Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

Акын сел-сел жаш агызып, ырларын арнады. Баарыдан да Данте жыйырма бешке чыкканда Беатрича мерт тапты. Данте күйүтүн жүз тизмектүү казал менен баскан. Ал өмүр бою Беатричага кусалыгы артып, зардап, аны барган сайын чүрөктөй сулуу элестетти. Ал ашыктыктын акыны болуп аталды. Беатричанын ажары Дантенин чыгармаларына кирип калган.

Даңазалуу кишилердин мисалынан Алыкулга келели. Анын жапа тарткан жаштык күндөрүндө жазылган ырларын карайлы.

Алыкул бактылуу, «жаңыдан назик жар сүйүп, өмүргө таттуу бал сүйүп, сулуу түндө жарк этип, өмүрүнө шам күйүп» турган чагы. Кечкисин ай чырайлуу сулуу кызга жолугушат: «Ырас жаркын кара көзүм, сенин кымбат бир сөзүң. Үзбөй туруп гүлүн өзүң, жыпар жытын жытта өзүң». Ал кыз менен кош айтышып келгенден кийин, Фрунзенин айлуу түнүндө терезени тиктеп, ойго батат: «Сүйүктүү түн ар кимге эмес, сүйүктүү түн сүйгөнгө. Сүйүктүү түн улам келбес, сүйүү отуна күйгөнгө». Анын түндө уйкусу жок. Көзү чырм этсе, чочуп кетет, шашкан тейден дептерин таап, ыр чыгарат же сүйгөнүнө кат жазат

 

***

 

Алыкул Фрунзе калаасынан кез-кезде Айдайды айлына узатып чыгат. Жашыл талаанын бетинде күнгө чагылган арыкты жээктеп, шылдыраган сууну тыңшап, гүл терип, эки жаш келишчү. Аларды асмандан булуттардын ак кемеси, жерден торгойлордун мукам сайраганы узатып баратат. Алыкул мындай жаштык сөөлөтүндө көңүлүндө рахат толо Шотанын ыр саптарын окуп коёт. Ага караганда Айдай кепкор эле. Алар жол боюндагы айдарымдуу дөбөгө чыгып, үн-сөзү жок турушчу. Алдыда жайылган бейпил талааны караганды Алыкул жакшы көрөт. Тээ талаада түтүн булаган майда кыштакчалар, жолдо кыбыраган арабалар, машиналар, адамдар сайдын шагыл таштары көрүнөт. Айнектин сыныгы окшоп, күнгө чагылышкан арыктагы суулардын боюна кырка тигилген бактар ого бетер тиричиликтин жаз майрамын билгизип турар эле. Алыстагы мунарык алдында божур-божур тоолордун кыркасынан бери чоюлган шаардын кылаасы жатат.

Кайрадан улан-кыз дөбөдөн түшүп, жолго чыгышат. Айдай Алыкулду ичтен жактырса да кыз адебин сактап, түк сыр бербей, уланды беймазага салат. Алыкулдун башкаларда жок укмуш кыялкечтиги, кызыктай ак көңүлдүгү, балача таарынып, жазылмай мүнөзү бар эле.

Алыкул кээде өзүнчө кыз угабы, укпайбы ага иши болбой, толкунданган жаны бапыраңдап кирет: ушу береги тирүүлүктүн сулуулугу, бактардын, гүлдөрдүн, тоолордун жыпар жыты, айдын ажайып кооздугун бабырайт. Береги табияттын балдай таттуу тили бар экенин, анын тилин ырга кантип айлантуу керектигин кыялданат. Ыр жазуу деген бакыт экенин, өмүр бою ыр жазып өтсөм деп тамшанар эле.

Не десе да Алыкулду Айдай какчу эмес, кайра сөзүнөн тажабай, узун өрмө чачын артына силкип, жигит ичин өрткө салып, дит бага жоодурап карайт.

«Сенин ырларынды окудум,» — дечү Айдай кээ кезде.

Алыкул ичинен кымылдаса да ырларына али ыраазы эмес болчу. Ал ичинен Айдай тамшана тургандай ушунчалык жакшы ыр жазганды эңсөөчү.

Жаштык делебеси бийлеген жаш уландын ашыктыгына даба жетпеди. Бөтөнчө боз таш көрүнсө, жаш Мажнунга каухар болуп көрүндү, жөө туман ак булутболуп кубулду, шылдыр булак миң кайрыктуу күү болуп чертилди, боз куурай асыл гүл болуп жайнады.

Кыштактын четинде кыз-улан коштошчу. Эми кайрадан көрүшпөчүдөй кыйылып ажырашат. Улан таалайына бир бүткөнсүгөн жаркын гүлүн кайра-кайра карайт. Алыкул кыштак четиндеги дөңгө туруп, саймалуу көйнөк кийип, колуна сумка кармап, айыл аралап бараткан кыздын караанын узатат, кыздын кандай ойдо баратканын жоруп, ичи ысыйт. Караан биротоло көрүнбөсө да алыска колун булгап турат, акырында асмандагы булутка, учкан куштарга да кол булгап, кайра кайтат.

Алыкулдун 1937-жылы 22-августтагы күндөлүгүнө калтырган эскермеси бар: «Айылга жеткирдим (Айдайды). Жолдо келе жатып, сууга түшөм деп, эки күн ооруп калдым».

 

***

 

1937-жылдын аягында Алыкулдун дептеринен барабара Айдайга назары сынган ырларды таба алабыз.

(Бул ырлар акындын жыйнактарына кирген эмес.)

Жазган каттарына Айдайдын жооп бербей алыстаганына таң калган, кейиген,

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.