Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

 

Азыркы кептер Алыкулга да бап келет. Мунун баары Алыкулдун башынан өткөн. Пушкинди сүйүп, анын чеберчилигине, өнөрүнө кунтун коюп, улуу окутуучудан акыл-насаат үйрөнгөн.

 

Алыкулдун жолдошторунун созмо-ооз эскерүүсүндө, Алыкул редакцияда иштеп жүргөндө түнү тура калып, айдын жарыгына ыр жазган. Алыкулдун кол жазмаларын карасаңыз, куду Пушкиндей, ойлогон оюн иреттүү кылып, кара сөз менен кыскача жазып койгон. Алыкул кийин ыр жазуудан башкага дити биротоло чаппай калган кезинде түнү бою уйку бетин көрбөй иштеген, биринин артынан бир ырын жазган, улам сызып, үстү-үстүнө оңдогон.

 

А. Осмоновдун кол жазмаларынын арасында сакталуу турган «Ак-Мөөр» пьесасынын артына (1944-ж.) көз жүргүзөлү. Бир барак бетине толтура «Пушкин» менен «Лермонтов» деп кушкатын окшоштурмакка өйдө-ылдый жорголотуп, кол кое берген.

А. С. Пушкиндин сүрөттөрү сыртынан басылган Алыкулдун блокноттору болгон. Мындай дептерлерди акын жакшы көргөн, жанына үзбөй салып жүрчү. Анын ичин акылмандардын нускоо сөздөрүнө жыш толтурган. А. С. Пушкиндин акылынан, чыгармасынан, тажрыйбасынан, чеберчилигинен, шатыра-шатман өмүрүнөн Алыкул сабак алган.

 

Учурунда Пушкин жашоосунда көп деле нерсени каалабаган: көр оокат да, дүрдүйнө чогултпаган, жупуну, куштай эркин жашаган. Ал адам ичиндеги батпаган бугун, эргиген кыялын, сезимин, акылын ээн-эркин айта алса, ага эч ким жолтоо болбосо деп гана тилеген. Пушкин өлүмдөн коркпоптур, ал өмүр кыска болсо да, адам деген ойлогон оюн да айтып калууга, суктанган ырахатына жеткенге үлгүрөт; эгерде буларды аткарганга убакты таппаган, түбөлүк өлбөс болуп жаралса да чеке жылытаар эч эмгек кыла албайт деген Пушкиндин акылын Алыкул аябай жактырган.

 

А. Осмонов улуу Пушкиндин жакшы көргөн ырларын, нускалуу сөздөрүн дептерине жазып алып, кезеккезек окуп, ой жүргүзгөн Акындын дептеринде Пуш киндин мобул сөздөрү жүрөт. «Слух обо мне пройдет по всей Руси, великой и назовет меня всяк сущей в ней язык...»

 

Пушкиндин сөзүн Алыкулдун ырлары эске салат:

«Таштан болор, кумдан болор төшөгүм,

Аз болсо да сыртта калар сөздөрүм,

Өлсөм дагы жыра тээп мүрзөмдү

Буудан болуп, таскак салып өтөрмүн»

(«Эскерме»)

 

«Менин күнүм, өлбөсүнө түңүлбөйт,

Толкун урса, тайызына сүрүлбөйт.

Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей

Жер түбүндө чирисе да бир гүлдөйт».

(«Менин күнүм»)

 

Улуу окутуучунун чымындай жанын, ырга багыштаган өмүрүн, тынбаган эмгегин эстегенде, өзүнүкү менен салыштырганда, Алыкул чын дити менен ичтен сыза уялган, арданган.

Алыкул А. С. Пушкиндин бул ырын жакшы көрчү:

 

«Ты Цар: Живи один. Дорогою свободой

Иди, куда влечет тебя свободный ум,

Усовершенствуя плоды любимых дум,

Не требуя наград за подвиг благородный.

Они в самом тебе».

 

Алыкул 1948-жылдын башында Пушкиндин «Евгений Онегин» деген бараандуу чыгармасын которуп бүткөн, тирүүсүндө Пушкинге койгон ыраазычылык ызааты болчу.

 

 А. Осмонов «Абылкасым Жанболотов» деген пьесасында Абылкасым акындын сөзү менен өзүнүн оюн айткан: «...Поэзияга ичи тарлыгым бала кезимден бар эле. Мен өтө жаш баштадым. Кандай гана акын болбосун анын кандайдыр бир кемчилигин таап, көңүл калтырууну жакшы көрөр элем. Нечен ирет Пушкинди жаман көргүм келди. «Ай, бул деле бир акын го» деп айткым келди, нечен ирет өзүмдүн бир кашык деңизиме чөктүргүм келди, бирок ал улам өйдө калкып туруп алды. Айла жок, баш ийүүгө туура келди».

 

А. Осмонов 1949-жылы пьесадагы Пушкин жөнүндө айткан оюн ыр чыгарган, он бешинде, «ызат кылып, баш ийгем бүт өмүрүмө зор жаралган энедей» деп, акындын жолу улуу экендигине көзү жетип, баа бергенин эскерген. Анысы өмүр бою жүрөгүндө сүйүү куту болуп жанып жүргөн.

***

...Машуктун этегине үчүнчү саам баратышым, жазында, жайында көргөм, эми күз.

Тоонун улагасында эки зор таш босого бар, солыптасындагы түркүктүн башында арфа, оң ыптасында ачылган китеп тартылган, босогодо «М. Ю. Лермонтовдун атышкан жери» деген жазуу кадалуу.

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.