Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

Эми Алыкул бу дарты-зарынан көптү айткысы келди. Көлөмдүү нерсе жазсам дейт.

1937-жылы Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатыр» дастанынын жаралышына 750 жыл болгон. Бул чоң майрамга кыргыз жазуучулары поэмадан үзүндүлөрдү которушат.

А. Осмонов Шота менен ошол кезде таанышат: улуу акындын өмүрү, дастаны аны кызыктырат. Ошондо А. Осмонов «Шота» деген ырын жазган. Ыр 1937-жылы «Қызыл Кыргызстан» газетасына басылган.

«Мукабаттык, кубат кошот, жашартат

Сүйө билсең — сүйүү ракат жол ачат,

Өмүрдөгү эң кызык кез, жаштык кез

Мукабаттык — күлүп алтын нур чачат...

Чындык сүйүү — жарып чыгат зынданды,

Ал эскирбейт, жүздөп жылдап жол басат;

Ошондуктан жети кылым өтсө да -

Чын ашыктык дайрасында ак чабак, -

Болуп сүзгөн күндөн сулуу Тинатин

Канат шилтеп дале кетип баратат».

 

Алыкул мурдатан окуп, ичинен жактырып, а тургай айрым ыр саптарын которуп жүргөн Шотанын сүйүү дастаны «Жолборс терисин кийген баатырды» кыргызча жазууну чечти. Грузин элинин улуу акыны Шота Руставели бир кызга ашык болгондо дастанды жазбады беле! Ал сүйүү жөнүндө баян эмеспи. Ичиндеги букту, сүйүү өртүн Шота нечен кылым мурда эле айтып койгон сыяктуу. Туңгуч махабат жалынына кабылып, а сүйгөнүнө жетпеген бозой кейпин кийген, көз жашын көлдөтүп, ашыктык ырларын жаза баштаган жаш акын болсо эле, күйүтүнө чыдабай бир чоң чыгарма жазып же китеп которо салабы? Андай адет болсо, биз буга чейин «Жолборс терисин кийген баатырга» окшогон жүздөгөн чыгарма окуп туйтунуп калбайт белек! Аттиң, андай болбойт тура. Андай улуу ишке баш уруу эрдигинде таланттан башка адегенде жүрөктү козгогон, өзүңдүн көзүң жеткен окуяң болсо, ошончолук көркөмдүк-эстетикалык даярдык, билим, маданиятын, ички жоромолдоо сезимиң күчтүү болсо, ошондо чыгарма жаралат окшобойбу! Алыкул Осмонов андай даражага эрте чыга алган.

Шотага ыр арнап жазышы бекеринен эмес. Дастандагы окуя, андагы каармандардын сүйүү, достугу, эрдиги болгон адамкерчилик мамилелери жаш акынды суктанткан.

«Жазуучулук баянымда» айтканындай, бир чоң нерсе менен өзүн сынаш керек деп турган, күчкө толгон кези. Намыс, эрдик болбогон жерде жеңиш жок. Ал эми Алыкулга кубат, дем берип, поэзияга ээликтирген улуу махабат оту болду.

Муну А. Осмонов «Жазуучулук баянымда» жеткире айткан:

1937-жылы Москвага бара жатып да, кайра келе жатып да Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатырынын» подстрочный котормосун, ал жөнүндөгү кээ бир макалаларды окуп жана ошону которууну ойлодум. Бул санаа мени көп уйкулардан калтырды.

Чонойдум, эр жеттим, эми бир зор иш кылбасам, менин Алыкул атым кайсы?» дейм, «Эгер бул иш менин колуман келбесе, анда мен чабал акынмын, колуман эчтеке келбегени» деп ойлойм. Буга кошумча бул укмуштуу поэма мени аябай кызыктырды.

- 1938-жылдын май айынан баштап, ушул улуу поэманы которууга кириштим. Ушул айда мен өмүрүмдө биринчи сүйгөн Айдай Жигиталиева деген кыз менен ажырашкан болчумун. Анын себеби эмне экенин ушул күнгө чейин билбейм. Өз ичимден: «Бул күйүттү ыр менен басуу керек жана өзүмдү таанытуум керек», - деп коём да, бардык намысым менен иштейм. Поэмадан ажырай албайм, көп убактарда таң атканга чейин олтурам. Окуйм, котором, таң калам, кубанам! Дүйнөдө мен гана бактылуумун деп ойлойм».

Алыкул сөзүндө «окуйм, котором, таң калам кубанам» деген сөздөн кийин «ыйлайм» деген сөздү атайы жазбай кеткен. Ак барак үстүндө көз жашын төгүп, Шотанын дастанын акын кыргызча которуп жазган.

Анын махабат дабаасы, күйүтү ошончого татырлык эле. «Жай, кыш, күз дем албай иштедим. Себеби, анын кызыгы ошондой болду, — деп жазган таржымалында акын. — Акыры Фрунзеде, Токмокто, Ошто, Москвада жүрүп которуп, 1939-жылдын апрель айында Москва алдындагы Малеевка деген жазуучулардын дачасында бүттүм».

Акын эки жыл бою башын көтөрбөй, Шотанын дастанын жыйырма төрт жашында которду Айрыкча Малеевкада акын күнү-түнү тирмейип отурган. Жолдошторунун айтуусуна караганда, Алыкул ыр деген төгүлүп турганын, жазууга араң эле үлгүргөнүн айтыптыр.

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.