Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
Ырас, Чыгыштын акындары атам замандан сулуулукту айга салыштырганды жакшы көргөн. Алыкул үчүн аалам планетасынан башка акындын жүрөгүндө өмүр бою айланган назик айы болгон.
Алыкулдун Айдай менен сүйлөшүп жүргөн кезинде, «Сүйүктүү түн» деген ырына бекеринен мобул саптар кирбегендир:
«Тос бетиңди сулуу айга
Сен да сулуу болорсун,
Ушул түндө бизге күлбө
Айдай сулуу сорорсун.
Курбум билет аз күн болду,
Санаам такыр өзгөрдү.
Же кеч, эрте сундум колду
Алууга айды көктөгү».
Алыкулдун кол жазмаларынын арасында «Махабат» деген бүтпөгөн көлөмдүү ыры бар. Болжолдо акындын «Махабат» поэмасынын алгачкы үлгүсү окшобойбу! Алыкул чыгармасында биринчи саам Айдайдын атын алган. Ырдагы кыздын аты Айдай болот да, жигиттин аты Бозой. Экөө окуу жайына чогуу киришет. Окууну бүтүп айылга жөнөштү. Айылда сабак берин иштеп жүрүштү. Аңгыча согуш башталды. Бозой майданга кетти. Арадан үч жыл өтөт. Бир күнү кабар келди. Эки ооз табышмактуу кат эле. Мындай жазуу бар:
«Мен жаралуумун. Барууга макул болсон, кабар ургун». Айдай кыз, ошол замат келгин деген. Акырында күтүү күнү. Айдай уялып, тосуп барбай, үйдө калат. Ыр ушу жерден бүтпөй калган.
Бул ырда акын өзүнүн сүйүүсү жөнүндө айткан саптары бар:
«Жаш кезде, жаштык күнүн ким сүйбөгөн,
Жалындап ким жанбаган сүйүү менен.
Жаш сүйүү, жаш махабат улам күчөп,
Деңиздей чалкуу жолун үйрөнбөгөн.
Ал бир күч, ырбай берген албууттанып,
Чырмалып миң толгонуп, миң буралып,
Махабат коңгуроолу куш сыяктуу,
Карматпай улам учкан шыңгыр кагып».
Чыгарманы Айдай деген ат менен Алыкул басмага берген жок. Сүйгөнүн ошончолук барктаган акын, анын атын туш келди пайдалана бергиси келбеген.
А. Осмонов «Жолборс терисин кийген баатырды» которгондо «ай», «айдай» деген сөздөрдү далай ирет эби менен пайдаланып, дастандын ажарын ачып, көрк берген. «Толгон айдай толукшуган мүчөсү ай, беттеринен күн шооласы чачырап», «Күн нурунан ай жоготоор жаркыным, Толгон айдай толукшуган, суналган», «О сүйүү, сенден жардам болор бекен? Көктө ү ай! Менин жарым сендей бир ай», «Ай күлсө, асмандагы көп жылдыздар-алыстан, эң алыстан жымындашар», «Ушинтип чыны менен көргөн түштөй, күнүбүз айдай батып кеткенибиз», «Бечара айсыз түндөй караңгылап», «Мен ойлойм табылбас ай, ал жоголгон», «Сулуунун баркын билбес жамандардан, кор кылбай Айды тартып алайын-дейм», «Тариел, ал бир толгон айдай эле», «Ай уктап... калган кезде таң агарып...» ж. б.
Же: «Махабат — бирде уу да, бирде балдай,
Махабат — бирде учкул жагалмайдай.
Махабат - бирде туткун эркке көнгөн
Кор болгон бирөөлөргө алдангандай.
Мен үчүн: булуттардын арасында —
Кылт этип кирип кеткен кайгылуу айдай» ж. б.
Назиминин «Хосров менен Ширин» дастанынан:
«Ширин кыз топ ичинен айдай эле», «Қол жетсе, толук- шумай - толгон айдай», «Айдай көктөн жаркырап тийбес беле», «Кайгылуу булут баскан айдай өңдүү», «Кайрадан толгон айдай шоола чачып», «Ал айдай, алтын күн сымбатындай», «Ай жүздүү ак беттерин чүмкөп алып», «Бири айдай, бири күндөй жаркырашып», «Перизат, пери түстүү: «Асман айы...» ж. б.
«Жолборс терисин кийген баатырдын» бир сабынын башына Айдайдын атын жазгандыгын Алыкул бирөөгө айтканын кулагым чалган. Мына эми, караңгыда ийне жоготконсуп, Шотадан Айдайдын атын издеп чыгалы.
Ана! «Араб ханы Ростеван жөнүндө баянда» мобундай сап бар:
«Айдай толуп, бойго жеткен чагы эле -
Кантип айтам, анын көркүн, мүчөсүн»
Жогортодо акын деген сөз менен мунара курат дедик. Чебер уста мээнет менен түйшүктө табылган ар бир сөздү салмактап, орундуу жерге кынаптап айкалыштыра тизет.. Ырында акын асмандагы айды алгандай шаани берсе да, тереңде күйүтү жөнүндө эстеп койгонбу деп ойлоп калдым. Билгенге «айдай» деген сөз чебер уста кыш арасына шек билгизбей алтын каткандай болуп калганбы?
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.