ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

– Саат он бир болуп калыптыр, туугандар. Эми убакытка уттурбай, Арсен, өзүбүздүн класска баралы, парталарыбызга отуралы, сүйлөшөлү, – деди Ташафган саатын карай.

– Жок, эжемдикине эле баралы, ошерден жайма-жай сүйлөшөбүз.

– Жок, жок, Арсен, биз азыр өзүбүздүн классыбызга кирели. Анан...

– Болуптур.

– Кир, кире бер. Столго бетме-бет отуралы, келгиле.

Алар терезенин жанына, тоолор көрүнүп турган тарапка отурушту. Ээси жоктой ээнсиреген мектепке Арсен Саманчинди эмне үчүн чакырышканы ага али да болсо белгисиз болчу, ошондуктан ал беймарал отурду. А Ташафган бүт баарына көңүл коюп, алдын ала көөнүнө бышырып алган сөздөрүн айтып кирди.

– Арсен, көңүл буруп угуп тур, биздин сага айталы деген сөзүбүз бар.

– Угуп жатам. Эмнеге түнөрөсүңөр? Бир жамандык болдубу? Жакындардан бирөө-жарым көз жумдубу? Биз тууганбыз, жакын адамбыз. Андай жамандык болгондой болгон жок эле. Анан калса баарыбыз ушул мектептен окубадык беле?!

– Андай эмес, Арсен. Кеп биздин кайдан окуганыбызда, кайда жашаганыбызда эмес. Ооба, сен биздин бир тууганыбызсың, сен биздин мейманыбызсың, а бирок бүгүн сен биздин колубуздасың. Ошондуктан биз сени бул жёрге эмнеге алып келгенибизди, мындан ары эмне иш болорун сага билдирип коёлу дедик.

– Токточу, эй! Биздин колубуздасың дегениң кандай? Ат бердиңер, аныңарга ыракмат, эртең-бүрсүгүнү шаарга кетем, а ат бул жерде, силерде калат.

– Сенин кетериңди же кетпесиңди ким билет.

– Кандайча? Ачык айткылачы.

– Ачыкпы? Анда алкымга бычак такашкандай сөз болот.

– Эмне?! Койсоңорчу нары, силер эмне, мени келесоо деп ойлойсуңарбы, же Ташафган, сен өзүң жинди болуп турасыңбы?

– Кызаңдаба сен. Сөз ушундай болуп кеткенине мен күнөөлүүмүн. – Өңү кызарып-татарган Ташафган ордунан козголду, беркилер да кооптоно кыймылдап калышты. Ошо маалда мектеп короосунда, ошо терезе тушта жүргөн, буларды карап да койбогон короочу ит арсылдап үрүп калды.

– Карап келчи! – деп буйра сүйлөдү Ташафган четте отурган айдакчыга. – Бул жакка бир да жан келбесин, итти кубалап ий, тегерекке адам аттуу жолобосун!

Мындай болорун күтпөгөн Арсен Саманчин ордунан шарт туруп, класстан чыгып кетейин деди эле, аны байкай калган Ташафган шадылуу колун ийинине коюп, тургузбай койду. Ал ордунан обдула калып, Ташафгандын колун түртүп жиберип туруп кетүүгө умтулган маалда ит үргөн короо жактагы ачык терезеден айтканынан кечигип калгандай шашкалактаган, куду баягыдагыдай, өз үйүндө Бектур ага менен отургандагыдай эки чабалекей октой учуп кирип келишти да, бир нерсени кабатыр боло кабарлап же алда нени алдын ала айтып жаткансып безелене кооптоно сайрап, шып алдында айланып жүрүштү. Уясын бирөө бузгандай чырылдайт. Сыртка кууп жиберишсе да, алар кайрадан чый-пыйы чыга учуп келишип, бекем жабылган терезеден ичкери кире албай, канаттары менен айнекти улам кайра ургулап, кимдир бирөөнүн алда кандай аманат сөзүн билдире албай, кыйышпастын кыйышпаска кыямат болор күндү айткан кабар-саламын жеткире албай, балапанын жылан соруп жаткансып безбелдектей безене сайрап чырылдап, айланып уча беришти. Арсен Саманчин өзүн азыр өлгөн жандай жоготту. Бул эмне? Жазмыш дегендин жан ала турган сырыбы? Жан кыямат болору жакындап калды дегенин айткан чагыбы? Чабалекейлер ошондон аян берип жатабы? Каш кагымда чагылган болуп келген ой аны акылдан адаштырды.

Өз үйүндө да, өзү окуган классында да эмне үчүн чабалекейлер безилдеп анын артынан жүрөт? Бу мертебе да алар чырылдап сайрап, сүйлөшүүгө эч мүмкүндүк бербеди. Ошондон улам алар чабалекейлерди жөн гана сыртка кууп чыгышты, жайбаракат сөз уланталы дегиче алар кайрадан класска кирип келишти эле, жадашкан айдакчылар антсеңер мындай кылалы дешип терезелерди таптакыр жаап салышты. Антсе да тигил экөө болгон жок, терезенин сыртынан айланып учуп, кайра-кайра айнекти чырылдаша канаттары менен чапкылай берди. Ушу маал, ушу кырдаал эки чабалекейге кошулуп, кубаласа кайра келген, короо кайтарган жалгыз ит да мурдагысынан алда канча жаалдана үрүп жатты. Саксагай Саксаң ошондо мындай деди:

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.