КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ

ЖАНЫЛ МЫРЗА

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ

Жат башын бийлей келди–бир сыпыра.

Кеп кылып, алгын жайын, чалгын жайын,

Баштыктар келе жатты ир алдында.

 

Көңүлсүз күздүн күнү сырт саргарып,

"Өлдүм…” деп өсүмдүгү каны качып.

Азайып тилсиз суулар эпке келген,

Мурунку долуланган жардан ашып.

Айрылып жылуу жаздын төшөгүнөн,

Турган кез табийгатты кайгы басып.

Киргин суу болбогон соң жолтоо кылар,

Калың кол кирип келди катардашып.

 

Болжолдуу жерге келип кол токтоду,

Ойлошуп келер-кетер, оңду-солду.

Бөлүнүп акылмандар оолак чыгып,

Кандайча кол салууга кеңеш болду.

Кеңеште сынчы жакка сөз оодарат:

"Болжо деп көрөр көзүм, барар жолду.

Көпчүлүк убалына калбайлы,–дейт–

Капылда бекер кырып калың колду”.

 

Сынчы айтат: «үч бөлүмгө кол бөлүнсүн”.

Бириси түн жамынып жылкы тийсин.

Экинчи тийген малга алаксыбай,

Алдынан келер жоону торой жүрсүн.

Кутулуп биздин жакка жылкы өткөн соң,

Үчүнчү кысык жерден жол бөгөсүн

Кысыкка келген кезде Жаңыл кирип,

Чукулдан Абыл бала тизгиндесин.

 

Кеңеште сынчы сөзү макулданды,

Бөлүнүп бешин ченде кол аттанды.

Катарга тизилишип кырка-кырка,

Мал тиер ир алдында жүрүп калды.

Артынан экинчи топ тизилишип,

Шылганган өңчөй баатыр жолго тартты.

Акылман үчүнчү топ бир кысыкка

Эш кылып жаш баланы келип жатты.

 

Чынында эш туткандай Абыл бир жан,

Көзүнөн жандан өзгө от жайнаган.

Илгери эл жайлоолош жүргөнүндө,

Бир тойдо Жаңыл көргөн көп жыйналган.

Абылды эркелетип алдына алып:

"Кыяр оо, сени дагы өлүм жазган…

 

Болгондой элге тутка жан экенсиң…»

Деген да маңдайынан бир сылаган…

 

Арткы топ күтүп жатты кысыкты алып,

Карашып күн чыгышты, көп зарыгып.

Мойну узун күздүн түнү эпке көнбөй,

Жан жакты басып жатты караңгылык.

Коктулай ыргай башын жел козголтуп,

Көптөн соң белгиленди таң агарып.

Каптаган түн туманын өрткө кармап,

Күн чыгыш балбылдады күйүп, жанып…

 

Какшаалдын Ак чийинде калың майдан:

Буркурап көтөрүлгөн асманга чаң.

Баатырлар бөлүп алып көп жылкыны

Узатып элден оолак жолго салган.

Тирешип, эки жактан кол беттешип,

Кайрылып салгылашкан албан-албан.

Көрүндү көп ичинде Жаңыл Мырза

Жаа тартып келе жаткан жайдак атчан…

 

Кысыкка дагдырылып колдун алды,

Жеңилип, кетенчиктеп келип калды.

Мөндүрдөй жаа жаадырып, ылдамдатып,

Кысыктан Жаңыл Мырза өтө салды.

Аңдоосуз чукул жерден камчыланып,

Жаңылды Абыл жетип чылбырлады.

Абылды ат үстүнөн соймокко ойлоп,

Канжарын сууруп Жаңыл даярданды.

 

Камынтпай кармамакка эл Жаңылды,

Кыйкырып, ураан салып, көп жабылды.

Абылды Жаңыл Мырза тааный салып,

"Аттиң ай!.. болбос, болбос” деди дагы.

Канжарын колдон таштап жаасы менен,

Талашкан чылбыр эркин атын тартты.

Болгонун аңгеменин көргөндөн соң,

Дырдыгып Жаңыл колу кайра качты.

 

Какшаалдын кыз кабыланы түштү колго,

Жайылган атак-даңкы оңго-солго.

Кордукта Жаңыл өмүрү чирисин деп,

Беришти бир карыга кылып олжо.

Көксөсү көптөн берки басылган соң,

Калың кол кайра карай тартты жолго.

Тарыхын аңгеменин баян кылып,

Согулду жомокчу жел зоодон-зоого…

IV

Кызыктык кучагында ойноп, күлгөн,

Өмүрдөн ал капарсыз өткөн күндөн,

Кабыланды камап койсоң кантер эле,

Кеңдикте, тоо-токойдо эркин жүргөн?..

Өмүрдүн бир мүнөтү жылдай болуп,

Күү менен өтпөс беле күңгүрөнгөн?

Капаста кабылан жанын кыйнабайбы,

Чакырып тоо-токою өсүп-өнгөн…

 

Эмеспи капастагы Жаңыл кабылан,

Жүрөгү эркин-тоого байланышкан,

Мүнөтү жылдай болуп муң-зар менен,

Күн чиркин өтүп жатты албан-албан.

Унутпай, ичтен жаттап Жаңыл жүрдү,

Махабат чындык сөзүн Түлкүгө айткан.

Бир топ жыл, сансыз күндөр, айлар өттү

Мурунтан кезектешип келе жаткан.

 

Капаста бири зардай күн өткөргөн,

Бириси кызыктыкта ойноп-күлгөн.

Дүнүйө жаралгандан бул күнгүчө

Тең баспас таразага негизделген.

Бир күнү кары жашы кеп кылышат,

Эсирип кур жайлоодо кымыз ичкен.

"Эриккен элге Жаңыл көрсөтсүн–деп,

Өнөрүн кыз кезинде кылып көргөн».

 

Эл сөзүн Абыл келип баян кылат:

30.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.