ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

– О'кей!

Таштанафган короодон чыгып баратып, унутканы эми эсине түшкөнсүп ойлоно токтой калды да, анан кайра бурулуп:

– Арсен, бир мүнөткө токтой тур, – деди.

– Ии, унутканың эми эсиңе түштүбү? Кулак сенде.

– Мындай туралы, Арсен. Сен биздин өз кишибизсиң, бүт баарыбыз ушул жерде төрөлүп, ушул жерде эр жеттик. Жат адамга жаткан ташын бербейбиз. Арабдарга эмне, биздин тоолорго келип, көңүл ачып сайрандап кете берет. А биз ошону ойлонушубуз керек. Жанагы сен айткан бешөөбүз сени менен отуруп сүйлөшөлү дегенбиз. Мындай учур болбостур. Айтмакчы, шефтин тапшырмасы боюнча сага ат даярдап койгонбуз. Араб ханзадаларынын жанында дайыма жүрөсүң, аяк-биякка чапкылап каласың дегендей. Айтор, сага ат мыктысын камдадык, ээр-токумун да ойдогудай тандадык. Шефтин сөзү эки болмогу жок. Ошону барып көргүнүң, минип алып ары-бери бастыргын, анан чай үстүндө сырдашалы.

– Макул, Таштанафган, барайын, бүт бардыгы сен айткандай болсун. Бирок качан? Убакыт табыш керек экен, бизнес-план боюнча жылчык табылар бекен? Шеф менен кеңешиш керек экен.

– Мен дагы ошону айтып жатамын, азыр биз бизнес-план менен гана жашап калдык. Бүгүн 12си, арабдар 17синде келет. Эртең сүйлөшсөк кандай болот? Андан кийин кол-жолубуз бош болбойт. Тоого чыгып келели, ойноп эмес, жер чалгындайлы, өңүт кайда, куугун кайдан болот, ошону акылдашалы. Атаңкөрү десең, болгону атабыз таанымак турсун бир көрбөгөн эки араб келе жатат, а биз болсо бүт айылыбыз менен кымгуут түшүп даярданып жатабыз. Күлө турган киши жок, ой тобо.

– Бизнес-план ошондой да.

– Ошондою ошондой экен. Ансыз кыймылдаганга да, өлгөнгө да мүмкүн эмес, капырай. Мейли эмесе, бешөөбүз сени күтөбүз. Ай, ата, дагы унутуп бараткан экенмин, алар мал баккан жигиттер, сени менен жолуксак деп көздөрү төрт болуп отурушат.

– Жолугайын. Шеф менен макулдашайын.

– Ошент, бирок кечеңдетпегин, классташтарым менен деп айт. Ичмей-жемей деген бу жолу болбойт, аны башка жолу жасайбыз, беш куугунчу тигилерге ушинтип айттык. Иш маанилүү эмеспи.

– Убара чекпе, Таштанафган, мен деле ичкиликке жокмун, – деди жай гана. Анан анын баягыл шайтандары азгырып, жакында эле «Евразия» деген ресторанда бир стаканга кырынан куюлган арак ичкенин мактана айтып жибере жаздады да, а анын не себептен болгону ошо замат мээсине тикенектей сайылып, жаагын жап кылды. – Бир мектепте окубадыкпы, чогула турган, сүйлөшө турган жайыбыз бар.

– Ошондон айтып жатам да, Арсен, болбосо... Не болсо да беш айдакчыны билип кой. Саксаңды тааныйсың да, чогуу окуганбыз, мурда мугалим болчу, эсиңдедир, биз аны Саксагай деп жинине тийчү эмес белек. Педокуу жайын бүтүргөн, дене тарбиядан сабак берчү.

– Ооба, ооба. Кантип билбей калайын.

– Ошо биздин Саксагай азыр жылкычы, мугалимдин акчасы менен жан багуу кыйын эмеспи. Айла жоктон ошентти.

Ушу саам Саманчинден эмнегедир сөз качты.

– Саксаңдай адам болорбу, тагдыр карабай койду аны. Болбосо... Эки жылдай чааралекей канар сумка көтөрүп соода да кылды. Иши жүрүшпөдү. Кел, көчүк басалычы, сага Саксаң жөнүндө шашпай айтып берейин.

– Отурса отуралы. Анан?..

– Саксаң оңой тагдырга кабылган жок. Бала окутту, товарга жону жооруду, айтор, тагдырдын кеги бар белем, кабыргасынан түтөп отуруп калды. Анан жылкы багып кетти. Ошо турмушунан айтылган бир укмуштуу кеби бар. Айтууга кыйын, айткан күндө да өзүндөй болбос.

– Ал эмне деген сөз?

– Бул жердегилер ага анча деле маани беришпейт. Анткендиги биз деген башкалардын ишин жасап, отун жагып жүрбөйбүзбү. Антпейин десең элден чыгып каласың, очогуңдан от өчөт.

– Түшүнбөй турам, ачык сүйлөп, так түшүнтчү, байболгур. – Арсен тигинин табышмак сөзүн билгиси келди.

Ташафган сөз жоготкон адамдай карайлай калып үн катты:

– Көр сооданын айынан барбаган жери жок окшойт. Андайларды бу тагдыр үмүтүнөн жетелеп каалаган жерге алпарат тура. Ал ошо куу турмуштун айынан кулдай куурап жүрүп уккан окшойт. Араб өлкөлөрүн, жанагы мунай Кудайы болгондорду, бейиште жашаган эмират, сауд дегендерди желмогузундай жек көрөт. Саксаңдын айтканына караганда бу өлкөлөр мунайзаттын арам тамактары, Кудайдын бекер байлыгынын баасын атайы көтөрүп, ошонун эсебинен кутуруп жатышат. Анын ою боюнча арабдар адам эмес, жер канын соргон жезиттер.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.