ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

– Туура, бирок андай нерсеге көп деле көңүл бөлбөш керек. – Арсен аны далыга таптап койду. – Ал жактагы адамдардын байы бай, а бирок алар мен билгени биздей эле. Жанагы Кудайын тааныбагандар өздөрүнчө топтошуп кесири башын жээр иш жасап жатышса керек. Андайлардын сурагын Кудай өзү берер, а бизге келчүлөрдөн пайда көрөбүз. Алар олжолуу болсо, биз да бирдеме алабыз.

– Андай болсо мейли, биздин шеф иштин көзүн көргөн адам. Мына, баарыбызга бизнес-артелди ошо киши уюштурду. Мергенчилик иштин ооматы шамалдай болот, кармасаң кармадың, болбосо жок. Көрө жатарбыз.

Арсен Саманчин анын оюн иле калды да, ошо замат ага тамаша кошту:

– Кудай бизге ушу мөңгү барстарын бергенине ыраазы болуу керек. Алар бизде жок болсо мергенчилик да болмок эмес. Бектур аганын контракттары кайдан түзүлөт эле?..

– Ошо да, – деди ал. Эмнегедир добушу да, турпаты да олуттуу боло. – Биз барстарды саткан болуп жатпайбызбы! Андан башка эмне кылмак элек? Алар менен контракт да түзө албайсың.

– Катырдың! – Арсен Саманчин кырдаалды оңдоюн деп күлдү. – Барстар менен контракт түзөт дегенди биринчи угуп отурушум. Сөзүңө баракелде, өзүңө ыракмат. Эми эс алалы, мейлиби? О'кей?

– О'кей! Сени бир азга кармап койдум окшойт. Күн да кечтеп калыптыр, эс ал. Эртең жолугабыз, эсиңден чыгарба, макулбу? Сен мине турган атты ала келебиз.

– Жакшы, Ташафган, жакшы. Билесиңби, мага айтып аткан ат көргөзүүнү шаардыктар ат таанытымы болот деп коюшат.

– Ой, сен эң туура айттың. Ат таанытымы! Шефке ошентип эле айталы. – Анан ал коштошуп жатып минтип койду: – Ат го бар, а сенин өтүгүң барбы? Ат миниш үчүн атка жарашкан өтүк да болушу керек. Жок болсо ачык айткының, татыктуусун тандап жүрүп табабыз.

– Кам санаба, баатыр, эски өтүгүмдү ала келгем.

* * *

Ушуну менен бу күн да өмүрүн таштап баратат. Талыкшыткан жол азабы аны жаздыкка тартып турганда шефтин өзү – Бектур ага телефон чалып калды. Жана унутса керек, араб ханзадалары келери менен улуу тоонун этегиндеги Дасторкон өтөгүндө өргүй тургандыгын билдирди. Туура, жылдызы жерге төгүлгөн, айдын нуру ак жибек болгон бу керемет жаратылыш койнуна мындай даражалуу меймандарга эс алар жай ырастоо кыйын иш. Ошон үчүн эртең, майда-барат иштерди бүтүрмөккө түштөн кийин жолугушмак болду. Анан үч күндөн кийин араб мергенчи-меймандарын Олуя-Ата аэропортунан кантип тосуп алуу маселеси талкууланмак. Ошондон баштап Арсен Саманчиндин ким экендиги билинмек, келери кандай, дегени эмне, жакканы кайсыл, айтор, күнү-түн дебей бул жердегилер кыргыз араб ханзадасынын көзүн карап калышмак. Анан да мергенчилик деген өзүнчө дечи, атат, кетет, а бирок аларың кандай адамдар, кыял-мүнөзүн, мамиле-жосунун ким билип коюптур... Айранга талкан чалгандай иш эмес. Бүт бардыгы Арсенден гана башталат.

Канткен менен Арсен Саманчин өз милдетин ак аткармак, ага жан-дилин берип койгон. Ошо телефондон кийин ал жаздыкка башын койду, кирпик кагардын алдында эмнегедир жанагыл Ташафгандын айткандарын кылт эстеп ийди. Эмнеге ал мынчалык туталанып алган? Ага кереги барбы? Кызык экен...

Жай бышкан кездин ал күнүнүн ошо маалында улуу тоолордун коюн-колтугуна кирген кара буурул жылан чаар түн карайгандан карайып, күн нуруна күлүп турчу капчыгайларды өтөк өйдө жутуп барат. Түн уюган сайын тоо тулаңын чыйрыктырган жай суугу кыштагыдай күчөөдө. Тоо турмушу таң күтүп, тиргилигин токтотуп өлүк түндүн койнунда өлүк сымал тунжурап жатат. Бул жердин жашоо-жазмышы жаралгандан ушундай, көз жашындай мөлтүрөгөн көк асмандын чачылган мончогундай жылдыздар магдыраган тоолорду кытыгылагысы келип, аларга барган сайын жакындап келет, ак шайы кийген булуттар да кыл чокуларды аяр сылай, жай каалгыйт, ак бермет шуру-көбүгүн жээгине чачкан тоо суусу баш көтөрүп көз ачалбаган жымжырттыктын кучагында эркелеп жатты.

Ушул саат, ушул жакта, өлүмдүн жолу башталган Үзөңгүлөш ашуусунун алдында, суук тумшук жек көрүндү болгон кайран Жаабарстын каңырыгы түтөп, кара башын кайда катарын билбей, таман тилер корумдан өтүп, дилыйын ыйлай сооротуп, кумурсканын изиндей үмүтүнө таянып, дагы бир жолу дагы бир түнгө калуу үчүн жатар жай издеп жүргөн. Анткени анын ашуу ашмагы дагы бир жолу азабын колуна карматып койду. Жол берер жай капортосунан ооп барат, ал болсо жок болот да, кайра келет, кайрадан жанын оозуна тиштеп, бу ажалдай ашууну ашып кеталбай кетет. Өлүмдөн башка токтотпос кармаштын аягы бу жолу да эртеңкиге калды. Шамал өткүс чер токойдогу куштардын түнү бою үн алышып чыкканы негедир ага жаккан жок, түн үкүсүнө да ошондой болду белем, тигилерди жактырбай күңкүлдөп тилдеп жаткансыды. Баарынан да Жаабарска буга чейин күндүзү да, түнкүсүн да угулбаган адамдардын тээ алыстан үзүл-кесил чыккан бир башкача добуштары азабоюна тикенектей сайылып жаткансыды. Кайдан келишти? Башталышы да, аягы да жок түбү тешик бу дүйнөнүн түндү күн, күндү түн кубалаган жашоосунда таш тагдырдын айынан ушул тоолорду кайгуулдап кезип жүргөн кайындалган Кызкайып менен Жаабарстын билери болуп билсечи. Сүйгөнүн күйүп издеген Кызкайып ушу азыр кайда болду экен? «Кайдасың сен, кайдасың сен, каралдым? Үн катып койчу, үн катып койчу мен үчүн. Мен Кызкайып кайындалган колуктуң. Кайдасың сен, кайдасың деп, какшап жүрөм чакырып, сен деп чуркап, сен деп жетпей баратам. Сансыз таңды сыздап ыйлап атырып. Кайдасың сен, кайдасың сен, каралдым». Кызкайып бул мертебе жаны чыгып бараткансып кыңкыстап онтоп боздоду: «Эми кандай күн келет да, эми кандай түн болот, ай?! Эми кандай түн келет да, эми кандай күн болот, ай?! Күн акырын ала туйгансып ал эмнеден коркту экен?..

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.