Эрнест Хемингуэй

Чал жана деңиз

Эрнест Хемингуэй

Чал асманды карап, баягы фрегат деңиздин үстүндө кайтадан айланып учуп жүргөнүн көрүп калды.

– Балык тапты, – деди чал үн чыгара сүйлөп.

Бир да учма балык деңиздин тегиз бетинин тынчын албайт, майда балыктар да көрүнбөйт. Бирок орточо келген бир тунец суудан секирип чыгып, аласалып башы менен кайтадан сууга кирип кеткенин чал байкап калды. Тунец күнгө күмүштөй жарк дей түштү, анын артынан башка тунецтер алыс-алыс секиришип, майда балыктарды кууп, сууну чачыратып туш-тушка жөнөштү. Майда балыктарды тегерете курчап алдыга салып айдап алышыптыр.«Эгерде алар эң тез сүзүп кетишпесе, мен бул үйүрдү кууп жетем», – деди чал. Тунецтерден качып суунун үстү менен сүзүп бараткан чабактарды фрегаттын илип алып жатканы, тунецтердин сууну агарта чапкылап сүзүп баратканы чалга даана көрүнүп турган эле.

– Куш – балыкчынын ишенимдүү жардамчысы, – деди чал.

Аңгыча болбой чал буту менен бир түрмөгүн басып отурган кыска жип солк дей түшүп керилип калды. Чал калактарын таштап орточо келген тунецтин салмагын сезип, жипти акырын тарта баштады. Колдон чыгып кетчүдөй булкунган жеңил жипти тартып отуруп, балыктын көк жону менен кубулган канаттарын аны суудан сууруп кайыкка салардан мурун эле көрдү. Куйган октой салмактуу тунец чоң көздөрүн чакчайтып, куйругу менен чапкылап, жаны менен коштошууда. Чал жаны чыкпай кыйналып жаткан балыкты аяп, башка чаап өлтүрдү да, буту менен кайыктын артындагы жаткан төшөмөнүн астына түртүп койду.

– Альбакоре, – деди чал угуза сүйлөп. – Бул сонун жем болот. Салмагы он кадакка барат, андан кем эмес.

Чал качантан бери өзү менен өзү сүйлөшө баштаганын унутуп да калган. Мурда жалгыз калганда, ырдачу, кээде түн ичинде, чоң парусникте вахтада турганда же таш бакага чыкканда ырдачу. Балким, бала андан кетип калып, өзү жалгыз калгандан бери өзү менен сүйлөшө баштагандыр. Азыр эсинде жок. Бирок бала менен балык кармап жүргөндө деле, эң эле зарыл болсо гана сүйлөшчү эмес беле. Алар түн ичинде же жаан-чачында аргасыз бекерчиликте гана сүйлөшчү. Деңизде бекер эле сүйлөшө берүү балыкчылардын адатында жок нерсе. Чал да муну жаман деп ойлойт, ал адатты сыйлайт.

Мына эми чал өзүнүн оюн угуза айтып, көп эле кайталаганга көнүп калган, анткени бул эч кимдин тынчын албайт да.

– Өзүмчө эле сүйлөп жатканымды бирөө укса, мени акылынан тайып калган экен дейт ко, – деди чал. – Демек, мен жинди болбогон соң, кимдин кандай иши бар? Байлардыкы жыргал. Кайыктарында алар менен сүйлөшүп, бейсбол жөнүндө айтып бере турган радиолору бар.

«Азыр бейсбол жөнүндө ойлой турган кез эмес, – деди чал өзүнө өзү. – Азыр бир гана ой болуш керек. Мен эмнеге төрөлгөм, ошону ойлошум керек. Бул тунецтердин жанында, балким, менин чоң балыгым бараткандыр. Мен бир эле альбакорени кармадым, ал да болсо тобунан адашып калса керек. Алар жемди жээктен алыс издешет да, абдан бат сүзүшөт. Бүгүн деңизден кезиккендердин баары түндүк чыгыш жакка өтө бат сүзүп кетип баратышат. Балким, ушу маалда дайыма ушундайдыр? А балким, аба ырайы өзгөрүлгөнү тургандыр, бул мен билбеген белги болуп жүрбөсүн?»

Азыр жээктин көк тилкеси да чалга көрүнбөй калды, биерден карга бөлөнгөндөй агарган көк дөбөлөрдүн чокулары гана көрүнөт. Чокулардын үстүндөгү булуттар да карлуу бийик тоолорго окшош. Деңиз өтө эле карарып кетти да, күндүн нурлары сууда чагылыша баштады. Чак түштө планктондун жаркыраган сансыз учкундарын так төбөгө келген күн өчүрдү, чал эми кара көгүш суунун ичинен күндүн нурларынын чагылышканынан пайда болгон кубулган темгилдер менен караңгы тереңдикке кеткен жиптерден башка эч нерсени көрбөй калды. Биерде тереңдик бир миля[17] эле.

Тунецтер кайра тереңдеп кетишти. Балыкчылар ушул тукумга караштуу балыктардын баарын тунец деп аташат, алардын анык атын базарга алып барганда же жем катары сатканда гана билишет.

Барган сайын ысыган күн чалдын желкесин күйгүзүп жиберди. Калак шилтеген сайын далысынан тер шорголоп агат. «Кайыкты агымга салып, уктап алсам болор эле, – деп ойлоду чал. – Жипти бутумдун бармагына байлап койсом, убагында ойгоном. Бирок бүгүн сексен бешинчи күн, даяр болуп туруш керек».

30.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.