ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Эми мине турган атын көрмөккө, өздөрүнчө анын таанытым шаанисин жасагысы келген Ташафгандын беш айдакчысына барыш калды. Барбаса да болорбу, ошо Ташафган, үрпөк чач Саксагай үчөө бир класста окуган, калгандары булардан эки-үч жаш кичүү. Эң башкысы бир айылдын кулундары, өз дегендер, анын үстүнө бир убакта бүт баары бир мектептен окушкан. Ошондой, а алар окуган мектептин шифер менен жабылган чатыры эскирип, анысы аз келгенсип жепирейип калганын кечээ келатканда байкаган, учкан уяң кайдан гана унутулсун.
Эртең менен Ташафган менен Саксаң саксагай келген маалда ушуларды ойлонду. Бирок алар классташтык баарлашууга гана эмес, аны башка бир ой менен да чакырышкан экен, Арсен Саманчин бул жөнүндө билген эмес. Мектепти көздөй жөнөштү. Жол үстүндө Ташафган тамашага чала айтып калды:
– Арсен, эсиңе алып кой, сени менен бир мектепте окуган досторуң азыр бойдокпуз.
– Кантип бойдоксуңар? Эмне болду? – Арсен чын эле таң калды.
– Бас, баса бер, корко турган эч нерсе жок, азыр айтып беремин.
Үрпөк чач Саксагай бир нерсени билгендей жылмая, баш чайкап койду.
– Биздин бойдок экенибизди бүт айыл билет. Болбосо сени мектепке эмес, үйүбүзгө чакырып сыйламакпыз да.
– Койгулачы тамашаңарды!
– Койбой эле, Арсен, сен биз үчүн кадырлуу адамсың. Кайдагы тамаша. – Ташафган кебин улай берди. – Азыр мектепке барабыз, аерде деген эч ким жок, бүт бардыгы каникулга кеткен. Кароолчусу бар эле, чөнтөгүнө акча салып, алигиден алып ал деп үйүнө жөнөттүк. Бала-чака азыр жайлоодо, ошон үчүн бойдокпуз. Ошондуктан алтообуз мектепке чогулалы, ээн-эркин сүйлөшөлү дедик. Аттар короодо. Ушундай. Ак-Сай суусунун өйүз-бүйүзү эсиңде чыгар, ошол жерлерди жайлайбыз. Мурунтан келаткан салт, азыр ал бизге өткөн.
– Ошондой да, а эмне үчүн андай болбошу керек? – Саксагай коштой калды. – Эркиндик! Кайда барсам өзүм билем, колхоздо белек!
– Ошо колхоздун жогуна өкүнөм. Мейли, ал арманды анан айталы, – деди Ташафган. – Бул жакка болсо шеф Бектур ага өзү чакырган, аңчылык деди, анда биз айдакчы болобуз, ага жарар иттерибиз бар. Билесиң да, Арсен, илбирс-барстарды тигилер атып алгыдай буктурмага кубалаш керек. Антпесе аларды атыш кыйын, атмак түгүл кароолго да илинбейт, капылет алдыңдан чыкса кол салуудан жазганбайт, жара тартып кете берет. Айдакчы жакшы болсо, мергенчинин канжыгасына олжо байланат. Ошондой болсо экен деп жайлоодон жетип келгенибиз.
– Анан дароо бойдок боло калдыңар. – Кеп төркүнүн түшүнгөн Арсен күлө сүйлөдү.
– Анан эмне кылабыз? Бирок мунун убактылуу экендиги өкүнүч болуп жатпайбы! – Саксагай үрпөк бурк этти. – Кайрадан жайлоого барабыз, кайрадан жүгөндү башка салабыз, пайда жок. Мал арзан, мээнетиң кайтпайт, ого бетер итке мине бересиң.
Арсен бир нерсе айтайын деп бараткан, Ташафган сөздү жулуп кетти:
– Мейли, Саксаң, бул жөнүндө анан сүйлөшөлү, сүйлөшкөндө да кызыл чеке түшөрбүз. А азыр башка жөнүндө ойлонолу. – Экөө тең үн дебей калды.
Ушундан улам Арсен аларга эртең менен ханзада Хасандын басма сөз катчысы Роберт Лукас Эмираттан телефон чалганын, кандай сөз болгонун айта баштады. Бул аларды мынчалык кызыктырат деп ойлогон эмес, жантыгынан жата калып, мектепке барар-баргыча сурап-тактап отурушту. Жанагыл спутник байланышы дегени алар үчүн өзүнчө эле ачылыш болду.
– Мына сага! – Ташафган дилинен жарыла сүйлөдү. – Аларың балакет экен. Өздөрүнүн спутниги аркылуу төгөрөктүн төрт бурчуна буйдалбай телефон чала беришет турбайбы! Биздин тоолордон, андагы капчыгайлар менен мөңгүсү кетпеген үңкүрлөрдөн эч ким, эч кимди уга албайт дейли, а тигилериң шумдук го, космоско да, Эмиратка да, Европага да, ал тургай Америкага да телефон чала беришет тура. Укмуш экен!
Ал экөөнү араб ханзадаларынын ааламда жоктой самолёту аң уулоо бүтөр-бүткүчөктү аэропортто күтүп тура берери да эмнегедир аларга да тиешеси бардай кызыктырды. Кыязы, пендечилик көз артуудан улам го.
– Карасаң! – Камгактай кара чачы желкесин жапкан Саксаң үрпөк. –Карасаң, ой! Килейген «Боинг» учкуч-мучкучтары менен кожоюндарын күтүп турушат экен да. Мен көтөрүнүп соода кылып жүргөндө бир мүнөткө да кечигүүгө болчу эмес, уччу да, кетчү, сен түштүңбү, түшкөн жоксуңбу, түкүрүп да койчу эмес. Булардыкы жыргал экен. Каалаганда келем да, каалаганда кетем. Акчанын күчүн карачы!
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.