ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Жаабарс Кызкайыптын армандуу куса-күйүтүнө, безбелдектей безилдеп коркконуна чыдабай ордунан турду да, жойкун из менен башка жакка баш уруп кетти. Кызкайыптын муңарман кусасына, алда не сезип сыздаганына анын кандай тиешеси бар эле? Бир Кудай өзү билбесе...
VII
Босого бойлоп турган алаамат бир Кудайдын өзүнө эле эмес, бу жалгандагы кимдир бирөөгө кыйыр болсо да, аян-белги аркылуу ишарат берет тура. Чети менен чеги жок кара жердин бир капталынан башка бир капталына – Кызкайып жашаган аймакка келип, Туюк-Жардын тоолорундагы барстарга мергенчилик кылууга кумар арткандар бар экен.
Арсен Саманчин ошо таңда эрте турду да, сакал-мурутун алып, кузгун жашындай мезгил кызмат кылган жуунгучтан жуунду. Эжеси анын таза сүлгү менен аарчынганды жакшы көрөрүн билчү, ошондой болду, айтор, анын көңүлү көтөрүңкү. Эртең менен сыртка чыгып, күнөстөп отурайын деп терезеден сыртты караган, аба ырайын айта көрбө, мээлүүн жели мемелеп, туулган жеринин жытын алып келген, чайыттай асман калкалап турган тоо кыркалары сүрөтчүнүн сүрөтчүсү тартып бере алгыс абалда шаңкайып турган экен. Мөңгү барстары ушундай гана жерде болот. Аңгычакты чөнтөк телефону ыйлап ийди. Болду-болбоду шеф Бектур ага, кечээги сөздү уланта талкуулайын деп жатса керек дегиче телефондон таптаза англис тилинде сүйлөгөн үн угулду. Тоо койнунда али мынчалык англисче суудай билген адам жок эле, кайдан чыкты?
Үн жандуу, угумдуу экен, тартынбай сүйлөшсө болот.
– Ак таңыңыз кут берсин! Жаңылбасам сиздерде азыр таңкы убак го? Кечиресиз, сиз Арсен Саманчин мырзасызбы?
– Ооба, ооба! А сиз кимсиз, кечирип коюңуз, кайдан чалып жатасыз?
– А-а, менби, мен кайсы бир жагынан сизге кесиптеш болуп кетем, Хасан ханзаданын эл аралык байланыш кызматынын басма сөз катчысымын, атым – Роберт, жөн айткандай Боб Лукас. Таанышып алалы. Англис тилин суудай билет экенсиз, сиздердин эл менен сүйлөшкөндө өзүңүз тилмеч болуп бериңиз, анткени биз силердин жериңиздерге мергенчиликке баратпайбызбы? Угуп жатасызбы?!
– Эң сонун угуп жатам! Ооба, мен тилмеч болуп берүүгө аракет кылам. Кайдан чалып атасыз, Боб урматтуу!
– Кайдан болмок эле, урматтуу Арсен. Спутник байланышы. Дүйнөнүн каалаган жерине, кааласак космоско да чала беребиз. Биздин ханзада таксырлардын ошо космос орбитасында спутник байланышы бар. Качан, кайда жана кай жерден болбосун чала беребиз. Мына азыр мен алыскы Азия тоолорундагы сиз менен сүйлөшүп жатам. Спутник байланышы ушундай, сиздердин мөңгү барстарыңыздарга мергенчилик кылганда алар менен акыбал сурашып койгонго да кызмат кылып калышы ажеп эмес. Кечиресиз, муну жөн гана тамаша үчүн айтып жатканым.
– Эч нерсе эмес, урматтуу Боб, күлүш да керек. А бирок барстар менен байланышууга болбостур...
– Ооба, ооба, мергенчиликте илбээсиндин көп болгону олжо го. А барс дегениң жолборстордой эле сейрек жаныбар, демек, таңсык товар, пайда санына жараша эмеспи. Улуу урматтуу ханзадалар аңчылыкты спорт деп карашат, ошондуктан сиздер менен биз болсо илбээсиндин саны көп болсо деп, илбирс-барстын териси жерге батпай жайылсын деп бир Алладан тилейли. Андай болгон учурда бизге дагы, сиздердин «Мерген» аңчылык фирмасына да жакшы. Фирманын эл аралык бедели көз ачканча көкөлөйт.
– Туура, Боб, туура.
Арсен Саманчиндин башына дагы башка ой келди. Карасаң муну, маалыматтык технология дегениң адам түгүл жырткычтардын ийин-ченине чейин жетиптир, аларды космостон аңдып турат экен да. Тоолордогу жан-жаныбар аттуулар спутник байланышы алардын сары изине чөп салып, кызмат кылып жатканын билер болсочу.
Басма сөз катчы Роберт Лукас сүйлөшкөндү сүйгөн жан окшойт, ага жагып калды. Иш да унут калган жок, мергенчилердин келиши, алардын тейлениши, айрыкча араб ханзадаларынын самолёттон түшүшү, анын жол-жоболору, тосуп алуу жөрөлгөсү, айтор, керектүүлөрдүн көбү макулдашылды. Айтканына караганда алардын самолёту өтө жогорку даражадагы адамдарга ылайык келген «Боинг-727» деген экен. Экипаж аларды аэропортто күтүп турмай болуптур.
Ал бул сүйлөшүүдөгү зарыл маалыматтарды шеф Бектур агага кабарлоо үчүн кол дептерине жазып койду. Шеф азыр Дасторкон жакта, жай ырастагандарда, келери менен сүйлөшмөк. Макулдашкан сөз ушул.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.