Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

«...Акын турмуш булбулу

Ансыз кантип туруу бар,

 Ыр жокто турмуш бугу бар».

Акындын Жети-Өгүздөгү жазган ырларынын көркөмдүгү да, ою да баштагыдан жакшы чыккан. «Толубай сынчы» деген алгачкы поэманы Алыкул Осмонов Жети-Өгүздө бүткөн.

А. Осмонов отуз жетинчи жылы А. С. Пушкинден башка «Кызыл Кыргызстан» газетасына белгилүү бир кыргыз акынына чочугансып, өзүнүн табитине шайкеш келбеген сын макала жазыптыр. Жаштыктан улам шашканыбы же тажрыйбасы жоктугунанбы, айтор макала солгун, опурталдуу. А. Осмоновго чоң сабак болгон окшойт, ошол сын макаласынан башка, кийин, өлөр-өлгөнчө эч бир сын макала жазганга колу барбады.

Алыкул Осмоновдун 1937-жылы жазылган сыртычаар кичинекей, жука дептери бар. Анысы акындын кызгылт папкасында сакталуу турат. Дептердин кырууларын чычкан жеп кеткен. Анын ичине жаш улан 1937-жылда сегиз ай бою дуулдаган жаштык күндөрү жөнүндө латын тамгасы менен күндөлүк жазган. Бул алгачкы махабаты катылган дептерди Алыкул өмүр бою сактап жүргөн.

Биз эки кыз, эки жигит, түнкү саат он экини күттүк. Менин саатым мына он эки. «Жаңы жылыңыз менен!» Сүйүктүү карап, кол кармаштык. Андан мээримдүү жумшак түндө чыгып, эң көңүлдүү жана сүйүктүү сүйлөшүп бара жаттык. Аларды үйлөрүнө көңүлдүү жеткирип, терең күү, кубаныч менен, жаштык күндө ыраазычылык менен такыр көз тойбогон ырахат менен кол алыштык. Ушул түн кандай сүйүктүү». (1-январь, 1937-жыл.)

 

«Такыр эле кат жазбайсың да,

Унуттунбу мени бат?

Жазсаң боло жүрөк сырын

Тагдыр, көңүл болсун шат» — деген кат алдым.

(2-январь, 1937-жыл.)

 

«Кубанычтуу жолугушуу кандай. Аны канчалык көп көрсөң, ошончолук сугуң артат, ошончолук жүрөгүңдөн от жалындап күйөт. Андан соң «Наталка Полтавканы» үч киши барып көрдүк. Көңүлдүү олтурдук. Жолдо турмуш жөнүндө сүйлөштүк».

(16-январь, 1937-жыл.)

«Кечинде Н. дагы келди. Үч-төрт көчө агып жаткан турмуш жөнүндө сүйлөшүп бастык. Эмнегедир менин көңүлүмөн А. кетпей койду, канчалык кол шилтеп унутууга тырышсам да жүрөгүм тыз этет. Мунун келечегин сабырсыздык менен күтүп жүрдүм. Жолдошторум же жолдош кыздар сөз сүйлөшсө, мени жана А. ны кошо сүйлөшөт. Мени жаман алагды кылышты. Эмне кылсам болор экен? Бул сүйүү эң кыйын жана эң кыйын, назик, сүйүктүү нерсе болот экен!»

(17-январь, 1937-жыл.)

«Бул эң кызык түн эле. Мен эртең дем алганы кетем деген күн. ...Үйдө отурдук. Көңүл ачтык, бир-эки сааттан кийин А. келди. Биз экөөбүздү калтырып кетишти. Биз жакшы, жакшы күүлөрдү уктук, фокстрот бийледик. Анын, анын балалыгы ай... Чырак өчүп калды, мен аркы үйдөн ширеңке алып келүүгө чыгып, кайра келсем. А. жок. Ал керебеттин алдына жашынып жатып алыптыр. Олтурдук. Биринчи сүйүүнүн илеби канчалык, сүйүүнүн оту ошондой күчтүү. Барлык ырахат мына ошондо гана көз алдыңа элестейт. Биз түнкү саат үч-төрттөргө чейин олтурдук. Анын да, менин да жүрөгүмдө сүйүүнүн жүрөктөгү ысык кубаты кайтпады...»

(30-июнь, 1937жыл.)

«А. менен жолуктум. Сагынычтуу сөздөр көп эле».

(25-26 июль, 1937-жыл.)

«А. менен жолугуштум. Ошол күнү эң мурунда менин таарынычым эң кызык болуп чыкты. Ал дагы эле балалык бар экендигин кийин эсине түшүрдү. Андан кийин үч саатты эң ысык сүйүүлөр менен өткөрдүк. Ал күнү эң кымбат рахат күн болду».

(18-август, 1937-жыл.)

А. ны күтүп, эсим ооду. Үч жарымда келем деген. Саат азыр беш жарым, дагы эле жок. Жүрөгүмдү жаман ачыштырды».

(20-август, 1937-жыл.)

Кимдин башына ашыктык мазеси түшпөсүн! Алыкул акын Петрарканын курагында, жыйырмадан аштыбы, ашпадыбы, жаштык делебесине кабылды. Петрарка жаш, сулуу Лаурага бир көрүү менен жанган сүйүүсүн «өз өмүрүмө тийген күн» деп баалаган. Лауранын көзү өтсө да Петрарканын сүйүүсү өчкөн эмес, өмүр бою сары оору басып, ыр жазып өткөн. Анын ашыктык ырларына эми дүйнөнүн адамдары кулактар. Акындын күйүтүнө боору ачышып, тамшанышат, андай сезим далаалатына кумар болушат. А Дантечи? Көзүнө бир көрүнгөн тогуз жашар Беатричанын элеси улам жүрөгүнө жалын таштап, бара-бара оюнан, түшүнөн эч кетпей, ал азапты насип кылды. Беатричанын баскан жерин көргөндө ого бетер дарты күчөп, ажына моюнга минди.

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.