиси ушунун баары бир учурда ырдоого шарт түзүлүп калганында. Экзотика алдыга чыкканы менен, нагыз чындыктын өзөктүк тамыры эч качан таптакыр жоголуп кетпейт. Маселе ушулар менен гана бүтүп калбайт.

  Адабий сабатын ачып алган окурман Анатай Өмүркановдун «Памиринен» дагы кандай сапат белгилерди көрөт? Ыр күндөлүк саясаттан тышкары жазылган. Темасы да, идеясы да, жазуу ыкмасы да, көркөм туюнтуу каражаттары да, баштагы ырларынан кадыресе өзгөчөлөнүп турганын атайылап белгилей өтүүгө тийишпиз.

   Мында экзотикалык жана кыялый фантастикалык көрүнүштөр түпкү чындыгы боюнча жыйнактын баш жагында берилген, – санап өтпөдүкпү, – «Революция­нын баатырлары», «Революциянын баатырларынын эстелигине» сыяктуу өз көзү менен көрбөй, аккан кандын табигый жытын сезбей туруп, ал күндөргө жарым кылымга жакын убакыт өткөндө окуган айрым китептер, же болбосо тээ алыстан уккан бир ооздон экинчи, үчүнчү оозго жетип келген кээки маалыматтар тибинде гана жазылып калган ырларга караганда акыйкатка алда канча эсе жакын. Фантастикалык чала чүмбөтүн сыйрып койсоң эле реалдуу түп нускасы өз маани-маңызын толтуруп, эч жери бузулбай өз келбетинде ырдап чыга келери кадимкидей эле байкалып турбайбы.

  «Памир» экзотикасы Анатай Өмүркановдо табиятынан көркөм образ менен ойлоо жөндөм бар экендигине ырас­тап ишенич жаратып кирди. Кыргыз поэзиясында бул өтө аз жазылган тема. Анын да өзүнчө шарты бар: жанрдын үч-төрт түрүнүн элементтери катарынан катышып жатышат. Ошого жараша эстетикалык табияты да башкачараак. Лирикалык болобу, эпикалык болобу
каарман өтө романтикалуу жаш адам, дайыма өзүнүн идеалын издейт, тынымсыз күрөш менен жашайт. Ар кыл карама-каршылыктарга урунат. Көздөгөн мүдөөсүнө жетип, сөзсүз түрдө бир эрдик жасагысы келет.

  Мында романтика фантазияга, фантазия экзотикага аралашып калган учурду көрүп жатабыз. Акындын мүнөзү менен натурасында жакындык бар. Анткени, мындай ырлар эч качан кокустан жарала калбайт жана жазам деген акын аттуулардын баарынын эле кудурети жете бербейт. Ал турсун таланттуу делгендердин да бардык учурларда романтикасы ырааккы идеалдарга чакырып, фантазиясы көкөлөп үзгүлтүксүз өөрчүп отурбайт.

  Кыргыз поэзиясында 60-жылдардан берки мен билген акындардын Турар Кожомбердиев менен Жолон Мамытовдун чыгармачылык тажрыйбасынан гана жолуктурсак болот. Мунун да өзүнчө себептери бар. Биринчиден, экөө тең таланттуу акындар. Тубаса акындыгы жокторго романтика да, фантазия да жанашпайт. Экинчиден, экөө тең дээринен ышкылуу жандардын нагыз сезим-туюму менен образдуу ойлоо өзгөчөлүгүнө жандуу таасирин тийгизе турган табияттын ажайып кызыктуу, артыкча сырдуу шарттарында эң сонун күндөрүн өткөрүшкөн.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.