Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
Зарлоого жыргал барбы ашык жардай?
Мункансын, жалгыздыкта куурал тартып,
Эңгиреп элден безген бечарадай.
Өзүнчө жарын эстеп күйө берсин,
Бирок да көп ичинде сыр чыгарбай».
Жашоодо ашыктыктын жапасын тарткан жападан жалгыз Алыкул белем чамасы. Канат бүткөн жаштоо бала-Амур жаасынын учун сүйүүнүн магмал отуна көбүрөөк малып туруп, мээлеп таамай аткан дабакөй белем, жаш уландын жүрөгүн опсуз жаралаптыр. Мунун күйүтүнө ченем жок го! Жаш уландын жүрөгүндө тутанган курбулук махабатын ким өлчөй алмак.
«Сүйүүнүн — көзү көрбөс түрлөрү бар,
Сүйүүнүн — кулак укпас үндөрү бар,
Сүйүүнүн - кыш болсо да, жайдан жыргал,
Үзүлбөс - башка адамга гүлдөрү бар.
Сүйүүнүн — арфаларга бербей турган,
Өзүнүн тарта турган күүлөрү бар.
- Токто, токточу — деди кыз, — кайра окуп берчи.
Айдай колуна калем алып, ак баракка Алыкулдун сүйүү жөнүндөгү насаат сөзүн жазып кирди. Алыкул балдарга жат жазуу жаздыргансып, сүйүү саптарын эжелеп кайталады.
Алыкул ыр окуп жатып, перизада кейпинде кубулуп кийине калган Айдайга, анын кирпиктерине, жазган барактарына дит багып карады.
Кыздын дидарынан дептер бетине шааниси көз уялткан шоола түштү. Дагы да эки колун көкүрөгүнө коюп, жан шоола купуя сыр ката жигит сөзүн сынап, тыңшап отурат. Адетте, кыз алдында баштагы сөзгө сараң, өңү серт уландын өнөрүн эми көрүп ал. Алыкул ырдын күчү менен баягы уяндыктын эсесин чыгарат, карачы, кайдан-жайдандыр, мээр сөз таап, эстен талма тил бүткөнүн! Жигит сөз дегендин көл-дайрасын таап, алтын тумар жазып алып, кыз мойнуна тажыдай аземдүү салды белем. Карачы, жигиттин асманда чарк айланган алп кубаттуу шердигин, куштай безеленген кереметин!
Алыкулдун ыры бүтүп, үйгө кайтуу кезеги келди. Жолдо катар эч кимиси үн катпады.
Ал Айдайды жеткирип, бактылуу кайтты.
Алыкул сүйүү жөнүндө эч ким башынан өткөрө элек сезим менен, эч ким айта элек сөз менен ыр жазгысы келет.
Ушу сүйүү, ушу сезимдин кыска болуусун Алыкул каалабайт, аны жоготкусу, кумарын таркаткысы келбейт. Сүйүү деген максатка жетип, токтоп калуу, оту өчүү эмес. Ал бир өмүр бою таң нурундай созулган, жүрөктүн музыкасы. Ал дүйнөнүн кооз, кызык көрсөткөн улуу күчү, шам отун, сен анын илебине чалынган соң, керт башыңа кайылсын, адамдардын эң бир боорукери, назиги, кайгылуусу да, өлбөсү да сенсиң. Булбулдун тили, гүлдүн жыпар жыты болгуң келет, аттиң-ай.
Деңизди сүзүп, булутту аттап, отту кечип өтө аласың...
***
Алыкулдун сүйгөнү Айдай Жигиталиева деген кыз болгон. Ал айылдан он үч жашында Фрунзе калаасына келип, педтехникумдан окуган. Айдай он жетиде, жаш чыбыктай солкулдаган, ажардуу, кой көздүү, узун олоң чачтуу, маңдайы жарык, кийимди сынга салгандай жарашыктуу кийинген кыз бурак эле. Орундуу сүйлөгөн, бир сырдуу, токтоо, сөздү тыңшаган жаракөр. Аны кур- булары «Айдай», «Күндөй» деп тамашалап эркелетишет. Мукам жакшы үнү бар эле. Комсомолдук ишке жан үрөп катышкан, кыздарга сүйлөсө: «Бир адам болсок ээ,» - деп оозунан түшүрбөй, кыялданаар эле. Айдай окуу жайындагы улан-кыздардын көзүнө түшүп жүрчү. Уландар кызга далай ашыктык каттарын жазышчу. Кыз эч кимисине жооп бербеди.
Ушундай кезде Алыкулдун ыр менен жазылган каты ылажы болуп, Айдай кыздын жүрөгүн тыз эттирди.
Алыкулдун Айдайга арнаган «Гүл менен куш» деген ыры 1936-жылы жазылган.
Алыкул кийинчерээк жазгандай, жан кемеси ышкы отуна чаалыкты:
«Ошондуктан эң биринчи жаш сүйүү,
бермет, жакут, каухар кийип жолукту».
А. Осмоновдун өмүрүндө 1937-жыл кызык да, жаштык өмүрдүн, чыгармачылыктын эргиген, өмүрүнүн бурулуш жылы болсо керек.
Жаш акын чөнтөк дептерине сүйгөнүнүн көлгө узатканын, жакшы ыр жазып келүүгө убада кылганын айткан экен. Эр жигит убадасына бек туруптур.
Алыкулга Ата Журттун бир катылуу жаткан кооз бурчу ага чоң таасир калтырган. Ал Жети-Өгүздөгү Көк-Жайык жайлоосуна чейин жөө кыдырып, айылдарды кыдырып, боз үйлөргө түнөп, турмуш көрүп, эл арасынан уламыш-санжыра сөз угуп, ак чөлмөк ойноп, чер жазды. Анын курорттогу, шаркыратмадагы, түзөндөгү жатып түшкөн сүрөттөрүн көрсөң, жаш акындын сөзү менен айтканда, комсомолчо жакшы кийинген, дүйнөнү шаттыкта көргөн, сүйүүгө кумар, бир чоң эмгек кылгысы келип күчү ташыган, көңүлү ачык курбулары көп, шайыр кези.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.