Сардарбек Рыскулов

КАРА ШУМКАР

Сардарбек Рыскулов

Эки ителги биринен сала бири шак-шак учуп келип уядагы балапанга алмак-салмак кезек менен жем ташып турушат. Ителгилер жокто өрөөндүн эки бетиндеги ызы-чуу кулак мээни тундурат. Ал эми ителгилердин бирөө же экөө баркылдап жетип келгенде чыйылдаган балапандардын да, шаңшыган эне-аталарынын да жаагы жап, тымтырс боло калат да, өрөөндө мемиреген тынчтык өкүм сүрөт. Качан гана ителгилердин карааны үзүлгөндөн кийин аягы ызычуу, күрүгүү кайра башталат. Мурунку эки бүркүттүн учурунда да мындай болгон эмес. Анда ар кимиси өз жайында жатканы жаткан, учканы учкан, эч нерседен капарсыз болушчу.

 

* * *

 

Жаркыраган жаз өз сапарын аяктап түнү кыска, күнү узун жайдын толукшуган мезгилине кезегин өткөрүп берип узап бараткан кези. Кирген буурадай буркан-шаркан түшүп эки капталын эңшере кемирип, ак көбүгүн асманга бүркүп, уйдай ташты уйпалап, койдой ташты коңторо койгон өзөндөгү чоң дайралар жоосун сайып ачуусу тараган баатырларга окшоп мурунку калыбына келип жайлана түшкөн. Малдуулар малын төлдөтүп, козу, улак, кулун, музоолорун торолтуп, жайлоо жайлагандары жайлоолорго көчүп, шалбаа сугарып, эгин баккандары жакада — ар кимиси көр оокат менен алышып калган.

Мамбеталынын колу тайкы, жок жардынын бири. Жалгыз ат, жалаң тон. Бирин-экин кой-эчки майда жандыгы болбосо, анчалык оокаты жок. Жадаганда бир уйдун саанын дагы «чөп чаап берем» деп байлардан сатуулашып алчу. Өмүрлүк жары Бурма экөөнүн ортосунда он үчтөн он төрткө карап калган жалгыз эркек баласы бар, аты Кырмантүп.

 Акты, каралы кылып Бурма бечара көп бала төрөгөн. Бирок кудай койгон жок. Өлүп-өлүп токтобой жүрүп ушул Кырмантүбү калган. Атынан эле билинип турбайбы. «Башкаларынын баарын алды, эми деги кудай кырманга түп калтырса ушуну коёр бекен?» дешип, атын Кырмантүп коюшкан.

 Күндөгү адатындай Чырпыктынын өрөөнүн бет алып Мамбеталы дагы аттанып жөнөдү. Бул жолу жалгыз эмес, Кырмантүптү учкаштырып алды. Ата-бала ар кайсынын башын айтып кобурашып олтуруп баягы бүркүт уянын тушуна келишти. Өрөөндүн ичи адаттагыдай ызы-чуу, күрүгүү. Өйүз-бүйүз бийик жардын боорундагы уялардын оозунда канат-куйругу жетиле жаздап калган балапандар катарга тизилгендей үчтөн-төрттөн болушуп, төмөнкү капчыгайдын өзөгүндөгү жылтырап аккан агын сууга таңыркап карап турушат.

Кырмантүп тестиер болгондон тартып атасын ээрчип алчу болду. Анын да чоңойгондо ата жолун улап саятчы-мүнүшкөр болоору баланын шыгынан эле байкалып турат, Бул жолу «калып кал» десе да болбой: «Бүркүттүн уясын тартып алган эки ителгинин балапандарын көрөм» деп, атасына учкашып алган. Ышкысы кайнаган жаш бала шашкалактап жалаң эле ителгинин уясы эмес жардын жаракаларындагы бардык уяларга эки-үч сыйра сыдырата көз чаптырып чыкты.

Мамбеталы өрөөндү өрдөп жетер жерине жеткенде башка уялардагы ызы-чууга көңүл бурчу эмес. Эки көзү бүркүт уядан өтүп, кетер-кеткенче анын оозун карап олтурчу. Бул жолу да мурунку калыбынан жазган жок. Тиктеп олтуруп кареги талып кетти көрүнөт, баласына:

— Сенин мага караганда көзүң курч, жакшылап карачы, тетиги уянын оозун, мага бирөө эле көрүнөт, байкачы, ар жагында дагы болбосун? — деди.

 Кырмантүп уянын оозунан көз албан олтурган атасына кылчайып:

 — Жок ата, башкасы билинбейт. Жалгыз балапан экен, жалгыз да болсо мага чоң ителгидей көрүндү, — деп кадимки акылы жетик эстүү кишидей жооп берди атасына.

Мамбеталы бир азга ойлонуп, анан ичинен сүйлөндү: «Эми муну кантип алыш керек? Адам баласы бара албай турган татаал жайда турат. Кокус беш-алты күн өтүп кетсе анда кур жалак калганым. Башка ителгилердин уясындай болсо го бир жөн болчу. Ай ушул балапанды алсам, кудайга арманым жок эле!» Мамбеталы өзүнөн-өзү бушайман болуп ак эткенден так этти да калды.

Ал күндүн да кечи кирди. Мамбеталы баласын учкаштырып үйүн көздөй жол тартты. Жолду жолдото тиги жалгыз балапандан башка оюна эч нерсе түшпөй, башын ат жалына салаңдатып үн жок, сөз жок бастырып бараткан Мамбеталыны кызык уйкуда жаткан кишини чочутуп ойготкондой артында учкашкан баланын «ата» деген коңгуроонун үнүндөй шыңгыраган жагымдуу добушу селт эттирди.

05.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.