Сардарбек Рыскулов
КАРА ШУМКАР
Кырмантүптүн да уянын оозундагы жалгыз балапан оюнан кетпей көзүнө элестеп бараткан.
— Ата?
— Ии?
— Кокус ушул балапанды кармап алчу болсоңуз мага бересизби?
— Берейин айланайын, сага бербегенде анан кимге берем.
— Таптап бересизби?
— Таптап берем. Таптап бербегенде анан, садага болоюн, андан көрө кудай колго тийгизсинчи?
— Тийгизип калар ата?
Бала мүнөзү кандай сүйкүм, кандай кызык! Балапанды колуна кондуруп тургандай жылмайып күлүңдөн түштү. Кырмантүп.
— Оозуңда бардыр, оозуңдан айланайын — Мамбеталы баласынын үмүттүү сөзүнөн тула боюн ысыткан рахат ала түштү. Кылчайып караса Кырмантүптүн татынакай жүзүн сүйүнүч чайып, эки бети албырып, көздөрү күлүңдөп турган экен. Аны көргөн Мамбеталынын ого бетер ичеги-карды эзилип, бүткөн бою ысып-күйүп эрип кете жаздады. Ата-бала кобурашып олтуруп үйлөрүнө кандай жеткенин билбей да калышты.
* * *
Арадан алты күн өттү. Ошол алты күндүн бирин да кур калтырган жок Мамбеталы, түнкүсүн үйдө болуп, күндүзүндө уяга барып-келип турду. Жетинчи күн дегенде айылдагы жатакчылардын эс тарткан бала-бакырасынан болуп чака, дагыра, аркан, жип байланган аттуу-жөөлүү, учкашып-чиркешкен он-он бешке жакын эр бүлө Чырпыктынын капчыгайына келди. Ал жерден Мамбеталы барган топту эки тарапка бөлүп, өзү коктунун таманында үч-төрт киши менен калды. Бөлүнгөндөрдүн бир жагы өрөөндүн оң жак кырын, экинчи жагы сол жак кырын кырдап чубашып олтурушту.
Бүркүт уя зоонун оң жаккы бетинде болчу. Эки топ уяга тушташ келгенде ойдо калгандардын арасынан Мамбеталы тебетей булгады. Эки жаккы топ тең токтоп калды. Мамбеталы буга чейин уядан чыгып, үңкүрдүн оозундагы таштын кырында олтурган баягы жалгыз балапанды жанындагы жолдошторуна көргөздү. Алар да көпкө кызыгып балапанды карап калышты.
Бир оокумда Мамбеталы тебетейин булгалап уя жаккы тараптагыларга белги берди. Алар аркандын учуна байланган чакаларына таш салып калдыраткан бойдон балапанды көздөй чубалтыштышты. Кай бирөөлөрү шагыратып таш кулатып киришти. Дагы бирөө дагырасынын кулагына көтөрмөсүн байлап зоо ылдый калдыратып турду. Уянын жогору жагы кыйкырык-чууга толуп кетти. Кээ бир бийиктен кулаган чоң-кичине таштар балапанды жандап өтүп таштан ташка урунган бойдон зырылдап келип өрөөндүн жай аккан суусуна «чалп» этип түшүп жатты.
Кулактын кужурун алган ызы-чуу алааматты көргөндө балапандын жүрөгү болк этип, уча тургандай — уча тургандай болуп барып кайра канаттарын жыйып алды. Калдырт-шалдырт, ызы-чуу баягынын үстүнө күчөгөндөн күчөп, тоо бүт урап, зоо түбү менен кулап келаткандай майда шагылдардан бери капталдан кошо куюлуп, буркураган кумдуу чаң асманга көтөрүлдү. Аңгыча болбой бийиктен учуп келаткан чөйчөктөй тоголок таш дап-даана уянын оозуна келип бир тийип, зуулдаган үн чыгарган бойдон ойго барып түштү. Балапандын ажалы жок экен, аз жерден өлүп кала жаздады. Ошол таштан кийин балапан катуу чочуп, ошол таштан кийин ордунан обдулуп уча качты да, уясына маңдайлаш тушма-туш келген жардын аркы өйүзүнө барып конду. Ал жактагы ызы-чуу, калдырт-шалдырт андан күчтүү, андан беш-бетер болду. Балапан кайра мурдагы өйүзгө барып конду. Ал түгүл балапан учуп баратканда эки жагыныкы аз келгенсип, коктунун таманындагы Мамбеталылар да тебетейлерин көкөлөтө ыргытышат, этек жеңин каккылап асман көктү жаңыртып чуулдап жиберишет.
Бир быяккы, бир тыяккы капталга тынбай учуп жатып, күчкө толо элек балапан бат эле чарчап калды. Алыска учуп көнбөгөн жаш неменин алы ошол да. Канат куйругу толуп жетилсе алда кайда асмандап сызып кетпейт беле. Акырында жаш баладай күйүгүп, жүрөгү жарылып кете жаздап, дааналап ордун таап коно албай, эки канатын жайган боюнча коктуга барып түшүп, жер кучактап жыгылды.
Ойдогулардын баары чуркады, ириде балапанга Мамбеталы жетти. Күйүккөн балапан көпкө чейин кышылдап жатып араң эс алды. Эки ителги эл узап калганда уяга келишти.
* * *
Күз кирип келди. Мамбеталынын колунда карышкыр, түлкү алган бүркүтү да, каз, өрдөк, тоодак алган кушу да бар. Жыл сайын аларды муздай түлөтөт. Булар аз келгенсип кыргый, чүйлү, турумтайга чейин көгөнгө байлап койгондой катары менен тизилип турат. Алгыр куштардын канчасы болсо да баккандан тажабайт Мамбеталы. Ошон үчүн мүнүшкөр, ошон үчүн саятчы да.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.