Шота Руставели
Жолборс терисин кийген баатыр
Экөөбүздү бир боор кылган ушул жер,
Мен алсыз кыз, сен кабылан баатыр шер.
Өзүң кимсиң? — деп сурадың муңайып,
Атым Асмат, жаш жүрөгүм баскан чер.
Ал жанагы жолборс түстүү ким десең:
Каңгып калган капалуу арстан — Тариэл.
Жолго чыкса, жолборс түсүн оронот,
Бир аттанса, далай күнгө жоголот.
Азык кыл деп, таштайт кийик эттерин,
Кээде күлүп, кээде кайтат бороондоп.
Бул үңкүрдө жата берем зар ыйлап,
Он-он беш күн кайтпай калган чак болот.
Жолун тосуп, күлүп жарпын жазайын,
Тандап-тандап бал сөздөрдөн баштайын.
Эсебин таап беттештирип экөөңдү,
Сыр төгүүгө анан ээн таштайын.
Махабаттын кушун кармап ошондо,
Жүрөк менен жүрөктөргө жазгаймын».
Асмат сулуу оозунан бал тамызды.
Шаттык басты, Автандилдей жалгызды.
Дабыш чыкты суудан бирөө кечкендей...
Ат дүбүртүн булар сезбей калышты.
Ай нуруна жашырынган жылдыздай,
Далдааланып жар бурчуна жабышты...
Асмат айтты: «Чыкты үстүнөн жаш тилек,
Тариэлдин өзү тура... Тезирээк —
Жашынып кал, сезип кала көрбөсүн!
Мен жетейин, бир аз гана сабыр эт.
Көңүлү ачык, бүгүн жолу болгондой,
Эми бакыт — өз колуңа берилмек».
«Келип калды, камынгын», — деп кыз шашты.
Кол кармашып үңкүргө экөө чуркашты.
Мына аңгыча аттан түштү Тариэл,
Жер дүйнөнү жарк-журк эткен нур басты.
Кыз муңайып атын барып алганда,
Кучакташты, дагы кандуу жаш акты.
Кыз, Тариэл ый көлүндө термелет,
Көргөн азап экөөнүкү тең келет.
Бир жылчыктан карап турат Автандил:
«Качырган куш колго түшкөй эле», — деп
Оор үшкүрүп кирди үңкүргө Тариэл,
Басып кетти кыз тулпарды жетелеп.
Автандил шер торго түшкөн торгойдой,
Жаткан кези, баткан кези ойдон-ой,
Шумдуктуу шер, кийген жолборс терисин —
Ташка олтурду, чечип салып опоңой.
Автандил эр анын жашын караса,
Жылт-жылт этет каухар тизип койгондой.
Чала уйкулуу канталаган көзү бар,
Алп денелүү, кадим кабылан төшү бар.
Зындан ташы басса дагы муң-зардын,
Кебелбеген кара тоодой өзү бар.
Кыз буралып жай башкалайт олжону,
От чачырап, басты кызыл жалындар.
Жатты, уктады мас болгондой уйкуга
Турду чоочуп, өз-өзүнчө кызууда,
Ызаланып жулкуп алып таштарды,
Долуланып көкүрөгүн урууда.
Кыз жалбарат, эмне болуп кетти деп,
Чыдай албай даяр бетин тытууга.
«Эмне көрдүң, эмне болду абаке,
Кеч аттанып, бүгүн кайттың неге эрте?»
«Анда жүрсөм, кай жактандыр калың кол —
Кезигишти кол башчысы хан эле,
Аскеринин бардыгы жаш, жарактуу...
Соо куткарбас, мындайларга бет келбе.
Кылкылдаган, эсеби жок, кол түмөн,
Көрө салып айкырык уу-чуу үн менен,
Кууп калды... аттын башын жалт буруп,
Бир токойго жашырынып калдым мен.
Кимдер экен, кайдан келген хан экен?
Кармашууга аттанмакмын дагы эртең».
Асмат айтат: «Ырас, өзүң жолборссуң,
Элсиз талаа, тоолор сенин жолдошуң,
Жер үстүндө... адамзаттын баары кас,
Күндө согуш, коркунучтуу жолдосуң.
Жалгыздыгың чындап башка түшкөндө,
Таяныч болор эч болбосо, жок досуң.
Байкап көрсөң, уч-кыйыры жок жер кандай,
Мына ушунда сен учасың шамалдай,
Кандай жакшы досуң болсо жаныңда!
Жалгыз башка күндөр түшмөк ар кандай.
Минтип жүрүп өлүп калсаң кантесиң,
Жан кошушкан жаркыныңа жете албай?»
Шер мындай дейт: «Боорум Асмат угуп тур:
Сенин сөзүң булуттарга жеткен нур.
Жан шериги көздөн учат кол жетпейт,
Жолдош табуу мезгил беле бул учур?
Үмүттү үзсө, карматпаса махабат...
Кантем анан бир кашык уу буйруптур.
Кайда күндөр жылдыздардан суурулган?
Кайда сайран, ысык оюн курулган?
Кайда ырлар айга жетип эң мурда
Бал кошулуп анан бизге угулган.
Жок ал чактар, дартым оор чоюндай,
Ким жаза алмак, айтып берчи, сулуу жан?»
«Бир сөз айтам, угуп тургун» — деди Асмат.
«Таалайыңды жарк эттирмек, бул кызмат.
Чырмалышкан татаал жолуң даңгырап,
Айың тууп, тапталмакчы барлык дарт.
Чын батынып анан чечип бере алам,
Өз оозуңдан берген болсоң уруксат».
Эр таң калат: «Сенин сөзүң тумандай,
Калтырадым токтоо берип тура албай,
Боорум Асмат, мен талаанын жолборсу...
«Айың туумак» деген кебиң бул кандай?
Кыялыңа таң калууга жөнүм бар,
Айтчу элең го «уруксатты» сурабай».
Асмат айтат: «Жакшы, мындай ойлосоң,
Кем түшпөгөн өзүң окшош жолборстон.
Бир сен үчүн эл-жеринен тентиреп,
Бирөө келди, кабылан баатыр жолдоштон.
Бер антыңды... карындашың көрсөтсүн,
Чоочуп кетип, майып кылып койбосоң».