Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
А. Осмонов ошондой мезгилдин шаанисине батып жүргөн. Өмүрү да мөлтүр булак башатындай жаңыдан башталып, агып келатты. Балалык күндөрү техникумда өттү.
Техникум ачылары менен окуу жайында «Кызыл учкун» адабият уюму уюшулган уюмдун ачылышы жөнүндө «Эркин Тоо» газетасы 1925-жылы 22-декабрде минтип жазган: «Областтык кыргыз институтунун жанында жаңыдан адабият уюму ачылды. Бул уюмдун ачылгандагы максаты — кыргыз жаштарынын арасындагы жазууга шыктуу жаштардын өсүшүнө жардам берүү, кыргыздын калк адабиятын тереңирээк үйрөнүү болуп саналат.
Жаңыдан ачылган адабият уюму өзүнүн алдына бир топ максаттарды койгон. Алардын эң негизгилери: жаштарды башка элдердин адабияты менен тааныштыруу, кыргыз тилин жана анын адабиятын, өзгөчө оозеки адабиятын жакшылап үйрөнүү».
Адабият уюмуна мүчө кылып алуу өтө ардактуу милдет эле. Ийримде кезек-кезек менен ыр окулчу, талкуу жүрчү.
А. Осмонов адабий ийримде аты окурмандарга белгилүү болуп калгандардан таалим-таасир алганга жан-дилин коюп, жакшы ыр жазсам деп, ак эткенден так этип жүрөт. Ийримде балдар менен адабият, өнөр жөнүндө, комсомол, жүрүм-турум, адеп тууралуу маслет курушуп, көптү билүүгө ынтызар, күлгүн кези. Ал жөнүндө адабият чөйрөсүндө шоораттуу сөздөр айтылып калган.
А. Осмоновдун өзүнүн жазган жазуучулук баянын окуйлу: «1930-жылы сентябрь айында «Сабаттуу бол» деген республикалык газетага «Қызыл жүк» деген ырым чыкты. Ал ырды окуп алып, ошол түнү кубанганымдан уктабай чыктым. Газетаны катып коюп, күнүгө он жолу окуйм. Эртеси дагы бирди жазып алпардым, анан дагы... дагы... Сабак маалында да, бош убагымда да жазам...»
Чыгарма жазууну башынан өткөргөн адам жаш талапкердин алгачкы эмгеги жарык көргөндөгү кубанычын билер. Анан Алыкул жолдошторуна, өзүнөн улууларга, тажрыйбасы бар, сыйлагандарга ырын көрсөтүп, окуп жүрдү. Айрымдары сындарын айтышты. Кай бири аны далыга чаап мактады. Ошондой жан үрөп, ыр деп дегдеген жаш талантка эки ооз жылуу сөз кандай каниет.
Отузунчу жылдар коомубузда саясий-социалдык жактан, адеп-аклак, психологиялык жактан улуу бурулуш жасаган, кийинки муунга сабак болоор, акыл токтотуп ойлонтоор, татаал да, оор да мезгил. Анда ата-энебиздин акылдары, насааты, керээзи жатат.
Азыр тарых барактарынан, улуу муундун осуят сөзүнөн улам ошол кездеги элдин революциячыл духун, жаңы заман үчүн болгон таптык күрөшүн, билимге умтулууда, отурукташууда, колхоз-совхоз уюштурууда келип чыккан кыйын абалын билебиз.
Ой чабыты менен отузунчу жылдардагы кыргыз адабиятынын абалын сүрүштүрүп көрөлү. А кезде саналуу эле кыргыздын акын-жазуучулары бар эле. Алардын атайы билими да, тажрыйбасы да болбогон.
Отузунчу жылдары - кыргыз адабиятынын телчигүү жылдары десек да болот. Кыргыз адабияты жаңыдан гана дасыккан жазма адабиятка жетүүгө алгачкы гана кадамын таштаган учур, Ата Журттун тарыхына акыл-ой токтотуп, башка элдин адабияты менен ат салышып, сулуулук жаратууга дарманы жетпей турган балтыр бешик кези.
Чынында бүткүл дүйнөлүк адабият менен өнөрдөн кабары аз, жедеп дасыккан деңгээлге көтөрүлө албаган кыргыз жазуучусу үчүн ошол өзү жашаган доордогу социалдык, психологиялык улуу өзгөрүштөрдү дароо сезип, баа берип, ири чоң чыгарма жаза салуу оңой-олтоң болгон эмес да. Анткен менен кыргыздын акын-жазуучулары Ата Журтка баш баккан жаңы доордун, Кенеш өкмөтүнүн жарчысы катары жаңы замандын талабына - тап күрөшүн жоюуга, партиянын жана өкмөттүн алгачкы койгон идеологиялык күрөшүнө ак кызматын жан аябай өтөгөн.
Алар дүйнөлүк адабият менен өнөрдөн өксүшсө да өздөрү жаш туруп, уйку безе жан сабап, алга умтулуптур, аракети, күрөшү бар экен. Бирок, ошо кездеги бир жактуулукту айтпай кетүүгө болбой турган. Менимче, отузунчу жылдарда социалисттик реализм, таптык көз караш деген талап баса айтылгандыктанбы, айтор, адабияттын жазуу маданиятына, нукура көркөмдүгүнө, өнөрдүн сулуулук дүйнөсүндөгү талабына анчейин көңүл бурулбаган сыяктанат.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.