ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

– Самолёттун токтоп турганы, демек, ханзадалар каалаган учурда учуп кете беришет экен да? – Ташафган тактап койду. – Менин атым гана бар, тигине короодо турат, кааласам байлап коём, кааласам бошотуп жиберем, минем, чабам, айтор, өзүм билем.

– Кыязы, бул алар үчүн эч нерсеге арзыбаган нерсе болсо керек, – деди Арсен Саманчин түшүндүрүүгө аракеттенип. – Иш чыкса самолётко отура калышат, учкучтары даяр турат.

Ушинтип жатып ал үчөө бир убакта өздөрү окуган, тамга таанып, билим алган, азыр минтип тагдырдын буйругу менен зарылы ашкан ишке баш байлашып, ошондон улам мектепке келип отурушат. Мындай болору биринин да башына келген эмес, ойдо жок жерден аңчылык бизнес дегени чыга калып, анан ошо кызыкчылык аларды бириктирип турганы.

Арсен Саманчин көптөн бери мектебинде боло элек эле. Алардын мектеби айыл четинде, өзүнчө окчун жайгашкан. Кээде бир иштер менен анын жанынан өйдө-ылдый каттаганда көз кырын салып өтчү, атайы чыгынып барып, өткөн бала чагына, өспүрүм-жигит кезине дил туюму менен кездешпеген эле. Ошо мектеби мына, канткен менен сезимде жашап келген экен, көңүл дүйнөсү көтөрүлүп, алда кандай таасирден улам эреркеп кетти. Мезгил алчусун алыптыр, тегеректеги үйлөрдүн чатырындай эле мектептин шифер чатыры жепирейе түшүптүр, эшик-терезелери кагжырап бүткөн, а мектептин турушу баягыдай экен; жанталаша жүгүрүп жүрчү короо мына, коридору турат, анан класстар...

Жана Ташафган Арсенге мектепке эле чогулалы дегенде ал негедир өзүн ыңгайсыз сезген, мектеп деген мектеп, мындай кезде чай-пай дегени үйдөн болчу эле деп ыңгырана калган. Директору менен макулдаштык, ал бир жакка кетти, үй-бүлө болсо жайлоодо, шарт ушундай, мектепке эле баралы деп акыбалды алаканга сала түшүндүргөндөн кийин Арсендин көөнү көшүлүп, тигилердин агынан жарылып жатканына ыраазы болгон. Күн жанагыдай эле чайыттай ачык, канча кылым кар баскан аска тоолор да эртең мененкидей шаңкайып турат, ааламда жок мөңгү барстары менен жан-жаныбар ошол керемети кел бери деген жерлерде жашайт деп ойлоп койду. Ошондой эле куш аттуунун бардыгы ушул тегеректе эле каалагандай учуп жүрүшчү, аларга эч ким тийчү эмес, кайра аларга адамдар суктана карашчу.

Ташафгандын беш айдакчы аталгандарынын үчөө мектепте экен, алар Арсен Саманчинди жылуу тосуп алышты, ошондон кийин эле бул топто тартип аскердегидей катуу экени туюлду. Ташафган буйрукчул экен, тыякка бар, биякка кел, бу жерге отур, алып кел, алып кет, айтор, командирдин өзү, а тигилер болсо айтканын айткандай аткарып жатышты. Ичип алып калжандаган адам жок. Ал атына өзгөчө шаан-шөкөт менен минди, мектеп тегерегин бир айланып чыкты. Ак боз атта айып жок, жүрүшү жеңил, ээр-токуму жарашыктуу. Ошондо атты Ташафгандын өзү жетелеп келген:

– Ардактуу Арсен, биз бүгүн, кечээ күнү өзүң айткандай мине турган бууданыңдын таанытымын өткөрүп жатабыз. Сенин ушуну билип өтүк кийип алганың жакшы болуптур. Мына сенин тулпарың, төрт аягы төп келген Камбар тукуму. Арабдар менен ары-бери чабасың, а биз болсо барстарды койдой айдап беребиз.

Бүт баары күлүп калышты.

– Ыракмат, мен дагы арабдар ыраазы болгондой кызмат кыламын. –Арсен айылдаштарын алкады.

– Анда эмесе биз окуган классты көрөлү, кандай гана кайталангыс кез эле, агайлар менен эжейлер... Азыр болсо мугалимдер мектептен кетип калышкан, а биз болсо барстарды арабдардын мылтыгынын кароолуна илинип калса экен деп Кудайга жалынып отурабыз. Бирөөлөр минтип мергенчиликке «Боинг» минип келишет, а биз болсо жан багыш үчүн...

Аларды бу турмуш да жакындатып койгон окшойт, бүт бардыгы үн дебей баш ийкешти. Арсен ошо маалда айланага көз чаптыра калды: мектеп ээн, токулуу аттар байланып турат, канаттуулар ары-бери каалгып учууда, ал эми адамдардын дил-көңүлү тынч эмес окшойт. Ташафган кыйытып айткан көйгөйлөр турмуш чындыгы, а эл деген андан да ашыра айтат, айтор, жашоо оорлошту. Кайда барбагын Мамайдын көрү.

Класстарды кыдырып бара жатып, Арсен Саманчиндин байкаганы бул болду: көптөн бери акталып сырдалбагандай, мектептин ичи деле эскирип бүткөндөй, болгону мурдагы үстүнүн жарымы ачылып-жабылма парталар, орундуктар, анан доскалар да жаңыртылыптыр.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.