Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

Анын ошончолук арып-аздырган санаркоосу, үшкүрүгү, алдас урган убайы бар.

Алыкул жаш күнүнө зарлаган курбулук мол махабатын жашырбай, ачык жазган. Көңүлгө чок салган махабатын чебер асырай алды. Мукамдуу үн менен сөз берметин таап, ыр тартуулады. Мурдатан башка бирөөлөргө «сүйгөнгө жараша тунук сүйгүлө» деген насаатчыл жаны, эми андан беш бетер жанга паана тун махабат алдында ак кызматын аткармакчы болду. «Бир жашайсың экинчи туулмай жок, ашыктыкка кош көңүл кылбагыла».

Жакынкы күндөрдө кызга кат жазып алып, аны далай күн бере албай кыйналганын, түнкүсүн жаздыгынын алдына коюп уктаганын, акыры терезенин түбүнөн кызга кат сунганын Алыкул эстей берет. «Бул сизге жазылган» деген Алыкул кызды тик карай албай, оозун бүлкүлдөтүп. Шыбырагансып айткан сөзүндө ушунчалык жагымдуу жылуу илеп бар болчу. Кыз жигиттин кейпине таңыркап, аны аядыбы, эч нерсе дебей, катты колуна алган. Жигиттин жүрөгүн ого бетер сүйүнүч даарып, ал азаптуу аскадан түшкөнсүп, кымыңдай бак аралап, киши көзүнө илбей, делбектеп чуркабады беле!

Демейде о-бу дегиче шыр өткөн күндүн, качан Алыкул кызга жолугарында жылбай турганын карабайсыңбы! Алыкул бир орунга жай алып, отура албады. Ыр жазууга дарманы жетпеди Алыкул кызматтан кийин калаадан чыгып, талаага житкен поезд жолунун таманы менен далайга басты.

Акырында көчөлөрдө шамдар жанды. Алыстан поезддин беймаал кыйкырыгы угулду.

Алыкул болжошконунан эрте барды. Ал жатакананын эшигинен чыккан кыздарды кылчак-кылчак үмүткөр каранат. Бак түбүндөгү күнүрттө кыз күткөн жигиттердин карааны талаадагы сын-ташка окшоп селеет.

Бир маал суктана карачу тоодон күндүн күркүрөгөнү чыкты. Жаздын желине жаңы жазылган теректин жалбырактары шыбырайт.

Жаш уландын жумшак чачтарын шамал тарайт. Узата жапыз тамдан кыз чыкты. Терезенин жарыгы анын жүзүнө тийгенде Айдай экенин тааныды Алыкул.

Жүрөгү опколжуду. Ачылуу терезенин түбүндөгү жаш уланга кыз түз басты.

Бозой кызды тосуп чыкты. Жигиттин сабуулаган түрпүн, дилгир жүрөк кагышын кыз байкады бекен?!

Алар бак аралаган арыктын бир кулак шылдыр суусун бойлоп басышты. Қалың бактын ичинен жарык үлбүлдөп күйөт, алда кайдан музыка угулду.

Жаштык делебеси баскан бозой, жоодураган кой көзүн жал-жал карайт. Кыз да эч нерсени белмексен, сыр бербейт, баштагы шайырдыгы жок, ойго чөмүлүп, оң колун жаагына басып баратты. Алыкулга нак ушу кезде жыргал эле. Ал тетиги ай тууралу, ыр дегендин шатмандыгын, быйыл биринчи көрүп келген Ысык-Көл сөөлөтүн бабырап сүйлөгүсү келди. Антейин десе, сөз табыла койбоду.

- Алыкул сүйлөчү, — деди Айдай бир маалда.

Алыкул кыз алдында сөз таппай, алаканын жайды.

- Эмнени сүйлөрүмдү билбейм, — деди ал апкаарып.

-Анан кантип ырга сөз таап жүрөсүң? — деди кыз.

- Билбейм, — деди ал ийнин куушуруп.

Ушу маалда Алыкул жан эриткен сөздү таап, куштун тили менен сүйлөгүсү келди. Тил учуна келген сөздөрү бүтүндөй тең миң кайталанып сүйлөнгөн сөздөр болуп туруп алды. Кызды таң калтыра албагандан кийин сүйлөп неге? Бир оокумда асмандагы айдын жарыгынан улам түшкөн узун көлөкөлөрүн көрүшүп, ар кимиси ойго батып баратышты.

- Алыкул Шотадан окуп берчи, — деди Айдай.

Баягы сен окуган ырлар эсимен кетпеди.

Алыкул бир аз кызга алая карады.

- Жүрү! — деди ал жүгүнөн жеңилдей түшүп, эки кабат тамдын эшигин көрсөтүп.

Айдай негедир тарткынчактады.

- Жүрү, кирели. Мен Шотадан окуп берем, — деди

Алыкул кызды колдон ала, — кайра бат эле чыгабыз.

Булар кирген Биринчи Май көчөсүндөгү мейманкана болчу. Анын бир бөлмөсүн Алыкул ээлеген. Үй ичинде дүрдүйнө ушу эле: темир керебет, жанында радио коюлган бийик сандыкча, терезесинде беш-алты китеп жыйылыптыр, үстөл үстүндө сыя челек, калем, чачылуу барактар жатты.

Алыкул кызды отургузуп, үстөлдөгү кагаздарын чогултту, керебеттин алдындагы эски сандыктан үч дептер сууруп чыкты.

- Шотаны которсом дейм. Булар үзүндүлөр... — деди Алыкул муңайым дептерлерин барактап уялыңкы. - Аз эле. Ар кайсы жеринен которгом.

 

«Ким сүйсө: ыйлай берсин, зарлай, зарлай,

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.