Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
Акындык кудурети күчтүү, жүрөк дили тазанын гана колунан келээр...
***
Айдайдын өмүрү кыска болду. Жаш жубай Алыкулду кеч түшүнүп калды, жолукканда эстүү кургур, сүйгөн уландын көңүлүн улап, баягысындай мээримин төгүп, кеп-кеңешин айтып, анын махабаты достук ызатка айланып кетээр бекен деп, далалаттанды. Айдай бейпай түштөрдү көрө баштаганын ынак курбуларына айтып калчу: «Атам, Османалы байкуш эле түшүмө кирет. Мага тонун айкарасынан жаан, урушуп жатыптыр: «Алыкулду эмнеге жалгыз калтырдың», - деп капаланат».
Мындан беш ай өтпөй, Айдай төрөттөн кийин оорусу өтүшүп, каза тапты. Ал Шотанын дастанын окубай калды.
* * *
Фрунзе калаасынын түштүк-батышты карай жыйырма чакырымча жол жүрсөңүз тоо таянган Токпай деген айыл бар. Ошол айылда жетимиштерге барган Санипа деген кемпир жашаган. Санипа Айдайды жыйырма жашында төрөгөн. Айдай колдо чоңойду, эстүү кыз болду. Он үчкө аяк баса электе таякеси шаарга, педтехникумдан окутту. Айдай жолдошторунун эскерүүсүнде токтоо, айткан сөзү орундуу, ырды сүйүп окуган, орусча тың сүйлөгөн, өтө боорукер да, жаракөр да болучу. Кыз эне-атасынын жалгызы болгон соң: «Силерди он эркек баладан кем бакпайм», - деп убада кылчу. Аларды сагынтпай, айылга бат-бат барар эле.
Айдайдын атасы Жигитаалы уулу Осмоналы согуштан кийин тери, жүн чогулткан кызматчылыкта жүрчү, атка чегилген чакан арабасы боло турган. Осмоналы айыл кыдырып, калаага бат-бат каттачу. Кез-кезде Осмоналы техникумдун алдында сабак бүткөнчө кызын күтүп отуруп, арабага салып, санаасы тына үйүнө кайтат.
Саница апанын эсинде, анда кызы беш жылча окуп калган, бир күнү шаарга келсе, Айдайы көчөдө узун бойлуу, арык чырай бала менен сүйлөшүп туруптур.
Бала ыйбаа кыла качып кетти. Эне кызын ээрчиткен тейден көчө ылдый басышты. Баягы жигит тамдын бурчунан карпа-курп чыга калып, шашкан тейден бакка жашынып, уялганын айтпа. Кийин да энесин ээрчиген кызды акмалап жүргөн.
- Ыймандуу бала экен. Кайсы бала? - деп эне кызынан сурайт.
Айдай сырга бек болсо да апасынан кымындай кеп жашырчу эмес.
- Бир акын бала - дейт Айдай энесине, - мага кат жазып жүрөт. Жакшы бала.
- Буга чейин өзүң билдиң кызым, - дейт акыл айткан Санипа, - энең менен акылдашарсың. Қыз дегенди энеси билет.
- Мен силерди кыя албайм. Тилиңерден чыкпайм, жаным апа, — дейт Айдай апасын кучактап бетинен өөп. - Ак сүтүңөн кантип кутулар экенмин.
Айдай отуз сегизинчи жылы жай айлары педтехникумду бүттү. Түштүк райондорго барууга кагаз алды.
Айдайдын ою - ата-энесине каралап, аларды багуу болчу. Түштүккө кетсе, бойго жетип калган кыз, ким билет, кайра кайрылып жалгыз бой келеби, келбейби, кыйын го. Алыкул Айдайга амал таппайт. Ал сүйүү жөнүндө гана сөздөрдү айтат, поэзиясыз өмүрүм болбойт дейт, Айдай экөөнүн турмушу жөнүндө чечкиндүү эч нерсе айтпады. А мүмкүн Алыкул поэзиясын ошончолук сүйсө, жалгыздыгы жакшыдыр?!
Айдайды ушундай санаа баскан күндөрдүн биринде Осмоналынын үйүнө айлынан жуучу түшүп калды. Жуучулар Осмоналы менен Санипанын тууган-туушкандарын ортого салышты. «Бири-бирибизди эзелтен бери
билебиз. Айдайга балабыз сүйлөшүп жүрүптүр. Аныбыз: «Кызга жетпесем, тентип кетем же өлөм», — дейт.
Тууган элбиз, бири-бирибизди кыя албайбыз, — дешти алар.
Эне-ата туугандарынын тилинен чыкпады. Алар эл алдында: «Кыз ата-энесин кыя албайт. Иши кылып барган жеринен бак айтсын, бактылуу болсо, биз ыраазыбыз», - дешти чурулдакка кошулуп.
... Токпайдагы Санипа апа акырында Айдайдын кыял-жоругун, кеп-сөзүн, анан кантип турмушка чыкканын, төрөгөндө күнү-түнү кызын ооруканада күзөткөнүн, акыры каза тапканда калаа ичинде көзү карайлаган жаны кантип үйгө жеткенин айтып, «жакшы балам экенсиң Айдайымды эстеткен» деп далайга бышактап ыйлап алган эле, маркум....
Алыкул сүйүү отуна чалдыккан кезде жана бу толкун өткөндөн кийин жаш акындын чыгармаларында «ай», «айдай» деген сөз көп учурай баштады. Абайласак, буга дейре а сөздөрдү аз пайдаланыптыр. Осмонов «ай», «айдай» деген сөздү жакшы көргөн. Береги сөздөрдү алганда жаш акын өзүнүн сүйгөнүн элестеткен. Ал сүйгөнүн «айым» деп айткан экен. Ошондуктан жанагы сөз акынга ого бетер жылуу, баалуу болгонбу деп жоруп калабыз.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.