Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
Бул Айдай! — деди С. К. А. толкундана. – Бу куурчак отуз беш жылдан бери жашайт.
Мен түшүнбөдүм.
Көрсө С. К. А. куурчак театры үчүн отуз жыл мурда пьеса жазат да, анда катышкан кыздын атын Айдай коет, куурчагын да өз колу менен жасайт. Мына эми ошол Айдай — куурчак дайыма С. К. А. менен чогуу жүрөт. Куурчак чын эле С. К. А. ашык болгон жаракөр кыз Айдайга окшошуп кеткен жагы бар эле.
Адам баласы сүйүү үчүн не деген отко-чокко түшүп, не эрдикти, не сонунду, не бир укмушту жасабаган. Тарыхты изилдесең, көзү өткөн сүйгөнүнүн урматына ак сарайлар, таш эстеликтер, күмбөздөр, шаарлар курушту. Жер-сууга атын атап коюшту. Музыка, сүрөт, поэма жазышты...
Ал эми сүйүү үчүн... куурчак жасашты биринчи керүшүм. С. К. А. нын кылыгын ичимен жактырдым. Куурчак дегениң башкаларга караганда сүйгөн адамыңдын жанында жакын жүрөбү деп калдым. Ал теке маңдайында сени алайып, жоодурап, азыр эле сүйлөп жиберчүдөй карап турат.
С. К. А. сейфди ачты да, кагаздардын таңгагын чечип, андагы бир жедеп эскирген блокнотту алып чыкты.
- Мында Айдайга арналган ыр бар, - деди С. К. А. Ушул кезге чейин, кырк эки жыл блокнотто катылуу жүрүптүр.
С. К. А. ырды жатка окуп кирди.
«Калем алып солдон оңго шилтесем,
Жүрөк сыры калем учтан төгүлөт,
Ойлобоско канча аракет кылсам да
Эмне үчүндүр оюм санга бөлүнөт.
Ашык деген тартат экен өзүнө,
Карабастан жаман-жакшы көзүнө.
Ашык болуп калыптырмын мен сага,
Кулак салып олтурсам дейм сөзүңө.
Ашык деген бир сүйүүдөн бүтпөйт го
Ашыктыкка дүнүйө келип жетпейт го,
Ашык болуп өлүп кетсең дүйнөдөн
Өлсөм дагы жүрөгүмдөн кетпейт го...»
- Айдай турмушка чыкканын угуп, бул ырды 1938-жылы жазгамын. Мобул Фрунзе калаасынын паркында... Ал ыр жазган отургуч азыр жок... – деди С. К. А. - Элүүнчү жылы бузулду.
Мен Мажнун кейпиндеги, алгачкы сүйүүсүн эстеген адамга, аны Мисир туткан адамга кулдук ургум келди.
Адам дегениң дүнүйө, мүлк, дөөлөт менен эмес, таза сезими менен бай, ардактуу эмеспи.
С. К. А. менен коштоштум. Ал муну өтүндү :«Сүйүүмдү иним, биринчи адамга айтышым, муну эч ким билбесин, ортобузда эле калсын».
С. К. А. аба, мени кечирип койсун: анын чыныгы сүйүүсүн адам биле турган, андан адам таалим ала, суктана турган эстелик экен. Аны билип коелу. Ал эми абанын аты-жөнүн жашырып, толук айтпадым, тек гана үч тамга койдум...
** *
Алыкул отузга аяк басканда Шота Руставелиге экинчи ыр арнады. Ал Шотаны аба деп урматтап, эркелетип, жан боорундай сыйлаган. Акын улуу дастанга таазим уруп, жанды эриткен арфа, ырлар менен, конур, үндөр, сүйүүлөргө суктанат. Алыкул жүрт үчүн жупуну касаган эмгегин айтат. Улуу Шотага теңелгиси да келбейт. Болгону — шакирти устасына келип, арыз-мунун айткандай, «арманым ошол сүйүү бул күнгө да, кайрадан жаралсачы атаганат» деп өзүнүн гана зарын чыгарып койгон...
Алыкул Осмонов өзүнүн күндөлүктөрүндө, дептерлеринде Шотанын ырларын, насаат сөздөрүн көчүрүп алып, өмүр бою унутпай алып жүргөн.
«Сүйүүнүн адам билбес түрлөрү бар».
«Даңктуу өлүм мазактуу өмүрдөн артык».
«Дос, душмандык билинет, кыйындык башка түшкөндө»
«Өмүрүндө бир чоң эмгек жасоого кудурети жетпесе,
ал акын эмес». «Күйүттү күйүт эмес, кайрат басар»,
Шота Руставели Алыкул Осмоновго бир гана чыгармачылык жактан устат болбостон, бу тиричилик жашоодогу мугалими болгон эле. Ошондуктан осуятчынын айткан кептерин Алыкул өмүр бою ата керээзи сыяктуу ыйык туткан. Алыкул кыйынчылык башка түшкөндө ага түбөлүк тынчыбай коңгуроосун уруп турган Шотанын ырын эске салар эле. Шотанын айрым ырларын жатка билчү. Ал ырлар акынды чыйралтып кайрат берчү, түн бою кагаз тиктеп отургузуп, дүйнөгө сугун арттырып жашатчу.
«Эр жигит - ыйлай берсең жокко дегдеп,
Өмүрүң төккөн суудай бошко кетет. Майышпай кыйындыкка чыдай билсең:
Бакытка акыр бир күн колуң жетет. Алдындан тоо келсе да тешип өтүп, Көздөгөн максатыңа жетүүң керек».
«Жамандыктын артында жакшылык бар,
Далай өтөт жигиттен кыйындыктар.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.