ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Ооба, ошондой дечи. – Арсен Саманчин салабаттуу үн катты. Бул баарына белгилүү, бүт дүйнөлүк кырдаал. Мунай долларларынын ооматы октой учуп, асманды тээп жатпайбы.
— Аның туура дечи. Араб байларын айтат. Биз укпаган, биз билбеген, түшүбүзгө да кирбеген иштерди жасайт экен. Дүйнөдөгү эң кымбат машиналардын жарышын Сахаранын кумунда уюштурушат имиш.
– Сахаранын?! – Арсен Саманчин уккан эмес окшойт, аны таңдана тиктеди. – Кудай ургурлар десе, мындайды билчү эмесмин. Тоолордо коркунучтуу жолдор менен жарыш уюштуруп тамашага баткандар бар эмеспи, ал эми эшилген кумда андан да кызык болсо керек.
– Ошол эле болсо мейли го. Элестетип көрсөң, Арсен, буларды Саксагай өз көзү менен, жана да телевизордон көргөндөрү боюнча айтып берген. Анын сөзүн укканда оозубуз ачылып, көзүбүз чанагынан чыгып кете жаздаган. Жарыштырган машиналары кандай дейсиң, ооба, тигинин айтканына караганда андайлар бизде жок, чөнтөгүбүз түгүл баштыгыбыз да жетпейт, шефтики да алардын жанында кол араба болуп калат дейт, бул жипти деле эмираттарданбы, Кувейттенби, айтор, ошо жактан айдап келишкен деп жүрүшөт. Жанагы супер жип жарышка түшкөн айдоочулар машыгып бүткөн немелер дешет. Бархан-сархандардан өтүп, кум чокулардан секирип, айтор, машинаң жаны ачыган адамча боздоп ыйлайт экен. Кум жиреген машиналар алиги океандын толкунун алакандай тактай менен ойкуп-кайкып жиреп жүрүшпөйбү, ошондой дейт. Ошо шайкелеңдеткен тактайды эмне дечү эле?
– Албы?.. Серфинг болсо керек эле. Англисче айтылган сөз, мааниси деле жок. Анан?..
– Ошо шайтандай ойноктогон тактайга туруп алгандай болуп кум сапыра жарышышат. Ар бир жиптин жөнөгөн жери, жетер марасы өз-өзүнчө болот дейт. Марага акыркы болуп келгенди каражолтой, жолу катуу катары санашып, аны жок кылышат экен. Андагылардын бардыгы чогулуп, бензин чачып өрттөп салышат деди. Машина күйүп бүткөнчө ырдап, бийлеп, «каражолтой каскакты жок кылдык, ишибиз илгерилейт» дешип көңүл ачышып, шампан аттырышып куунашып, кыларга иши жок, бекерчиликте жүрүп байлыкка көмүлгөн арбак ургурлар ошентип сайрандашат экен. Акчага чиренген иттер да, эртеси кайра жаңысын сатып алышат дейт. Алар үчүн андай жиптин акчасы акча эмес, бекер жатып эригип машинасын өрттөп, кумарга батып, черин жазып алды да. Ошол ыракат экен. Карабайсыңбы, бир мезгилде бул акмактар ошол кумдуу чөлдөрдө төө минип, Кудай сактай көр, сөөгүм кумда калбасын деп барса келбестен Жаратканга жалынып араң жүрүшкөн көчмөн арабдардын тукуму экенин унутуп отурушат. Адам сыпатынан кеткен макоолор.
Арсен Саманчин нес боло акыл жоготту. Чекесине исириктеп чыккан терин жай сүрттү.
– Ошондой бекен? – Шалкы бош үн катты. – Андай болсо аларың акмак экен, көңүл ачуусу ошол болсо... Кылымдан-кылым Кудай деп, өлбөстүн күнүн көрүп, ошо кумду кечип тиргилигин өткөргөндөр эми минтип Теңирге жакпас иш кылабы?
– Ошону айтпайсыңбы?! Жер алдынан суудай агып чыгып жаткан акчадан улам көөп жатышат. Бу дүйнөнүн жалган-чынын ажыратар адам жок. Бирөөлөр тигинтип эрмек үчүн машина өрттөп көңүл ачып жатышса, башкалар, мисалы, мына бизге окшогондор мектепке барар балдарына бут кийим сатып бере албай томсоруп отурушат.
– Мен түшүнөм. – Арсен Саманчин аргасы качкан айыптуудай сүйлөдү. Анан кантмек, жанагы кыларга кылдай иши жоктор тигинтип тамаша үчүн «Жиптерди» өрттөп жыргап жатышса, башкалар минтип балдарына бут кийим сатып бералбай, алардын жалдыраган көздөрүн тике карай албай жер менен жер болуп жүрүшсө, турмуштун ушу карама-каршы көрүнүшү анын дилине канжар сайып, көңүлүн кароолонтту. Ырас, ал мындай сүйлөшүүнүн болорун күткөн эмес, кирди-чыкты сөздөр айтылат деген. Кыжыры кылыч миз болуп жаалданып алган Ташафганды жубатуу үчүн мындай деди:
– Болбогонго зээн кейитип, ачууланбагын, дос. Сени түшүнүп турам, аларга да кези келет, жасагандарынын жазасын алат. Жашоонун өз мыйзамы бар.
– Ооба, а мен ага капаланбайм. Уккан сөз, ошону гана сага айттым. А бирок Саксагай айтса чыдап угуш эң кыйын, кыжыры кайнап, кайың ыйлап, тал сыздап, таш жарылып, суу күйүп жаткандай айтат. Карөзгөйлүктү жек көрөт, дили таза, пейили ак. Биз аны түшүнөбүз, жашырганда эмне, араң жубатып, жүз грамм алып беребиз.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.