Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
(«Покрышкинге »)
Алыкул Осмонов атак, даңк дегенге талашпаган, теңтуш калемдештерине кылдай арамдык санабаган, ичи эч тарыбаган, чыгармачылыкка калыс мамиле жасаган акын болгон. Ушу жерден атактуу акын Л. Пастернактын сөзүн эстейсиң: «Жүрөгүндө кири бар адам жакшы акын боло албайт». Ошондуктан ал ырларында кыргыздын атактуу акындарын эстей аттарын атаган: «Улуу майрам, улуу тойдун ичинде жан курдашым Жоомартымдын орду жок», «Бул олтурган көп курдаштын ичинде кайран гана Жусубумдун орду жок», «Бул олтурган теңтуштардын ичинде урматтуу ага Мукайымдын орду жок» («Үлпөт ыры»).
«... Каргыл үн менен какшанган
Көзүнөн ойноп от жанган
Калык ырчы ыр жазды».
Жыйырма бир жашында А. Осмонов келечекке ой жүгүртүп, балалуу болорун, курбулары атактуу болор күн келерине ишенип: «Ырас эле кез келип, ушуну көрөр бекемин», — деп зар тилеген.
«СҮЙҮҮ ДЕГЕН СҮЗҮП ӨТҮҮ ДЕҢИЗДЕН...»
«Ашыклыктын кадырын билем десең, агыны
катуу суудан кеч, ашуусу бийик тоодон аш».
(А. Осмоновдун дептеринен.)
***
Алыкул Осмонов педтехникумду бүтүп кеткенине үч жыл өтсө да, кайра-кайра келчү болду. Адабий ийримден башка да ал шылтоо кылып, имерчиктеген бир себеби бар эле...
Ал имаратка киргенде баятан бери терезенин түбүндөгү турган кыздар үлпүлдөк ак костюм-шым кийген шыңга бойлуу жигитке жел тийген чий башындай жалт карашып, күбүрөп-шыбырап калышат. Кыздардын жанынан өтө бергенде «акын» деген сөздөрүн Алыкулдун кулагы чалчу.
Алыкулдун жыйырмадан ашкан курагы, басмада иштеп жүрөт. Үч китептин ээси. Деле акын адеп чыгарма жаза баштагандан бери башкаларчылап сүйүү жөнүндө шагыратып жаза элек. Акын мындан үч жыл мурда жолдошунун кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн көрүп, бир чети ичи туз куйгандай ачышып, бир чети эрте келбеген сезимди эңсеген:
«О, курбум, неткен менен өмүр кыска,
Биз кошсок жаңы өзгөрүш санаабызга.
Сүйүүсүз турмуш көркү анча болбойт
Албырсын ашык оту арабызга».
(«Жолдошторум менен»)
Алыкул кечкисин ак барак тиктеп, ыр менен алышып жалгыз калат. Ал акындыкты дегдеп, андан башка көздөгөнү, эрмеги да жок, ырга гана кумар.
Балдар кечкисин кайтканда кыздардан алган саймалуу жүз аарчысына кудуңдашып, аларга кайрадан ашыглык каттарын жазууга киришет. Каттардын көбү куйгандай окшош, калыбы бир. Барактын башындагы кыздын атын башка коюп, калганын төкпөй-чачпай көчүрмөй. Ушундай сөз тизмектештирип жазылган каттарды окуганда Алыкул сыпайы күлүп койчу.
Кээде беймаза жолдоштору Алыкулга келишет.
Алар дүйнөдөгү акылмандардын, акындардын үлгү сөздөрүн көчүрүп алышкан дептерлерин жаш акындын алдына жайып ташташат. Ашыглык дартын айтышат:
«Алыке, бизге окутпаган бир таңгак ыр дептериң бар. Кыйын акын экендигинди билейин, пери кызга ашыкмын, кат жазып берчи. Ошончолук кууралын тарттым.
Түн десе түшүмдөн кетпеди. Уйку бетин көрбөдүм. Менин кейпимди дидар кайып ал кийсин. Ыр менен дубалап сал».
Алыкул жабыр тарткан Мажнун шагын сындырбай, ыр менен зар ыйлап, ашыклык катын жазып берген. Ал эптеп жамактап бере салбай, жаш, жаңы насыя кусадарлыктын кейпин кийди, «уяң сүйүүнү таза, жогору кармагыла, айтылган антты актаган шертке бекем болгула» деп, дүр-дүйнө башынан өткөргөн чалдай жебиреп, ак дитинде санат айткан. Ошол акыбети кайтпаган ырларды жазып жатып, өзү да ай чырайлуу мөлмөл кызга ашык болууну эңсеген. Кимде ким ашык болгон бозой менен селкинин кат жазуусун башынан өткөрбөсө, анда көп ырыскыдан куру кол калганы эмеспи.
Жаштын зарлаганын угуп, сүйүүнүн пири Зулайка- Жусуп шыбаа кылганбы, ак тилеги кабыл болду. Махабатка дабаа жок белем, жаш улан жүрөгү сүйүүгө капилеттен чалдыкты. Эми жаш акын калемин жорголотуп, көз жашын селдей агызып, махаббатын зарлайзарлай ыр жазууга мажбур болду. Бал махабат дегениң дүйнөнүн жарашыгын келтирип, үлпөттүү көрсөтөт да, адамга кош канат бүтүрөт эмеспи. Анын ошончолук сайраңы; алпештеген гүлбакчасы, ысык оту даяр го!
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.