Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
Тоонун этеги менен жаш тал-бадалдарды, алма-бактарды аралаган чыйыр жолго түшүп, кымгуут каттаган жөө-жалаңдарды, машинадан кол булгап, обу жоктонгондорду карап, алдыга бара бермей.
Кез-кез өрдө дем алгыча, кылчайып, артыңа көз чаптырасың.
Түндүк Кавказдын тоолору бир-эки деп саналуу.
Алыста-алыста, мунарык ичинде төбөсү төө өркөчтөнгөн аппак Эльбурс жатат. Оң жагында Беш-Тоо, анын өтөгүндө бадал-токой. Ары жагында: Жыландуу тоо.
Тоолордун ортосунда бак баскан шаарча, кыштакчалардын учтары, уюлгуган түтүндөрү чыгат, аларды ийри-муйру жолдор, зым карагайлар бириктирет.
Дегдеп келген жериң мына «Лермонтовдун октон каза тапкан жери.»
Дүйнөнүн ар кайсы бурчунан акындын өлгөн жерин көрөбүз деп, чубап-убап келген адамдар.
Кылда ортодо Лермонтовдун сүрөтү чегилген бийик, асемделген мунара таш. Төрт бурчунда төрт таз жору.
Обочодо акындын өлгөндүгүн баяндаган ташка чегилген жазуу. Ар түркүн тилде сүйлөгөн элдердин сөздөрүнө, аялдардын күлкүлөрүнө, сүрөтчүлөрдүн бакылдаган чакырыктарына, акын жөнүндө жаагын жанып какшанган гиддердин айткандарына кулак тыңшасаңыз, бу жер бак ичиндеги куштардын базарына окшоп кетет.
Мынча келген соң, жок дегенде, акындын кантип өлгөнүн эстеп кетесиң.
...Лермонтов тоо жагында, бийикте турган. Төмөнтөн караган кишиге анын ийнинен тоо чокусу, бактын баштары, асмандагы булуттар көрүнгөн.
Лермонтов асманды атты.
А душман, караан калгыр, асманды аткан акындын жүрөгүн атты.
Лермонтов жерди көздөй жыгылды.
Ошондо Машук үстүнөн чагылган кетти да, асман ыйлагансып, нөшөр жашын төктү.
Лермонтов жалгыз калды. Айлана ээн эле. Баягы ооз учунан сүйлөгөн жан-жөкөрлөрдүн карааны туштушка житип кетти.
Акын баягы бейпил тоону, түтүн астындагы сулуулукту, асманды кылагыр көз менен карады. Аттиң десең, бир кезде, көк ыраң чыгып моминтип, тоо этеги өлөңдүү чөп эле го...
Акындын атышкан жерин көрүп алышып, көксөсү сууган адамдар кужулдап кайра таркай башташты.
Кайсы бир жашыктары ыйлап алыптыр. Алар акындын сөз мончогунан келиштире салган ыр сарайына кирип бир сыйынышса, моминтип табият менен кучакташып, көз жумган акынга экинчи саам таазим кылып жатыш- пайбы!
Мен деле акын дегендин өмүрү, тагдыры, ыр дүйнөсү жөнүндө, дайыма эстен кетпеген Алыкул жөнүндө ойлоп келем.
Пушкин сыңары Лермонтов менен Алыкул бала кезден табышкан. Ал жыйырма эки жашында Лермонтовдун лирикалык ырларын жана поэмасын которгон. Алыкул «Жазуучулук баянымда»: «Бул жылдарда (1935- 1936-ж.) мен көбүнчө которуу ишине киришип, А. Пушкиндин лирикаларын, 1937-жылы «Балдасын» жана Лермонтовдун лирикаларын, кийинчерээк «Качкын» деген поэмасын котордум», — деп эскерген.
Алыкулдун 1937-жылдагы күндөлүгүндө мындай деген эскерүү бар: «Күн алмашуу болду. Мен абдан көңүлдүү болдум. Жазуу келечегим жөнүндө көп ойлойм.
Лермонтовду окуп таң калам».
Алыкулдун кол жазмаларын барактасаң, акын Лермонтовдун ырларын жатка билгенин, жакшы ой айтылган саптарды жазып койгондугун, Лермонтовду өмүр бою сүйүп келгенине ишенесиң.
А. Осмонов 1941-жылы «Чоң-Чүй канал» деген поэмасында Лермонтовдун «Обнявшись, будто две сестры, струи Арагви и Куры» деген эки сабын эпиграф кылып алган.
Алыкулдун кол жазмаларында анын эскирген кызыл папкасы бар. Анда майда-чүйдө жазма дептерлери, орден сала турган кызыл кутучасы (ушул кутучага Алыкул кызы Жыпардын чачын, упчусун каткан), анын майда кагаздары, а тургай, акындын профсоюзга төлөөчү дептерин, орден жөнүндөгү кагазын, аскерден кутулган күбөлүк намасы, жазуучулук кабарлантуучусу чогултулду.
Ошондо, Алыкулдун Лермонтовдун эки сабын 1936-жылы кыргызчага которгону, аны кичинекей чөнтөк дептерине латын тамгасы менен жазганы эсиме түшөт:
Жумшак гана мемиреген түн эле,
Айы уктаган ак булуттун үстүндө».
А мүмкүн Лермонтов бечара, ошол өзү өлүм алдында жатканда да, айы чыккан асманды, тынчтыкты, мемиреген түндү, Машукка тийген айдын күлгүн жарыгын, астыда калган түнөргөн караңгылыкты акыркы саам карагандыр...
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.