Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
Айрым кезде такай чыгармачылыкка берилип, өзүнчө жол издеп, чындыкты жазууга аракеттенген кээ бир жазуучу-акындар чала-моңол адабиятчылардан насыя тил уккан учурлары болуптур.
Дүйнөлүк адабият менен өнөрдөн кабары аз, даярдыгы жок туруп, адабиятка кеңешчи болгусу келген айрым алабарман адамдар улуттук адабияттын ошол мезгилдеги жаштыгына, проблемасына, басып өткөн жолуна баа бербестен, адабият менен өнөрдүн көркөмдүк эстетикасын, табиятын түшүнбөй туруп, чыгарманын көркөмдүк-эстетикалык жагдайына изденген кээ бир жазуучулардын чыгармаларындагы сөздү же бир эле сабын жулуп алышып, карандай саясий айып коюшканын бүгүнкү күнү басма сөздөн окуй алабыз. Андай калпыс, үстүртөн жазылган залакалуу сындардын жазылышына азыркы күндүн окурманы таң калары чын.
А кезегинде кыргыз жазуучуларынын көпчүлүгү отузунчу жылдары ошондой куру жалаа, айыпты башынан өткөрүшкөн. Барыдан мурда мындай бир жактуу мамиле жаңы эле калем кармап, чыгармачыл жактан издене баштаган адамдын кедерин кесет эмеспи. Атаганат, ыр жазсам деген дилгир уланга темир канат кезинде жашоо-тиричилик, дүйнөнү таанууда башкөз болуп, искусствонун чыйыр жолуна багыт берип, жакшы менен жамандык, сулуулук менен серттикти кулагына куяр, мүнүшкөрдөй астейдил устаты керек турбайбы.
Мындай жетимсирөөнү кыргыз адабиятына адеп келген акын, жазуучулардын дээрлик баары башынан өткөрүшкөн. Алар поэзиянын узак жолунда адашып, кайсалап калбай, бороон-чапкынын тосушту. Жол издешти, өжөрлөнө алга умтулушту.
Ушундай татаал, жооптуу жолду басып өткөн кыргыздын алгачкы муундагы жазуучуларынын өмүрүнө, эрдигине, чыгармачылык жолуна, адабиятка биротоло берилгенине там бересиң. Арийне, азыркы дүйнөлүк адабият, өнөрдүн даяр гүлбагына кумарланып, ыракат алган жаш муун улуу муундун эрдиктерине баа берип, эстей жүрөлү.
Кыргыз жазуучулары отузунчу жылдары өздөрү өздөрүнө мугалим, устат болушкан көрүнөт. Ошол жылдардагы адабий мурастарды аңтарып карасаң жазуучулук өнөр, кесип жөнүндө, деле адабият, сулуулук жөнүндө жазган, өнөр баянынан таалим бергидей маданияттуу насааттын бирин-экисин гана табасың.
Белгилүү жазуучу Мукай Элебаев отузунчу жылы, жыйырма беш жашында чыйрактык кылып, кыргыз адабиятчыларынын эң биринчилеринен оозаныптыр, адабиятка баа берип, «Кызыл Кыргызстан» газетине минтип жазган экен. «Көркөм сөз, көркөм ыр деген талант толкуну, талант күчү менен чыга турганын көптөн бери билебиз. Анын көркөм сөз көздөгөн жерге дал тийип, жүрөктүн сандыгын аралап өтүү керек, көздөгөндө урган таштай тийип, жүрөктүн толтосуна кадала калуу керек».
Ушу жазуучунун таалимин кайсы бирлер жөн да коюшпаптыр. М. Элебаевдин чын пейилден айтылган сөзүнөн да, айрымдары «Жазуучунун сөзүндө бир да тап деген сөз жок, башынан аягына чейин тапсыздык, партиясыздык көз менен карап жазган; адабиятка байчыл, идеалчыл көз караш деген мына ушул болот» деп «бөйрөктөн шыйрак чыгарып», жок жерден айып таап, өзү адабияттын билерманы болуп чыга келгенин окуй алабыз. Бүгүнкү күндө М. Элебаев кыргыздын белгилүү жазуучусу, тарыхта эмгеги, атагы калды, ал эми учурунда жазуучуга жалган айып коюп, анын көңүлүн чөгөрүп, санаага батырып, далай жаңы чыгарма жазууга кедерги болгон баягы сынчы сөрөйдүн атын азыр эч бир адабиятчы эскербейт. Тарыхтан ашкан улуу сынчы жок белем, жүрүп-жүрүп отуруп, баарын өз-өз ордуна жайгаштырып коёт турбайбы!
Алыкул Осмонов орус тилиндеги китептерди шыр окуп калган неме орус жана дүйнөлүк адабиятты окуп да, бара-бара которуп да жүрдү. Акын болуунун касиетин, анын түйшүк-мээнетин, тажрыйбасын, чеберчилигин үйрөнгөн. Адегенде аларды туурап да ыр жазган күндөр болгон.
Ал котормонун маанисин, мектебин эрте түшүнүптүр. Ал кырпыз адабиятында классикалык чыгармаларды алгачкылардан болуп которо баштаган тузунчу жылдардагы А. Осмоновдун орус жана дүйнөлүк адабиятынан алган котормолорун карасан: А. С. Пушкинден, С. Маршактан, К. Чуковскийден, М. Светловдон, В. Вересаевден, Г. Гейнеден, Абайдан, Шотадан кийинки жылдары Шекспирден, Навоиден, Низамиден ж. б. которгон. Өмүрүнүн акыркы жылы Алыкул Гётенин, А. Мицкеевичтин чыгармаларына кызыккан. Бул жазуучулардын чыгармасына кызыгуу кокустуктан чыга калган эмес. А. Осмонов көп окуган, өзүнө жаккан жазуучуну, анын чыгармасын алган эле.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.