Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

 

Эскере кетчү сөз: кыргыздын өнөрү менен адабиятында атагы чыккан адамдардын көпчүлүгү Ата Журттагы эң алгачкы жогорку окуу жайын — педтехникумду бүтүрүп чыгышкан. Анын көбү партиялык-советтик кызматтарда, илим жагына, басмаларга иш кылган, а турсун педтехникумга кайра мугалимдикке алып калышкан. Каралашары жок Алыкул жокчулуктун айынан педтехникумду толук уланта албады. Ал окуусун таштап, «Чабуул» журналына орношкон. Алыкул турмуштан да, чыгармачылыктан телчигип, эл катарына кошулуп кетти. Ал эми техникумду Алыкул кийин иштеп жүрүп, кошо окуп бүткөн.

 

Төтөн адабиятка тобокел деп бел бууган ар бир жаш адам өзү гана чындыктын көзүн издеп, ынанып, мындай ыйык, татаал жолду өзү гана таап чыгышы керек тура. Алыкул Осмонов акылы зирек жаш улан устаттарын жеринен эрте таап алды. Ал устаттарынын өмүрү өткөнчө суктанган, таалим алган, шакирти болуп келген.

 

Алыкул Осмонов башынан балдар үйүндө жүрүп, орус китептерин кыйла эле окуп калган. Ошондуктан, орус же дүйнөлүк адабиятка башка жазуучулар, акындарга караганда эртерээк талпынган. Жашынан зээндүү баланын ырыскысы бар экен, улам мурунку эс тарткандардан угуп отуруп А. С. Пушкинди элден мурда таап алды.

 

Алыкул «Жазуучулук баянымда» он бешинде Пушкиндин «Қышкы кеч» деген ырын которгонун эскерген. Алыкулдун жаш улан кезинде, 1937-жылдагы күндөлүгүнө минтип жазган:

«Эртең менен дене тарбия ойнодум. Пушкин жөнүндө ыр жазууга олтурдум».

 - «Түштө обкомго барып, Пушкин жөнүндө доклад жасаганым ай! Менин сөзгө эч усталыгым жок».

«Кечинде окуп отуруп (Пушкин жөнүндө) жаздым».

«Братья Разбойникти» которууну ойлодум».

 

1937-жылы А. Осмонов орустун улуу акыны А. С. Пушкин жөнүндө «Менин окутуучум» деген кыска макаласында мындай дейт: «Мен педагогика техникумунда окуп жүргөн кезимде эле Пушкиндин «Кышкы жол» жана башка ырларын жаттап алган болчумун. Орус тилин начар билсем да, улуу акындын ырларын сүйүп окуй тургамын, бул ырлар мени абдан толкундатар эле. Ошол кезден тартып, мен Пушкинди сүйүп калдым жана өзүмдүн окутуучум деп эсептейм.

 

 Анын «Кышкы жол» деген ырын кыргыз тилине кандайча которгонумду унутуу кыйын. Бул окуя Кыргызстандын педагогика техникумунда окуп жүргөнүмдө болгон эле. Андан бери далай убакыт өттү, бул мезгилдин ичинде мен акындын: «Евгений Онегин», «Капитан кызы» жана башка чыгармаларын окуп чыктым. Бул чыгармалар шыктандырып, чыгармачылык эмгегим үчүн кубат берип турат.»

 Алыкул 1937-жылы А. С. Пушкиндин эстелиги алдында туруп, «Сен жана мен» деген ырын жазган. Жаш улан улуу акынга суктанып («Адам үчүн бир кокустан, сен жаралган адамсың»), талантына ыраазы болгон аны менен сырдашкан, улуу Пушкинди сайраган булбулга, өчпөгөн ыр-күүгө, талыбас дулдул тулпар атка теңеп («тийип турган жаркын нурдай, ыр-күнүсүң сен биздин»), ыры токсон тилде окулган акындын арманы жоктугун айткан.

 

 Ырдын көркөмдүгү али солгун болсо да, андагы жаш калемдин зарлаган тилеги зор эле. А. Осмонов улуу акын менен өмүр бою ажырашпады. Көз жумганча Пушкиндин китеби колдон түшкөн эмес.

 

А. С. Пушкин А. Осмоновго өмүр бою сабак, сыноо, таалим болгон. Ал Пушкиндин ырларын гана эмес, өмүрүн билгиси келет. Улуу акынга сугун арткан Алыкул ары билимдүү, ары маданияттуу В. Вересаевдин «Пушкиндин өмүрү» деген китебин жыйырма эки жашында которгон. Китепте улуу орус акыны жөнүндө төмөнкүдөй айтылган сөздөр бар:

 

«Ыр жазуу анын (Пушкиндин) түшүнө да кирип чыгат, түн жарымында төшөгүнөн ыргып турат, караңгыга карабастан жазат. Ойлогон оюн ыр менен жаза албай баратса, аны кара сөз менен жазып коёт. Анан кийин бардыгын жай гана карап, окуп чыгат, дагы өчүрөт, дагы жазат. Деги Пушкин өз чыгармаларынын үстүндө эң көп иштейт. Каралай дептерин көрсөң, биринин үстүнө бирин жазган, ары-бери сызылган сызыктар, үстү-үстүнө жабыштырылган ырлар, улам-улам өчүрүлө берген сөздөр».

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.