Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

Казыр, Айдайдын көрүстөнү кайсы экенин эч ким тааныбай калды. Аны Токпай айлындагы жалгыз кемпир анда-санда эстечү. Ал эми Алыкул ашык болгон Айдай акындын чыгармасында өлбөй жашайт. Мунусу ким, кайда болду экен, ашкан сулуу беле дешип, окуучу тегин сүрүштүрүшөт, ага суктанышат.

 

***

 

Алыкулдун кол жазмаларында чекесин кызыл кыюу басылган боз дептеринде он бир деген жазуу бар.

1949-жылы, акын өлөрүнө бир жыл калганда, ыр чыгарууга асыраган оюн түшүргөн.

«Неге карайсың? (Айдайдын портретине)» деп, жазган отуз биринчи бетке Алыкул. Акындын кол жазмаларынан Айдайга жазган ыры табылбады. Алыкул ашык жарынын көз жумганына он жылдан ашуун өтсө да, махабатын өмүр бою сактаган. Дүйнөлүк поэзияда жан шооласынын сүрөтүнө ыр арнаган канчалык мыкты ырлар бардыгын эстеп көрүңүзчү.

Алыкул, андан он эки жыл мурда (жыйырма эки жашында) түшкөн сүрөтүнүн артына мобундай ыр жазып, Айдайга берген:

«Жашынмактуу жаштык сырын чечерге, Күлкү кылбай гүлдүү ушул кездерге, Қыска өмүргө чындап болсун дабаа деп. Жаштык күнүн дабаа кылдым сизге эскерме».

... Кезегинде Токпай айлындагы Санина апа кара чечекейиндей сактап жүргөн Айдайдын сүрөтүн сандыктын түбүнөн алып чыгып көрсөткөн. Айдай ашкан сулуу болбосо да, сурмалуу кой көз, маңдайы жарык, ак дидары моймолжуп, кыялкеч эле. Сулуу элеси Алыкул үчүн, «таңкы чолпон жылдыздан уяңыраак» мүнөзү, «сымбаты көз жаңылткан сонун көркү», «жерге тийип, тесмелеп өргөн олоң чачы» келишкен, «беттеринен күн шооласы чачыраган» ай жамалдуу жаш сулуу түспөл болгон. А мүмкүн акындын көзү менен карасак, «Жолборс терисин кийген баатырдагы» төмөнкү саптарда Айдайдын элеси чыгар.

«Сүрөттөсөм: кундуздай капкара каш,

Жерге жете сүйрөлгөн өрүлгөн чач.

Мандайында жалжылдап жылдыз жанар

Алкымынан көрүнгөн жутулган аш».

 

Айдайга койгон Алыкулдун эстелигинде айып жок, татынакай...

 

***

 

С. К. А. деген киши театрда иштейт. Алтымыштын кырын ашып калган, кыргыз өнөрүнүн өсүшүнө аздыр көптүр үлүшүн кошкон киши. Мен Айдайдын дайнын сураганда, аябай таңдана карады.

- Аны кайдан билесиң? - деди С. К. А. дагы эле мага ишенбеген кейпинде. Бул жерде бир катылган сыр түйүнү бар экендигин билдим. Мен Алыкул Осмонов, Айдай Жигиталиева жөнүндө сураштырганымды, чыгарма жазарымды жашырбадым.

Көрсө, С. К. А. Алыкулдай эле Айдайды жакшы билет экен. Ал Айдайга... ашык болгондун бири экен. Аттиң, бу да күлгүн кезинде бир Мажнун болуптур.

С. К. А. Айдай менен педтехникумдун даярдоо курсунда үч жыл бирге окуптур. Алар бирге оюн коюшуп, ийримге катышчу экен. Ошондо жаш улан Айдайды сүйүп калат. Үстөккө-босток кат жазат. Кызга акылдуу сөздөрдү айткысы келет. Аны сабактан кийин үйүнө узатат. Кыз да жигит шагын сындырбайт. Анткени менен жооп да бербейт. С. К. А. аңгыча Москвага институтка окууга кетет. Ал жактан да Айдайга кат жазып, кыздан оңгулуктуу жооп ала албай коет. Канткен менен жүрөк дегдеп, ой жана берген.

Қырк беш жылдан кийин жаштык кездеги алгачкы сүйүүндү кайрадан эстеп, биринчи жолу өзүң бирөөлөргө айтып отуруунун кандай ыракаты да, азабы да болорун С. К. А. нын маслетинен улам билдим. Айдайдын өмүрүн, кызга болгон сүйүүсүн айткан адамым деле шумдуктай жандана түштү, үнү каргылдана, колдорун саал калтырак басты, өңүнө кызыл жүгүрдү.

Өмүр бою чөнтөк дептерине катып, эч адамга жарты сөз чыгарбаган улуу сырын С. К. А. биринчи ачып отурду. Мен жакшы эле алгачкы сүйүү ырларын окудум эле! Бул кишинин кеби алгачкы сүйүү ырынан кем эмес эле Алгачкы сүйүү жөнүндө не бир актаңдай акындар таңшыбасын, дагы эле тирүүлөргө бу баян аздык кылат турбайбы! Эч ким сүйүүнү толук, жеткире айтып салбайт экен да. Ар бир адамдын сүйүүсү, өмүрүнүн куту, кубаты, тунук булагы, каткан сыры, ыры бар.

Бул адам оропарадагы тамдын керегесинде кадалуу куурчакты көрсөттү.

Куурчакты көрдүңбү? — деди ал.

Керегеде илинген бакырайган, сулуу куурчакты карадым.

С. К. А. куурчакты аяр колуна алды. Ал бир эң кымбат, колдон түшүрбөйүн деген кыярда асыл, назик нерсени кармагандай болду.

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.