Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
Жана да дастанды кийин аз оңдодум деген экен. Чынында эле ошондой.
«Акындар сөз берметин текке чачпа,
Бирди сүй, тирек кылып өз багына,
Тартынбай өнөрүңдү көрсөтө бил,
Кубанып ошол үчүн жанганына!
Ыр чыгар, сүйүп чыгар, бекер чыгар,
Сыйлануу, даңк алууну оюна алба».
(«Жолборс терисин кийген баатырдан»).
Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатыр» дастанына Алыкул Осмонов айта албай жүргөн сүйүү, өмүр, тагдыр, өлүм жөнүндөгү турмуштук ойлорун, монологдорун поэмага киргизип, бир айтып алган окшойт. Мына ошондон кийин акын баягы ичти тепкен бугунан, оор кайгысынан, сүйүү мунунан аз да болсо, жеңилдене түшкөн көрүнбөйбү Алыкул оор тагдырын, турмуштун башка түшүргөн кыйынчылыгын женди. Мындай өзүн жеңген эрдик жөнүндө канча акылмандын нуска сөздөрү бар. Байыркы Чыгыштын акылмандары ырдагандай, адам барган сайын өзүн жеңип, турмушту түшүнүп, ага карата анын жан-аракети, акылмандыгы болуусу керек. Акындын утушу бул: баштан өткөн турмуш кайра ыр болуп, акынга айланып, көпөлөк болуп келет эмеспи!
Алыкул ашыктыкка көз жашын төгүп, шор маңдай болуп, мунканып отуруп алган жок. Ал муңга, алсыздыкка, кур кыялга, сүйүүгө биротоло жетектетип жиберген акын эмес. Ал келечекте сүйүүнү эрк менен, акыл менен жеңе билүүгө чакырган: «эгер сүйүү күчтүү болсо өлүмдөн, мен сүйүүгө теңелүүгө акым бар».
Алыкул ырларында адамды турмуштун жеңил азгырыгынан, алаксытуусунан бийик турууну, максатка умтулууну, сезимдин ак, таза болуусун каалаган. Мына ушул байыртадан келаткан акындыктын табиятына Алыкулдун тааныш болуп, таалим алышы ага чоң көмөк болду көрүнөт.
Алыкул Осмоновдун котормосунда «Жолборс терисин кийген баатыр» 1940-жылы латын тамгасы менен чыккан. Китеп бар болгону анда 1090 нуска менен басылган.
Алыкулдун өз колу менен ошо китепке жазган баш сөздүн айрым жерин келтирүүнү ылайык көрдүк «Улуу акындын чыгармачылык жолун жана ким экендигин толкутуп жазуу кыйын, төмөнкүчө гана бир-эки ооз сөз жазууну ылайык таптым. «Жолборс терисин кийген баатыр» грузин элинин сүйүктүү ыры, 750 жылдан бери ооздон оозго айтылып, элдин жүрөгүндө сакталып келди. Ашыкчылыктын, досчулуктун, баатырчылыктын поэмасы грузин элине кайда жүрсө да (согуштарда, дыйкандар арасында, жумуш маалында, үйлөнүүдө, кайгыруу-шаттанууда) макал катары колдонулат.
Жакында болуп өткөн акындын юбилейинен кийин бир тууган улут республикаларда өз тилдерине которууга киришти, ошонун бири биздин кыргыз жазуучулары да айрым главаларын которуп, элге тааныштырды. Менин үч жылдык ишимде ушул поэманы толугу менен которуу максатын коюп, акыры ишке ашырдым.
... Орусчасы менен кыргызчасынын ортосунда чоң айырма (расхождение) бар, бирок ошондой болсо да мааниси өзгөрбөй сакталат. Поэманын эң бөтөнчөлүгү, -афоризм байлыгын сактоого тырыштым. Ачык айтканда көп жерлеринде маанисин алып туруп, өзүмчө кетип калган учурлар да бар. Мындан аркы которуучулар мындай кемчиликтерден арылуулары шексиз.
Ардактуу окуучулардан, өздөрү тарабынан сезилген кемчиликтерди мага жазууларын сурайм, мындан аркы басылуулар сайын ондой берүүгө даярмын.
Шота Руставели жөнүндө жетиштүү башкы сөз жазууга мүмкүндүк болгон жок, ал тууралуу жазылган сын материалдары менен тийиштүү китепканалардан таап алып, таанышып чыгуунуздарды сурайбыз».
Кыргыз адабиятында «Жолборс терисин кийген баатырдын» чыгышы өтө чоң жаңылык болду. Окурмандын колдон түшпөгөн китебине айланган. «Бир жылдан соң айылдан Тариэл, Автандил, Тинатин, Даражан деген жаңы туулган балдардын, кыздардын атын уга баштадым. Демек китеп кыргыз элине жетип жана аябай жаккандыгы билинет...» - деп жазган А. Осмонов «Жазуучулук баянымда».
Биздин муундун шыбагасына жазыптыр, кенедейибизден «Жолборс терисин кийген баатыр» дастанын эң мурда колго алдык. Дастанды тери тонубузга катып жүрдүк, башыбызга жазданып уктадык. Биздин окуу китебибиз болду. Далайга дейре дастанды «балдан ширин сөз тапкан» акын Алыкулдун өзү жазган экен деп жоромолоп жүрүпмүн. «Жолборс терисин кийген баатырда» арманыбыз деле калган жок: ат үстүндө жүрүп, көк чөп үстүнө өбөктөй жатып, боз үйдүн түбүндөгү ыңырчакка минип алып, дөңдөгү ак ташка сокоё отуруп, үйдөгү шайтан чырак алдында көз майды түгөтүп, кыраатына салып да окудук бейм. Бул китеп бизди кыял тулпарына мингизди. Ошондо, чар тарабың бир туруп, не бир шырдак оюгундай кооз көрүнсө, бир туруп, не бир укмуш гүл өскөн тоо беттериндей көз жоосун кандырган сулуу көрүнчү. А биз чөл талаалардан тулпарга минип, арыстандар алышкан түнт токойдон, дарыя, тоолордун үстүнөн зымырап, учуп кетчү элек.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.