Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
Биздин замандаштар жолборс терисин жамынган шердин сүрөтүн ойдон чыгарып, тамдын бооруна, туш кийизге, кагаздарга түрлөнтүп тартпадыбы! Күн дебей, түн дебей аны карап, түрлөнтө боёп, баатырды түшүндө көрүп, анын өмүрүндөй жашасак, атаганат, дешти го. Ушу китептегидей зардап сүйүшөр бекенбиз деп эңсешти. Дастанды окуган боз уландар Автандилдей, Тариелдей эл-жерге, достукка, сүйүүгө бек бололу деп шерт беришпедиби! Айылдагы Тинатин, Нестан деген кыздарга Тариелдин каттарын китептен көчүрүп, ашыктык каттарын жазышпадыбы!
«Жолборс терисин кийген баатырды» окуганда китептин капортосунда жүрсөң да, кызыктыгы ушунчалык эле, аягына чыгарыңа аз калгансып: «Эмне үчүн кыска, эң эле аз калды. Дагы жаза түшсө эмне!» - деп кеЙийт эмессиңби!
Чоң эне, чоң аталарыбыз китепти кайра башынан түшүрүп, окута беришчү, ыраматылыктар. Намазын унутуп уккан күндөрү болор эле. Эч ким ыйлата албаган немелерди биз ыйлатаар элек. Алар биз канчалык саймедиреп окуган сайын көздөрүнө жаш алышчу. Ыр арасынан жаңылып кеткенибизде, китепти жатка билген кемпир-чалдар: «Көзүңдү кара, кырааты менен оку», - деп зекишчү. Адашкан бизди оңдоп, жолго салышчу. Аттап кеткен ыр сабын кайра таап, безилдеп окуп киргенибизде: «И, ошентип, киши сыяктуу окубайсыңбы!» дешип жекип да, тамшанып да калышчу. Кокус, биз аларга таарынсак: «Китеп окуп бербейбиз», - деп маалкатчубуз.
«Жолборс терисин кийген баатыр» кыргыз элинин жүрөгүнөн түнөк тапты. Дастандагы грузин каармандарынын аттары кыргыз элинин уул-кыздарына коюлуп кетти. -
Қырк жылдан бери дастан бир канча мин нуска менен беш жолу басылды. Ал эми кыргыз жазуучу, акындарынын китептеринин ичинен мынчалык көп ирет басылып, эл арасына тез таралып, сүйкүмдүү болуп кетиши өтө аз эле болсо керек.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда кыргыз уулдары майдандан Шотанын дастанындагы жигиттеринин ырын жазса, кыздары Нестан-Даражандын катын жазышкан. Элүүнчү жылдары Тариелдин каттарын көчүрүп, кыздарга кат жазган күндөр биздин да башыбыздан өткөн Эле.
Алыкул Ысык-Көлдө жүргөндө уламыштарды, жомокторду чогултуп жүрүп, эл арасында Шота Руставели жөнүндөгү уламышты жазып калтырган.
Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги уламыштан келтирели:
«Биздин аскерлер чабуул коюп бара жатканда Рейн боюнан кыргыздын жаш солдатынын өлүгүн көрүшүптүр. Жанында кан болгон, бирок барактары бүтүн кыргызча: «Жолборс терисин кийген баатыр» деген китеп бар экен дейт».
Бул жалган сөз эмес эле. Тянь-Шань тараптан Шотанын дастанын майданга ала кеткен жоокерлер болгонун өз кулагыбыз менен укканбыз.
Эл эң мыкты уул-кыздарга, жер-сууга, ири чоң окуяларга гана уламыштарды чыгарган. Эми кыргыз элинин арасында Шотаны которгон Алыкул Осмонов женүндө артында уламыш айтылып калышы бекер жерден эмес. Бул элинин акынды сүйгөнү эмеспи.
Окуучум, махабат ар пенденин башына, улукпу, кичикпи, анысына карабай, тийген күндөй тең белем. Ар кимдин үлүшүнө келүүчү парз. Мындан мен аз алдым, сен көп алдың деген таарынычы болбосо керек. Адам өксүсө, коколой башын жемелей турган. Кимде кимибиз, жаш куракта бололу, Мажнун кебин кийип, сүйүү отунун ысык, муздагын көрдүк деп коёлу. Мындай табият тең бөлүштүрүп ыйгарган ырыскыны ар кимибиз абийир алдында канчалык актай албадык, ошол жөнүндө айтышпайлыбы! Мейли ыр жазганыбыз, жазбаганыбыз болсун, ошо ак сүйүүгө баарыбыз Алыкулча таазим кылдыкпы?
Алыкул көзү өткөнчө ак сүйүүсүнөн ажырашуу себебин билген эмес. Қыздан кылдай кынтык таппай, ага айып оодара албаган. Алыкул менимче, ал ашыктык делебесин сая кетирбей, анысын өмүр бою мазардай ардактап жашады. Акындык насыйкаты менен сезим эстелигин тургузду, кагаз бетинде сүйүүсүн калтырды.
Сезимин өмүр бою таза сактап жүрдү: «Бирок, түшүн, акылың кем жаш сүйүү, ошентсе да, сенден көңүлүм калган жок».
Махабат эзелтен элдин, акындардын оозунан түшпөгөн кеби. Анан калса, деле байыртан бери ченде жок, актаңдай акындар ашыктык мазесин не бир укмуш бал тилге салып, сөз айкалыштыра дастан жазып, даражасын кылда бийикке чыгарып таштады. Махабатты адамга ушунча от кылып карматкан акындын кызыл тили, тулпар жүрөгү эмеспи. Ырга чын ыклас таштагандын баарынын дастан жазууга кудурети жетпестир.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.