ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Тигил жакка өтөлүчү, ал жердеги класс бир аз чакан, а бирок тынч. Антпесек бул жин тийген чабалекейлер жан коё турган эмес. Бул тарапта алардын уясы бар, ошондон улам алардын чый-пыйы чыгып жатат окшойт. Кеттик тиякка.
Ошондой кылышты. Арсен Саманчин жанагы сөздөрдөн кийин алда неге кооптонуп, сабыр кармап, ичинен тына баштаган. Айдакчыларга да, Ташафганга да каяша айткысы келбей калган, аларды негедир кыртышы сүйбөй, алака-катышы жоктой болуп, жакын арада бир нерсе, адаттан сырткаркы, тагдыр-жашоосун сынай турган, а балким, трагедия менен аяктай турган бир нерсе болорун дил туйгусу менен туюп жатты. Ал эмне болду экен? Бу жарыкта ошол иштин болорун биле турган жан барбы?..
Башка класска келип, жанагыл чырылдаган чабалекейлерден кутулган соң кыязы Ташафган бир нерселерди кайра ойлонсо керек, берки шериктерине:
– Мындай кылалы, Арсен экөөбүз бул жерде сүйлөшөбүз, а силер болсо мурда айтылгандай өз ордуңарда болгула, бизге эч ким жолтоо болбосун. А сен Култай, аттарды сугарып кел, Чоң-Таштын жанында экенин билесиң да.
Айтканы аскер буйругу экен, айтышмай жок аткарышты. Оогандан алган өрнөгү өзүнөн көрүнүп туру.
– Кабатыр болбогун, Арсен, бул жерден бизди эч ким укпайт да, билбейт, ошол себептен сени буерге алып келгенбиз. Эмне үчүн ошенттик, эми мен ошону сага айтып берейин. – Ал Арсенди бир нерсе дейби деп саамга унчукпай, сынай карады. Арсен өзүн өзү токтотуп алган эле, ал дагы үн дебестен токтоо гана баш ийкеп койду. Ташафган сөзүн улантты. – Ааламдаштыруу деген эмне экенин, жашоо үчүн кандай бийлик керектигин менден жакшы билесиң.
– Өтө эле бийик кеттиң го? – Арсен Саманчин жактыра бербей үн катты. – Ааламдаштыруу дүйнөдө болуп жаткан иш, андан көрө айтарыңды айт.
– Жакшы болот. Дүйнөдөгү байлар, аларды азыр олигархтар дешерин өзүң жакшы билесиң да, ушу бойдон асмандан түшө калгандай эле болуп кетишти. Кудайга койдум, ошентсе да эгер Кудай бизнестин Кудайы болгон болсо, анын тегерегиндеги миллиондордун бардыгы биригип келип, жалгыз ал ээ болгон байлыктын күкүмүнө да ээ эмес экенин көрүп туруп кантип гана унчукпай коё аласың? Тамырыңда кан кайнайт.
– Атаандаштык.
– Ооба. Ал атаандаштык деген ар кандай болот. Акчалуулар дагы байый берсе, биз кол куушуруп кул болуп отура беребизби?! Мына, бизге келе жаткан араб мергенчилерин алалы, кааласа баарыбызды бир ууч дилдеге гана сатып алат, а биз аларга мөңгү барстарын атып алгыла деп алардын алдына койдой айдап беребиз да, ошонубузду эрдик санап кубанабыз.
– Сен таптакыр башка жакка кеттиң, Таштанбек. Мектепте окуп жүргөндө Таштанбек элең, Ооганстандан кийин Ташафган болдуң. Эми сен башка жакка баратасың. Атаандаштык өндүрүштөн башталат, ал жерде технология да, жумушчу күчү да болот. Артта калып калбаш үчүн алар өнүгүүнү жолго коёбу? Коёт.
– Башка жакка дегениң эмне? – Ташафган анын сөзүн буза тартты. – Мен ошол эле жакка барамын жана сен дагы биз менен ошо жакка барасың. Болду! Иш бүттү! Жашагың келеби, анда сен бүгүндөн баштап биз менен бир болосуң. А биз антташып ачык чечкенбиз, ошо бизге келе турган ханзадаларын барымтага алабыз. Эмне алаясың? Оңой эле деп ойлоп жатасыңбы? Оңойго турбайт, аларга да жан керек, ошон үчүн алмадай баштын амандыгы үчүн айткан акчаны айланайын деп төлөйт.
– Эй, токточу! Токто, акылың ордундабы? Кайдагы келжиректи...
– Сен эмне, өзүм эле акылдуумун деп жүрөсүңбү? Башкаларда да акыл бар. Иш бүткөн, Арсен, жети өлчөп, бир кесилген. А сен болсо эсиңе кайра түйүп кой, өмүрүңдүн акырына чейин биз менен бирге болосуң, эч жакка кетпейсиң, кыйшаң-буйшаң дебейсиң, башка жол жок. Телекөрсөтүүдөгүдөй алып баруучу болосуң, барымтага алынгандар менен барымтага алгандарды сүйлөштүрүп турасың, биздин иш-аракетибизди туура багыттап турасың.
– Эмне, эмне?! Дөөрүгөнүңдү токтотчу! Сен өзү эмне деп жатасың? Ушул үчүн ушул жерге алып келдиң беле?!
– Коркпой эле кой, эч ким бизди укпайт. Дагы бир жолу айтайын, ортомчу-тилмеч болосуң. Алар сенин алдыңда Кудайга жалынгандай жалынат, а биз сага өмүр бою сыймыктанабыз.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.