Шота Руставели
Жолборс терисин кийген баатыр
Кошоматчы жеңилдер да жок бекен
Маселен ал: аял жана эркектен.
Журт оозуна алымдуу кеп болсом деп,
«Биздикине бир күн конуп кет» дешкен,
Бирок дагы сабыр кылып тура албай,
Автандил шер чоң сапарын тездеткен...
Ана аскалар тиреп турат көк бетин
Жан өткөнбү? Өткөн эмес, жок эч ким!
Жол тосулду. Үч күн сейил курушту
Бирге келген анын кулу Шермадин.
Ошондо шер кеңеш курду досуна,
Шермадиндин угайын деп кеңешин.
Сөз башына келеличи биз кайра,
Шермадин деп жалгыз ооз сөз айта.
Окурмандар өзү жаттап турар деп,
Жүрүп кеттик күтпөй сабыр кылбай да.
Ким экенин тааныштырып өтөлү —
Шермадинди бир кеп менен мындайча.
Бул Шермадин бир чоңойгон шер менен
Жаш чагында тарбия алган бир жерден.
Ростеван хан Автандилге дос кылып,
Курдашыңа кубат болгун деп берген.
Акылдашы, жан жолдошу, кайраты,
Туура келбес Шермадинди кул деген.
Автандил эр ачып салды жүрөгүн:
«О, Шермадин, көлдөй терең күнөөнүн.
Кайсынысын сага айтып түгөтөм?
Сен тең шерик курдашымсың — мүдөөмдүн.
Тинатиндин махабаттык оту үчүн
Билбейсиңби эл, жер кезип жүрөмүн.
Тинатинди ойлой берип сары ооруп,
Ашык болдум, жүрөгүм дарт оронуп.
Махабатты айта албадым батынып,
Шер болсом да, шердик кайрат жоголуп.
Моюн алышкан бактылуу түн ичинде,
Мындай деген бир сөз айтты жалооруп:
«Ал качкын эр кайда барып жоголмок?
Таап келгин, гүлүм кайта торолмок.
Мен сеники, сен меники болоорсуң,
Күтпөй койсом алсын мени уу тозок».
Деген шерти кайрат берип өзүңө —
Ашыктыкка ууландарып жакпайбы от?..
Журт ичинде эр болгон соң атагым,
Жоо ичинде шердик антты актадым.
Келди... Мына, ханым үчүн кулча иштеп,
Убагында ушул улуу сапардын,
Бара жатам. Ашык жарың алдында —
Эр болгон соң адамдыкты актагын.
Мен башкарган калың шердин-шерисиң,
Мен ээрчиткен калың эрдин-эрисиң.
Ошондуктан ишенгеним жалгыз сен,
Ушул болсун башчылыкты беришим.
Мен келгенче колдорумду коротпо,
Мен келгенче башкарып тур эл ичин.
Аскерлердин кылда алдында жүрө бил,
Согуштарда колдоруңду түрө бил.
Жеңе жүргөн биздин шерлер адаты,
Дал ошондой келген жоону сүрө бил.
Мен кеткен соң, бөксөрбөсүн кол ичи,
Кан сарайда мен күлгөндөй күлө бил.
Казатта да, сейилде да мендей бол,
Болгондо да, эркин өскөн желдей бол.
Үч жыл күткүн, үч жыл сырды сактагын,
Кайтпай калсам, ак кудайым бербей жол:
Гүлүм турар, үмүт менен гүл ачып,
Жаш алып кой, курбум эле деп ошол.
Чоң сапарым туура үч жылга толгондо
Кайтпай калсам, кайтар мезгил болгондо:
«Күнү бүтүп, ажал жетип жаш кырчын
Өлгөн экен деп биле бер ошондо.
Ыйлап туруп хан алдына кабар кыл,
Казынамды чач жакырларга, кол-колго.
Ажал жетип өлүп калсам арга жок,
Сыр билдирбей колду башкар мага окшоп.
Кезек-кезек эсиңе алгын унутпай,
Элестесин балалык чак, жаштык шок».
Шермадинге ушуну айтып кол берди
Мына азыр бөлүнүшөт, коштошот.
Сырды ушинтип көлдөй төгүп бергенин,
Уккандан соң, эстен танды Шермадин.
Көздөн тынбай тама берди ысык жаш:
«Сенден калып мен күн көрүп нетемин?
Кошо ала кет, түшүп калса кыйындык,
Жанды берип сага жардам этемин.
Миң-миң шерди башкар дейсиң, шер болуп,
Эрчит дейсиң сансыз эрди мен болуп.
Мен канетип толтура алам ордуңду,
Жаралган соң, шердигиңден кем болуп?
Не жаралдым, жок болсомчу дүйнөдөн,
Тепселсемчи муздак кара жер болуп».
Муңайыңкы эр Автандил дейт анда:
«Ашыктыкка жүрөгү оттой жанганга
Токтоо бербе... Жаш чыкмакпы күйүтсүз
Себеп барбы башка түшкөн арманга?
Күйгөн күйсүн... эркин чачсын капасын
Ошондуктан, учсун жалгыз талаада.
Сенден башка таянар тоом ким эле,
Ордумду бас. Көп кайгырба тим эле.
Сенден башка анык сырдаш досум жок,
Сак болгула, жоолор каптап киргенге.
Колдорду бөл тегиз курчап калааны,
Аман болсом келем үч жыл ичинде.
Бактысыздык жулар миңдин тамырын,
Бирок мени колдойт көктөн тагдырым.
Кош болгула! Туура үч жылда кайтпасам
Үмүт үзүп кара кийип кайгыргын!
Ишенсин деп сага биздин зардалдар
Мына ушу осуятты калтырдым».
V
АВТАНДИЛДИН КАЛКЫНА ЖАЗГАН ОСУЯТЫ
Акылман шер жазган экен осуят:
«О, калайык, мага берген чоң урмат,
Камың үчүн эркин учуп ак куштай,
Кол алдыңда кылып бердим көп кызмат.
Эриктирбес, окушсун деп бу сөздү —
Автандилдин өзү жазып отурат.