Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
***
Алыкул Осмонов бир гана дүйнөлүк адабиятты окубастан, өнөрдүн башка тармагындагы улуу композиторлордун, сүрөтчүлөрдүн эмгектерине дити түшүп, аздыр-көптүр курдаштарынын ичинен эрте айырмаланды.
Ал чыгармачылыктын күлазыгын жаштайынан камдоого аракеттенди. Өзүн тарбиялоону, чындыкты жазганбай айтууну, ички сезим дүйнөсүн асырап багууну ойлонду. Жаш кезден эмгекчил, камбыл болууну, өзүнө мараны алыс коюуну, дүйнөлүк акыл ойдон насаат алууну көздөгөн. Алыкул 1935-жылы эле жыйырма жашында, «ырдап жүрөм, бирок көп эл уга элек, китептерим атак алып келе элек» («Өзүм»), «Эй, каламым араң чыгат дабышың» («Қаламыма») деп, өзүн сайсөөгүнө жеткире жекирип, кемчилигин жашырбай, мойнуна алат да, адабияттын татаал жолунан башканы тандагысы келбей, өжөр: «Аман болсом жазып жатып өлөрмүн» («Кагазыма»). Жаш акын маркстик-лениндик илимди билүүгө, ага болгон сүйүүнү бийик кармап, өмүрүн жумшоого аракет кылган. Ал табият кубулушуна, коомго, мезгилге жаңы замандын агымы менен көз жүгүрткүсү келген.
1935-жылы Алыкул бир айдын ичинде төмөнкү китептерди окуп чыгуум керек деп тизмектеген:
1. Адабияттын теориясы
2. Марксизм-ленинизм классиктери
3. Ленин жана искусство
4. Лермонтов
5. Пушкин
6. Толстой («Пейилдин оңолушу»)
Алыкулдун чөнтөк дептеринде Гётенин, Байрондун акылман сөздөрү жүрөт. Айрыкча Байрондун «Будем мыслить смело», «Отреченье от прав мысли позорно для ума» деген сөздөрү аябай жаккан. Алыкулдун жыйырмадан ашкан мырзалык жаштагы жазган дептерлерин1 барактап көрөлү Алыкул Осмонов Маркс, Энгельстин эмгектерин окугандыгын айткан. Жаш акындын 1937-жылдын он экинчи январында жазган күндөлүгүн окуйлу:
«Көңүлдүү ойгондум. Саат тогузда турдум. Күн абдан суук. Асман бүркөө, туман. Бак-дарактар сууктан ар бутактарына арчанын бариктери сыяктуу кардан форумдалган.
Кечинде Маркс-Энгельсти окудум. Турмушка, чындыкка кандай баа бергендерин түшүндүм. Дүйнөгө көз караш өзгөрө түшөт экен».
Ошол күндүн эртеси, он үчүнчү январда: «... Кечинде жакшы иш кылдым. Түнкү саат он экиге чейин маркстик-лениндик илимдеги адабият менен искусство» деген китепти окудум — деген.
Акындын дептеринде К. Маркстын: «Адамдын асыл сапаты - бар кудуретин бир максатка жумшоо», - деген нуска сөзү жазылуу, Алыкул Маркстын Фейербахка берген сынын дептерине көчүргөн. Немец акылманынын да таасын сөздөрү жүрөт. Жаш акын улуу Гомердин сүрөтүн дептерге тартыптыр. А. Блоктун сүйүү жөнүндөгү: «Твои мне песни ветровые, как слезы первые любви», - деген саптары жүрөт.
Ал эми акындын дүйнөсүнө пролетардык улуу жетекчилер жана акылмандар гана кирбестен, дүйнөлүк адабият, өнөрдүн өкүлдөрү: Гомер, Бетховен, Моцарт, Чайковский, Чавчавадзе, Некрасов, Блок, Роллан, Горький, Маяковский, Есенин ж. б. атагы дуванды жарган адамдардын аттары кирген. Жаш улан алардын дүйнө, поэзия, өнөр, өмүр жөнүндөгү нускоо сөздөрүн, айтылуу ырларын дептерине жазып жүрдү; жаттап, эске тутту.
Алар акынга дайыма асыл акылды, кеңешти, ыр жазуу табиятын айткан. Акынды капасынан сооротуп, күлкүсүнө шаттык кошкон. Акындыктын миң жылдан берки ыр дүйнөсүнөн Алыкул сабак алып, алардын акындык кудуретине таазим кылган.
А. Осмонов чыгармасынан, өмүрүнөн сабак алып, ызаат кылган дүйнөнүн алп акындарынын аттарын ыр саптарынан жолуктурабыз: «Камыкпа, согуштагы азаматтар, колхоздо Гомер айткан алп аялдар» («Чеп ча- бык»), «Аалам алпы Шекспирдей күч менен, ооруп жатып сүйлөшкөнүм билбейсиң?! («Катыңа жооп»)
«... Ойлойм да ойго батып бекер турбайм,
Пушкинден, Шота абамдан акыл сурайм.
Жок дешпейт, мындай дешип айтып берет,
Қайрадан көбүн ойлойм, иргейм, ылгайм..»
(«Жамандоо»)
«... Бул дагы аз, жерден, көктөн жоону жеңмек,
Адамды акылдан да бийлөө керек!
Андыктан: Гёте, Гейне, Шиллер менен
Сага окшоп, бетме-бетке чыккым келет!»
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.