ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Тапкан экенсиң маңбашты. Ата-энеңди баш кылып, жотоңдон бери калтырбай сөксө болор эле. Мага эмне деп былжырап турасың?! Ооганстандан үйрөнгөн карөзгөй канкорлугуңду мага айтпагын. Мен дагы сага эскертип коёюн, кеч боло электе арамза оюңдан кайткының. Муну сен кайдан ойлоп жүрөсүң?! Биздин шаарларда эркиндик, демократия үчүн демонстрацияга чыгып жатышса, анан ал аз келгенсип эл аралык чыр-чатак чыгаргыңар келеби?! «Мерген» фирмасын жок кылгыңар келеби? Башыңар иштейби?
– Туптуура айтасың! Башты иштетиш керек, эл аралык жаңжал чыгарууга болбойт. «Мергенди» да жок кылууга болбойт. Акчасы кумдай куюлган миллиардерлердин алкымына канжар такоого да болбойт, а бирок бизди, бир сындырым нан үчүн башы менен жер казгандарды жакырчылыкта тепселөөгө болот, балдарыбызды билимсиз калтырууга болот, оорусак акчанын айынан дарылана албай калсак болот. Ооба, азыр ушундай болуп жатат, байлар деген байлык-мүлкүн катарга жер таппай жатышат, ал эми жакырларды кара жер батыра албай баратат. Барымта деген биздин салтта бар болчу. Барымтага кеткендер үчүн үйүр-үйүр жылкы, короо-короо кой беришкен, чыр-чатакты ушинтип чечишкен, байлыкты элге ушинтип бөлүштүрүшкөн. Бул жөнүндө канча бир болумуштар, санжырадай санат кептер айтылып келгендиги сенин эсиңден чыгып кеткен экен да.
– Эй, Ташафган, ушинтип айта берсе болот. Мылтыктын оозу чыкыйыңа такалбай турганда ошентип ойлой бересиң. Адамдарды барымтага алууга мен катыша албайм.
– Катышасың. Катышканда да кандай. Арабдарды барымтага алар замат сен биз тарапка өтөсүң, менин буйруктарымды ханзадаларга жеткирип, аларды өзүң башкарасың. Бешөөбүздүн бирибиз да англис тилин билбейбиз, ошондуктан биз колго курал алып, аларды коркутуп тегеректеп гана турабыз, калганын өзүң бүтүрөсүң. Эмне айтышты, эмне сурашты өзүң билесиң. Биздин багыбызга келаткан араб ханзадаларын, же сен айтып жаткандай Улуу урматтууларды, үңкүргө айдап киргенде сен өз ишиңди айттырбай баштайсың. Акчасын айтып коёюн, ар бир ханзададан он миллион доллар. Ошондо жыйырма миллионду үңкүрдөн санап алабыз. Биз бешөөбүз, сени менен алты, угуп ал, биз муну эбак чечкенбиз, ар бирибиздин үлүшүбүз үч миллион үч жүз миң доллар. Көз ачып-жумганча үч миллион үч жүз миң. Биз үчүн бир эмес, үч өмүргө жетет. А сен аны эмне кыласың, өзүң гана билесиң, балким, эркектана өңдөнүп катын аларсың, Кудай сага бала берсин.
– Мага жомок айтканыңды токтоткун. Жакшылык менен эсиңе кел, Ташафган. Ойлонгун. Билип койгунуң, эч бир суммага, эч качан, эч жерде жана эч убакта сатылбайм, андай ишке башымды кесип алсаң да барбайм. Мен террорчу эмесмин.
– Биз дагы террорчу эмеспиз. Жыйырма миллион алар үчүн кеппи, менин эки тыйынымдай эле. Жыйырма миллион колго түшөр замат ханзадалар урмат-сый менен бошотулат. Сен дагы эркин болосуң.
– Мен азыр да эркинмин, менин эркиндигим сенде эмес, менин гана өзүмдө. Сенин каракчыларыңа тирүү туруп кошулбайм. Сөз бүттү.
– Эй, сен жаңыласың, досум. Сен эч качан эркин эмессиң. Мен айттымбы, бүттү, сен биздин алтынчы адамыбызсың.
– Эмне? Мен аны каалабасамчы!
– Каалар, каалабасыңды билбеймин. Каалабасаң ачык айт, анда сен бул жерден чыкпайсың. Мүрзөңдүн орду дапдаяр, ушул короодо, жалпы даараткананын артында, эски сарайды билесиңби, ошонун ары жагында болот. Сен аерди билесиң, бир эмес, миллион жолу болгонсуң, ошол үчүн ошерге мүрзө казабыз дедик. Лом, күрөк деген дапдаяр. Беш мүнөттө көөмп салабыз. Ооганды айтасың, аерде менин өмүр-тагдырым бузулду, мен да канчаныкын буздум, ушундай. Керектүү курал-жарак, үнү чыкпас тапанчабыз да бар. Билип кой, Арсен, менин шериктерим куралдын ар кандай түрүн, жадагалса гранатамётко чейин беш колдой билет. Мен сага мактанып коёюн, бул ишке көнгөн устатмын. Кыскасы, бул жерден тирүү кетпейсиң, чекеңе ок кадалат. Сени жек көргөндүктөн, же сенде өчүбүз барынан эмес, кырдаалдан улам... Ушундай, башка арга жок. Сен тигилерге чырмалышып калдың, а биз болсо сага чырмалыштык. Биз террорчу эмеспиз, жөн гана дүйнөлүк капиталдан өз үлүшүбүздү алабыз, болгону ушул, мунун эмнеси жаман?
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.