Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
«Сүйүү - жүрөк каны экен.
Сүйүү - өмүр балы экен.
Сүйүүнүн оту мендеги
Сенде дагы бар бекен.
Эгер болсо сенде да
Экөөбүздө бир тилек
Неге өчүп калды экен.
(18-октябрь, 1937-жыл.)
Сабырлуу терең ойлойсуң
Шамалдай эрктүү ойнойсуң. Ошондо да бир ишти,
Эсиңе алып койбойсун,
Мендеги ысык сырлардын,
Бирин да, билбейт окшойсуң.
(22-октябрь, 1937-жыл.)
Уйкусуз көп-көп түндөрдү
Күйгөн соң жаштык жүрөгү,
Бир гана эмес, сансыз күн
Ушинтип күйүп жүргөндү. Билер бекен кой көзүм
Кор кылба бекер сүйгөндү».
(22-октябрь, 1937-жыл.)
А. Осмонов 1937-жылы «Сулуулукка» деген ырында кыз менен болгон таарынычын; сүйүп жүргөн кара көз кыздан күйгөнүн жазган:
«Сүйүүдө жүрөк күйүү бар
Анык сүйө билгенге.
Жүрөктөн каным тамчылап,
Көзүмдөн мөлт-мөлт жаш чыгат,
Кадырды билбес кыялың,
Сакталып калды бул менде».
Жыл айланбай Алыкул Айдайдан суук кабар кат алды. Акындын ошол күйүтүн көргөн теңтушу Макешев Н. Алыкулду мындайча эскерет: «Айдай Алыкулга кат берди. Балалыгым да, кыз кеткен соң, окуп койдум.
Минтип жазыптыр: «Алыкул, менин тагдырымды эне-атам мурда чечип койгон. Аларды кыя албайм. Биз түбөлүктүү боло албайбыз. Кечир. Аман бол. Айдай».
Махабаттын сүйүктүү түндөрүнө мас болуп жүргөн жаш уландың жүзүнө муздак суу себилди, жүрөгүн муң каптады. Жоготуу ызасына Алыкул селдей жаш төктү. «Бу ачуу кабар жалган болсо керек,» - деп ал дагы эле ынанбайт. Жакында эле жалжал көзү менен «махабатты эч ким кыя албайт, Шотадагы адамдарды карачы» деп суктанбады беле! Курбулук сүйүүнү бийик кармайлы деген ак шерттешүү канакей?
Турмуш деген мерес дос, биринчи саам туздуу дарыясынан бир кулак шорлуу суусун Алыкулду көздөй кылтыйтып агызып койду белем. Асман бетинен Достара күндүз жылдызы күйдү. Алыкул ушул тапта турмуштун чыгырыгы өзүнүн ою менен чимирилет деп жүрбөду беле?! Жаңылганбы? Ал келечекте үй-бүлө курууну ойлобой, сүйүүнү бийик кармасак жетиштүү деп безенген. Турмушка чексиз өмүр сүрчүдөй бейкапар жатып, кур кыялга уттуруп жибербедиби?!
«Кайрадан Алыкул Айдай менен эки ача терек түбүндө жүздөштү. Алар бийик дөңгөч үстүндө, бак саябанында ай чыкканча отурушту. Мурун шор маңдай, ызалуу кеткен Алыкул кайра муңайым, сабырлуу кайтты», - деп эскерет жаш акындын сүйүүсүнө күбө болгон сырдаш курбусу.
Алыкул кийин досуна минтип айткан: «Айдайдын сөзүнө, акылына ыраазы болдум. Ого бетер сүйүп калдым».
Чара барбы, Алыкул кызга жетпеди.
Эми Алыкул түндүн ырахаты, бакыт, сүйүү жөнүндө шаттык ырын жазган дептерине биринчи саам 1938-жылы муңдуу ыры түштү:
«Мен өзүңдү сүйгөнүмө кайгырам,
Билем сенин таалайың кең жайылган.
Сен күлөсүң, мени таба кылгандай,
Убалына жетер көздөн аккан кан».
Алыкул «жазуучулук («Биринчи махабат»), баянымда» 1949-жылы жеке баштын күйүтүн ачык айткан. 1938-жылдын майында өмүрүндө биринчи сүйгөн кызы менен ажырашкан.
Жаш улан ызага батып, башына жапа түштү. Анын себеби - махабат. Сүйгөнүнөн айрылуу. Ылайым ушундай болот деди беле?! Эми күйүткө не деген дабаа табылат? Анын эсесин канеткенде чыгарат? Жашынан барын алдырып жиберген зардеси жок пенде бойдон калабы?
Алсыздар мындайда, жанга кайгы баткан кезде, махабатка шек келтирип, сезимин да, сүйгөнүн да жек көрдүм деп чолок тыянакка келет. Сезимин сая өлтүрөт. Күйүткө тизе бүгүп, алсыздыгын көрсөтөт. Алар махабат деген калп, алдагыч экен деп, курулай акылмандык кылышат. Алар дүйнөдө тирүүчүлүктө жашап жүргөнү менен алыстан күйгөн жалтырак шамын өчүрүп алышат. Өмүрүнө заматта зил келтиргенин өзүлөрү билбей калышат.
Жашоосуна ыйбаа караган, шертине бек күчтүү адамдын сөзү да, иши да башка: ал махабат ыйгарган шыбагасын тирүүсүндө ыпласка таштабай, жаш кайыңдай багып, суйкайта асырап кетет. Чын эле анын махабатын өзүнөн башка эч ким жашаган, туйган жок да.
Ошол сезимди кайрадан аяп, өстүрүү керек. Ошол махабатынын күчү канчалык экенин башкалар билсин.
Карап тургула, Алыкул ашыктыктын кунун кууп, андан ыр табат, махабатынан мунара тургузат.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.